Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:20

105 жаштагы качкын кемпир Европага жетти


Ооганстандын Кундуз провинциясынын 105 жаштагы тургуну Бибихал Өзбеки.
Ооганстандын Кундуз провинциясынын 105 жаштагы тургуну Бибихал Өзбеки.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (26-октябрь - 1-ноябрь).

Европа Биримдигин качкындар көйгөйү талкалашы ыктымал экенин жазган The Washington Post гезитинин баяндамачысы Адам Тейлор макаласын 105 жаштагы ооганстандык качкын аялдын окуясы менен уланткан. 105 жаштагы кемпирди уулу менен небереси жонуна көтөрүп алып, Ооганстандан Хорватияга жетишкен. Андан ары Швецияга барууну көздөгөн Бибихал Өзбекинин тагдыры узаган аптада дүйнөлүк басма сөздө кызуу талкууланды. Ооганстандын Кундуз провинциясынын 105 жаштагы тургунун 67 жаштагы уулу менен өспүрүм небереси Ооганстандан жонуна көтөрүп, жолго чыгышып, Хорватиянын чек арасына жетишкен. “Эптеп Европага жеткени менен аны кыйынчылык баары бир күтүп турат. 2015-жылдагы 600 миңге чукул качкындардын 20 процентин ооганстандыктар түзөт. Бирок алар эңсеген Европа Биримдиги качкындарды кош колдоп тосуп алмак тургай, жүз миңдеген мигранттын агымынан улам ичиндеги ынтымакка доо кете баштады”, - деп жазат Тейлор.

Frankfurter Allgemeine Zeitung гезити качкын макамы жок бардык ооганстандыктар Кабул сыяктуу Ооганстандагы коопсуз жактарга кайра кайтарыларын маалымдады. 105 жаштагы Бибихал Өзбекинин тагдыры мындан ары кандай болору белгисиз. Уулу менен небереси болсо кемпирдин жашын урматтап, швед бийлиги баш калка береби деген үмүттө.

Кыргызстан бейөкмөт уюмдарды муунтабы?

The Diplomat аналитикалык журналы Женевада жашаган журналист Чолпон Орозобекованын Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын абалына байланыштуу макаласын басып чыгарды. Анда автор мамлекеттик эмес уюмдарды Орусиядагыдай тагдыр күтөбү деген суроого жооп издеген. Москванын мындай уюмдарга жасаган терс мамилесин Евразияда Астана, Минск, Баку жана Ташкен да көчүрүп алды. Ал тургай Борбор Азиядагы эң эле демократиялуу, ачык коомдуу делген Кыргызстанда да бейөкмөт уюмдарды "чет элдик агент" катары кароого байланыштуу мыйзамды парламент караштырды. Президент Алмазбек Атамбаев бул теманы бир нече ирет козгосо да так позициясы белгисиз. Маселен, 2013-жылы Брюсселде ал Кыргызстанга Орусиядагыдай өкмөттүк эмес уюмдарга каршы мыйзамдын кереги жок деген. Бирок эки жыл өтпөй мындай көз карашынан тайды. Азыр Кыргызстандагы акыбалды эл аралык укук коргоочу уюмдар кылдат көзөмөлдөп жаткан учуру дейт Орозобекова.

Эрдогандын доору аяктап барат

Wall Street Journal басылмасынын аналитиги Жой Паркинсон мындан беш жыл мурда Жакынкы Чыгыштын “жылдызы” катары саналган Түркия бара-бара “өчүп” бара жатканын жазды. “Бир нече жыл мурда Режеп Тайып Эрдоган башында турган Адилеттик жана өнүгүү партиясы бийликке келгенде Түркиянын экономикасы, эл аралык кадыр-баркы да гүлдөп, өнүгүп, коңшулаш Азия өлкөлөрүнүн ичинен Европа Биримдигине кирүү дымагы эң чоң, мүмкүнчүлүгү да жогору мамлекет болуп турган. Бирок жылдар өтүп Европадагы каржылык кризис, Жакынкы Чыгыштагы атуулдук согуштар Түркияны белге чаап, азыр алсырап, өлкө ичинде калайман уруш чыгып кетүү коркунучу менен жашаган мамлекетке айланды. АК партия бийликке келгенде Португалия, Испания, Британия жана АКШдан Түркияга кайтып барып, иштеп баштаган миңдеген түрк ишкерлерге азыр абдан кыйын болуп, кайра өлкөнү таштап кетүүгө камданышууда. 2003-жылы Эрдоган алгачкы кадамдарын экономиканы модернизациялоо менен баштап, Түркияга бир нече жыл саясий стабилдүүлүктү камсыз кылганы менен 2014-жылы Түркияны “Жаңы Осмон империясы” кылам деген дымагынын артынан өз дооруна өз колу менен чекит койгону калды”,- деген пикирде Жой Паркинсон.

Кытайдын "өзгөчө маданияты"

Кытайда азыр колунда бар, ишкер адамдар арасында ойнош күтүү маданияты жайылып баратканын Time журналы жазат. “Катардагы эле кытайлык киши аялынан башка менен байланыша албайт. Бул үчүн көп акча керек. Бирок эгер бай болсоң ойнош күтүү азыр кадимки эле маданияттын бир бөлүгүнө айланды”, - дейт аталган журналга Лондондогу Чыгыш таануу жана Африка институтунун окумуштуусу Цию Лю. Ошентсе да өлкөнүн аткаминерлери менен бизнесмендери арасында жайылган мындай адат ачыкка чыгып калса, соттолгон учурлар арбын. Маселен, мурдагы темир жол министри Лю Жичун 18 аял, Шанхай темир жол тармагынын жетекчиси Ху Менциа 30 аял менен байланыш күткөнү үчүн, ал эми бийик даражалуу партия кызматкери, кийин өмүр бою абакка камалган Бо Шилайдын да бир нече ойношу болгон үчүн сот жообуна тартылышкан. Ушул сыяктуу терс көрүнүштөр аялдардын эркектерге салыштырмалуу аз акча табуусунан улам болуп, коммунисттик партия гүлдөгөн мындай өлкөдө ойнош маданияты теңтайлаш өнүгүп, бай адамдардын моралдык баалуулуктары өтө ылдыйлап кеткенин белгилейт деп жазат Time басылмасы.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG