Эмнегедир өткөн аптадагы дүйнөлүк басма сөздө Орусия жана андагы саясий турмуш тууралуу бир катар кызыктуу макалалар жарыяланып кетти. Америкалык дипломаттардын, саясат таануучулардын үзбөй окуган абройлуу басмасы The Foreign Policy Journal “Орус либералдарынын майнапсыз саясаты” деген макаланы басса, экинчи бир аналитикалык журнал The Foreign Policy дүйнө жүзүндө кара май менен бензиндин баасы төмөндөгөн сайын Орусиянын бюджет куржуну да улам бөксөрүп, президент Путиндин бир топ шаштысы кетип калганын, айрыкча рубльдин кунары абдан кетип баратканы Кремлдин уктаса түшүнөн ойготуп, айтор акыбал бир топ оорлоп кеткенин жазып чыкты.
Ошону менен бирге орус гезиттеринде, интернет сайттарындагы аналитикалык материалдар да бул мамлекеттеги саясий кырдаал чын эле бир топ чиеленишип баратканын билдирет.
Англис басылмаларындагы макалаларда азыркы орус либералдарынын куру сөзгө өтө уста, бирок ишке келгенде чабалдыгы, Явлинский, Каспаров жана Милов сыяктуу лидерлер Кремлдин азыркы кожоюндарына олуттуу конкурент боло албай жаткандыгы айтылат. The Foreign Policy басылмасы болсо улам ылдыйлап бараткан бензиндин баасы Орусиянын башына дагы нечен проблемаларды үйө турганын белгиледи. Сити-групп деген чоң компаниянын эксперти Эдвард Морстун болжолуна караганда, жакынкы келечекте бир баррел кара майдын баасы дагы 20 долларга арзандамакчы. Кээ бир аналитиктер бир баррель нефтинин баасы 60 долларга чейин түшүшү толук ыктымал деп болжол кылышууда.
Нефть менен газ кымбаттаган сайын казынасына акча көбүрөөк түшкөнгө көнүп калган орус туугандар маанайы баягыдай болбой, эмне арга табаарын билбей, кайсалап турган кези. The Foreign Policy журналынын пикири боюнча, Орусия үчүн мындай кырдаал башынан чийки зат сатууга негизделген орус экономикасын нака жарга такайт, керек болсо катуу кризиске туш кыла турган опурталдуу иш болуп саналат.
Кызык жери Орусиядагы чыныгы экономикалык жана саясий проблемалар Путинди эми гана эсине келтире баштаганын орустардын өздөрүнүн гезиттери да жазып баштады. Мунун биринчи белгиси - көчө демонстрациясына чыгам дегендерди чоң суммадагы айыппул менен жазалап, жаңы гана жанданып бараткан демократиялык кыймылды эртерээк ооздуктоо аракети. Кечээ жакында Путин кол койгон мыйзам дал ушул максатты көздөгөн мыйзам болуп калды.
Ошол эле мезгилде араб революцияларына шыктанган орус либералдарына каршы орус шовинисттерин көкүтүү, тукуруу башталды. “Аналитика” деп аталган интернет сайтында орус шовинисттеринин ана башыларынын бири Сергей Кургинян антипутиндик саясий кыймылга каршы жаңы күч топтоо керек экендигин, антпесе Орусия 1991-жылдагыдай ыдыроо акыбалына туш келээрин билдирди. Кургиняндын маалыматына караганда, азыр жалаң эле Сибир тараптагы түрдүү улуттардын арасында антиорустук маанай төрт эседен ашык өсүп кетиптир.
Баарынан кызыгы, жогоруда аты аталган Сергей Кургинян Москва баштаган чоң шаарлардагы митингдерди Кремльде отурган айрым жетекчилер, атап айтканда Аркадий Дворкович, Тимакова, мурунку финансы министри Кудрин, азыркы олигарх, “Роснанонун” жетекчиси Анатолий Чубайс, “Альфа-банк” жана башкалар ачыктан-ачык колдойт деп айтып чыкты.
Эл аралык чөйрөдө болсо Орусия кандай болсо да Батыш мамлекеттеринин демилгелерине каршы турууну чечти окшойт. Сириядагы кан төгүүнү Кремль негизинен оппозициядан көрүп, Ирандын ядролук куралга умтулганын тымызын колдоого алууда. Ошону менен бирге Жириновский, жогоруда аты аталган Кургинян сыяктуу саясатчылар обу жок шовинизмин ачык эле көрсөтүп, орус улутчулдарынын чырагына ар качандан бир качан май тамызууда.
Маселен, “Аналитика” интернет сайтында Л.Сологубовский деген байкоочу эгерде Батыш мамлекеттери Сирияга, атап айтканда Башар Асаддын кандуу бийлигине кол салса, анда дүйнөлүк үчүнчү согуш тутанып кетиши мүмкүн деп балп этти. Ошону менен бирге Орусиянын Иран менен Сирия тууралуу обструкциясы - кандай болсо да Батышты ийге келтирип, Дүйнөлүк соода уюмуна жеңилдетилген шарттарда өтүп алуу аракети деп баалагандар жок эмес.
Бирок Америка үчүн, анын азыркы президенти Барак Обама үчүн Орусия менен конструктивдүү кызматташуу - маанилүү приоритеттеринин бири экендиги белгилүү. Буга күбө The Wall Street Journal басылмасына жарыяланган АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун Орусия тууралуу макаласы болуп эсептелет. Макалада мамлекеттик катчы илгери СССРдин заманында, “кансыз согуш” кычап турган кезде Америка Конгресси кабыл алган Жексон менен Вениктин мыйзамын алып таштоо керек деген оюн шардана кылды.
Бирок Хиллари Клинтондун макаласы саясатчылар арасында, айрыкча конгрессмендердин арасында кызуу талаш-тартыштарды туудурууда. Негизги себеп - Путин башкарган Орусияда адам укутарынын сакталбагандыгы, саясий ой-пикирди билдирүү үчүн уюшулган митингдерге тыюу салуу, Иран жана Сирия маселесиндеги орус бийликтеринин ачык эле обструкциясы.