Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

Дүйнө Мандела менен коштошууда


Нелсон Манделаны акыркы сапарга узатууга АКШнын президенти Барак Обама, Франциянын президенти Франсуа Олланд, Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон, Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун жана башка дүйнөлүк лидерлер катышууда.

Манделанын тажыясы Йоханнесбургдун четинде жайгашкан 95 миң адамды батырган стадиондо өтүп жатат. Бул жерде Нелсон Мандела акыркы ирет 2010-жылы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ачылышында сүйлөгөн.
Тажыя үч башка стадиондун чоң экрандарында жана дүйнө жүзү боюнча көргөзүлүп жатат. Кабарчылар Йоханнесбургда нөшөрлөп жаан төгүп жатканын айтышууда, ага карабастан Мандела менен коштошууга келгендер абдан көп.

Мандела өзүнүн туулуп өскөн айылында жекшемби күнү жерге берилет.

Түштүк Африканын өкмөтү алтымыштай чет элдик лидерлер Нелсон Манделаны акыркы сапарга узатуу аземине келгенин билдирди.

Африканын Улуттук Конгрессинин аткаруучу президенти Сирил Рамафоза Соуэтодо өтүп жаткан Манделаны акыркы сапарга узатуу каадасынын ачылышында "Бүгүн биз баарыбыз Нелсон Манделаны эскерүүдөбүз. Мандела – биздин элдин атасы, биздин демократияны түптөгөн адам", - деп баалады.

АКШнын президенти Барак Обама Йоханнесбургдун стадионунда туруп, дүйнөнү Манделанын мурасын сактоого чакырды:

- Ар бир адамды көкөлөтүп мактоо кыйын. Адамдын жашоосу бир гана фактылар, даталар менен чектелбейт. Адамдын өзөгүн көрсөткөн чындыкты айтканын, анын кубанычы менен арманын, бирөөнүн ички дүйнөсүн сүрөттө абдан кыйын. Тарыхтын дөө-шаасы, бир элди акыйкаттыкка ээрчиткен жана ал баштаган жараянга дүйнөдө миллиондор кошулган Манделаны сүрөттөө ого бетер кыйын.

Обама Манделанын дүйнөгө калтырган мурасы жөнүндө
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:52 0:00

Орусиянын президенти Владимир Путин дүйшөмбү күнү Түштүк Африка Республикасынын Москвадагы элчилигинде көңүл айтуу китебине кол коюп жатып, "Нелсон Мандела XX-XXI кылымдагы дүйнөлүк масштабдагы чыгаан ишмер экенигинде шек жок. Аны Махатма Ганди, Александр Солженицын менен салыштырса болот. Мандела биздин элдин досу эле", - деп эскерди.

Апартеидке каршы күрөшкө өмүрүн арнаган, 27 жыл өмүрүн абакта өткөргөн, Түштүк Африка Республикасынын биринчи кара түстүү президенти, Нобел сыйлыгынын лауреаты Мандела өткөн бейшембиде 95 жашында дүйнөдөн кайтты.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG