Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:23

Жорж Буш уулуна неге нааразы?


Ата-бала экс-президенттер
Ата-бала экс-президенттер

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (9-16-ноябрь).

Америка Кошмо штаттарынын экс-президенттери, ата-бала Жорж Буштардын айланасындагы сөздөр узаган аптада басма сөздө кызуу талкууланды. The Washington Post гезити буга Жорж Буштун атасы, 1989-1993-жылдары бийликте турган Жорж Герберт Буштун мемуарлар, же эскермелер китебиндеги уулунун жардамчылары тууралуу айткан пикири себеп болду деп жазат.

Жорж Буш баласы президент кезинде вице-президент болуп турган Ричард Чейни жана коргоо министри Дональд Рамсфелд 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук кол салуу боюнча туура эмес аракет кылган деп эсептейт. АКШнын 41-президенти өз уулу, 43-президент Жорж Буш 2002-жылдагы кайрылуусунда Ирак, Иран жана Түндүк Кореяны “Зомбулуктун айлампасы” деп атаганы тарыхый мааниге ээ болгон эмес, Чейни террордук соккуларга көңүлкош мамиле кылган жана Рамсфелд “адамгерчиликсиз”, “бой көтөргөн” неме болчу деп эскерет өз китебинде.

Бул китеп тууралуу New York Times басылмасында да атайын макала чыкты. Анда кенже Жорж Буштун: “Мен Чейни жана Рамсфелд менен иштешкениме абдан сыймыктанамын. Дик Чейни вице-президент катары өз ишин мыкты аткарган. Расмфелд өз кезегинде Пентагонду кесипкөйлүк менен жетектеп, коргоо министрлигиндеги иши өтө ийгиликтүү болгон. Экөөнө тең чексиз ыраазымын”, - деген билдирүүсү тиркелген. Ата-баланын көз караштарындагы мындай эки башка айырмачылык кээ бир басылмаларда кенже Жорж Буш президент болуп турганда тышкы саясат жаатындагы суроолор боюнча атасынан ар дайым кеңеш сурап турчу деген имиштерге жол ачты. Бирок Жорж Буш өзүнүн “Номур 41: атамдын бейнеси” аттуу китебинде тышкы саясаттагы олуттуу чечимдерди ар дайым өзү гана кабыл алып жүргөнүн, бирок айрым маселелерди атасы менен талкуулаганын гана белгилеген.

“АКШ кечирим сураса, Иран мамилени оңдоого даяр”

Ирандын президенти Хасан Роухани Америка Кошмо Штаттары кечирим сураса, кайрадан мамилелерди жандандырууга даяр экенин Corriere della Sera гезитине берген маегинде айтты. Эки өлкөнүн ортосундагы ымала 1979-жылдагы Ислам революциясына чейин жакшы болуп келген. Бирок АКШ менен мамиле оңолот дегени менен Ирандын руханий көсөмү Аятолла Али Хаменеи мындай божомолду четке кагып, АКШны “чоң шайтан” деп атап келет.

Бир күнү биздин элчиликтерибиз ачылышы мүмкүн. Бирок ага чейин Вашингтон Ирандан расмий кечирим сурап, 37 жыл бою жасаган катасын мойнуна алышы керек. Ушундай шартта гана оң натыйжа чыгышы мүмкүн”, - деген Роухани Corriere della Sera гезитине. Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы мамиле 1979-жылы Ислам революциясы орун алып, радикал студенттер АКШ элчилигинен 52 америкалык жаранды барымтада бир жылдай кармап тургандан кийин бузулган эле.

Орусиянын “ооган опузасы” суу кечпей жатат

Eurasianet онлайн басылмасы Орусиянын Борбор Азияга үстөмдүк кылуудагы башкы көзүрү болгон “Ооганстан опузасы” азыр аймакта жакшы “иштебей” жатканын жазып чыкты.

“Ооганстандын Борбор Азия менен чектеш жерлеринде болжол менен 4 500 ислам согушкери бар. Алар бул чөлкөмдү басып алып “эмирлик” курууну көздөйт. Айрыкча Тажикстан менен Түркмөнстандын чек арасы коркунучта”, - деген оюн айткан КМШ өлкөлөрүнүн чек ара коопсуздугу боюнча координатору Александр Манилов Астанада. Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынын өкүлү Евгений Сысоев да “Ислам мамлекети” радикал тобу Борбор Азиядагы үстөмдүгүн арттырып, анын лидерлери "Хорасан эмирлигин" түзүүнү пландап жатат деп эсептейт. Бирок Борбор Азия өлкөлөрү мындай “опузаларга” олуттуу деле мамиле кыла электигин белгилейт аналитик Жошуа Кучера.

Гонконгдук миллиардердин белеги

Daily News гезити Женевада “Жозефинанын көк айы” аттуу дүйнөдөгү чоң бриллианттардын бири сатылып, анын кардары Гонконгдук Йозеф Лю аттуу миллиардер болгонун кабарлайт. 16 караттан ашык кубулжуган бриллиантты ал 7 жаштагы кызы Жозефинага 77 миллион долларга сатып берди. Былтыр да бул бай 13 жаштагы кызы Зоеге баасы 33 миллион доллар турган 9,75 караттык бриллиант шакек жана 8,4 миллион доллардык кызыл бриллианттуу төөнөгүч белек кылган.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG