Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

Sun news: Саясатташкан «Евровидение»


Швеция -- Азербайжан ырчысы Фарид Мамедов "Евровидение - 2013" сынагында.18-май, 2013.
Швеция -- Азербайжан ырчысы Фарид Мамедов "Евровидение - 2013" сынагында.18-май, 2013.

Жума ичиндеги эл аралык басма сөзгө сереп (20-26-май)

Өткөн аптадагы эл аралык басма сөздөгү эң эле көп талкууланган темалар деп Европадагы азыркы татаал экономикалык кырдаалды, “Евровидение-2013” музыкалык фестивалындагы коррупциялык жаңжалды, АКШнын президенти Обаманын терроризм боюнча саясаты тууралуу серепти жана илим менен техникадагы айрым кызыктуу жаңылыктарды айтсак болот.

Азербайжандын амалы

Адегенде музыкадан баштайлы. Sun news аналитикалык сайты жазганга караганда, эстрадалык музыканын эң эле чоң жана маанилүү майрамы деп эсептелген “Евровидение”, тагыраак айтсак Eurоvision бара-бара абдан саясатташып, керек болсо коррупцияланып кетти сыяктанат. Ырас, музыка күйөрмандары футбол күйөрмандары сыяктуу эле түн күзөтүп телевизор карап, күйгөн жана сүйгөн ырчысы жеңип келсе бүтүндөй мамлекет шапар тээп, жеңүүчүнү аэропорттон тосуп топурашып, кокус жеңилип калса бүт эл кадимкидей тунжурап, кайгыга түшчү болду.

Бирок Sun news сайты жазгандай, Швециянын Мальме шаарында өткөн “Евровидение - 2013” бул жолу бир катар чыр-чатактар менен коштолду. Иштин баарын айрыкча Азербайжан айнытып, электрондук добуш берүү учурунда акча төлөнгөн сайттар жана адрестер жапырт Азербайжан ырчысы үчүн добуш бергени далилдениптир. Маселен, бул мамлекет бүтүндөй Монтенегронун (Черногория) добушун өзүнө ыйгарып алган деген айыптар да катуу коюлууда. Жыйынтыгында элдин кулагына куп жаккан украиналык ырчы кыз Злата Огневич үчүнчү орунга жылып, азербайжандык ырчы күтүлбөгөн жерден экинчи орунга чыгыптыр. Баарынан кызыгы, деп жазат ошол эле Sun news, гран-прини жеңип алган даниялык ырчы Эммили де Форест аткарган Only Teardrops аттуу ыр да музыкалык компиляциянын катардагы үлгүсү болуп чыкты, себеби ал кайсы бир голландиялык музыкант чыгарган, бирок анча-мынча гана жасап-түзөп койгон ремейк экен.

Бул жаңжалга мамлекетик деңгээлде реакция жасалып, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров баштаган расмий адамдар фестивалды уюштуруучулардан калыстыкты, акыйкаттыкты талап кылып чыгышты. Бул жаңжал эмне бүтөт - азырынча белгисиз.

Эси кеткен Европа

Эми саясат темасына келели. Учурдагы Европада бул континенттин экономикалык абалы, айрыкча орток валюта болуп эсептелген евронун азабы анык баш ооруткан маселе бойдон калууда, деп жазат Reuters жаңылык агенттиги. Банктардын опол тоодой карызын жабуу үчүн эбегейсиз көп акча казынанын, башкача айтканда элдин эсебинен сарпталып, толуп аткан социалдык чыгымдар жана төлөмдөр мүмкүн катары кыскарса да европалыктардын акыбалы эч бир оңолбой турат.

Тескерисинче, экономикалык өсүш болбой, эл ичинде нааразылык күчөп, калк кедейленип, жумушсуздук болуп көрбөгөндөй өсүп кетти. Маселен, Германияда евроаймактан эртерээк чыгуу керек деген идеяны колдогондордун бүүтүндөй партиясы түзүлүп, ал тууралуу репортажды Euronews телеканалы көрсөттү. Демек деп жазат Reuters, Европанын экономикалык оорусуна башынан туура эмес диагноз коюлган. Ошондуктан төлөмдөрдү кыскартууну эмес, кандай болгон күндө да экономиканы өстүрүүнү, жумушсуздукту кыскартууну көздөө зарыл эле. Ансыз Европа азыркы туңгуюктан эч бир чыга албайт жана анын кесепети бүт дүйнөгө, глобалдык экономикага тиет, дейт Reuters.

The New Yorker жумалыгы “Обаманын саясаты жана бүтпөс согуш деген” деген темада чоң макала жарыялады. Анда эл аралык терроризм менен күрөшүүдөгү азыркы Америка президентинин саясаты анализденип, Барак Обама согуш жана терроризм маселесине келгенде анык Жорж Буштун антиподу, башкача айтканда, карама-каршысы экендиги айтылат. Эгер Буш президент кезинде тероризмдин бирото тамырын кыркууну ойлоп, Ооганстан менен Иракка басып кирсе, Обама ар дайым этиеттик менен чеберчиликти көрсөтүүгө аракет кылып келет, деп жазат The New Yorker.

Буш терроризмди коомдо орун алган кокус көрүнүш, убактылуу бир каргаша деп ойлосо, Обама диний жанкечтилик, фанатизм адам баласынын жан дүйнөсүндө, табиятында жаткан бир каргаша деп эсептейт, аны согуш иши, кыргын-сүргүн менен эмес, акыл иши, түшүндүрүү иши менен гана бүтө турган нерсе деп билет, деп жазат аталган басылма. Ошондуктан Барак Обама терроризмге көмөк көрсөткөнү үчүн бир да мамлекетти Жорж Буштун заманындагыдай үстөккө-босток бомбалай элек, негизинен экономикалык санкцияларды же дипломатиялык иш-аракеттерди гана күчөтүүдө.

Жыдыган чачка дары табылды

Эми илим менен техниканын жаңылыктарына токтоло кетели. Немис журналы Spiegel англис тилинде чыккан жаңы санында “Асфальттын ордуна күн батарейкалары” деген макаланы басты. Макаланын мазмуну - автожолдорго төшөлчү асфальттын ордуна күндүн нурун жыйнаган, анын табын электр кубатына айланткан панелдерди төшөп, натыйжада жолдо бараткан машиналарды да заряддап, бензинден да кутулуп, улам бузулуп бараткан климатты оңдойлу деген идея тууралуу экен. Spiegelдин жазганына караганда, бул технологияны ойлоп тапкан Брусоу деген америкалык жубайлар экен жана алардын идеясын ишке ашыруу үчүн ири суммада акча каражаттары бөлүнүп, жакын арада эң биринчи күн нурун жыйнаган панель төшөлгөн жол салына баштайт, дейт немис журналы.

Эми чачым суюлуп баратат деп дүрбөлөң түшкөн кыз-келиндер жана кашка баш болот окшойм деп кабатырланган эркектер үчүн бир жакшы жаңылык. Лондондон чыккан The Telegraph гезитинин жазганына караганда, Франциянын атактуу L’Oreal косметикалык компаниясы адам баласынын чач терисин дарылаган жана чач өстүргөн клеткаларды активдештирген дарыны ойлоп тааптыр. Компаниянын илимий изилдөөлөр борборунун жетекчиси Патриция Пиню “Адам баласы эмне үчүн чач түшөөрүн билгенине жүздөгөн жылдар болду, бирок аны кантип токтотууну билчү эмес. Биз азыр аны кантип токтотууну да, кайра жандантууну да үйрөндүк” дейт The Telegraph гезитиндеги интервьюсунда.

Kérastase Densifique деп аталган бул дарыга азыртан эле миңдеген заказдар түшүп, чач тарачтар клиенттер менен тыкыр иштей баштады деп кабарлайт ошол эле гезит.
XS
SM
MD
LG