Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:14

Ирак: Шейиттер менен суннийлер тиреши кайра күчөйбү?


Тарик ал-Хашеми Ирбил шаарындагы басма сөз жыйында. 20-декабрь, 2011-жыл.
Тарик ал-Хашеми Ирбил шаарындагы басма сөз жыйында. 20-декабрь, 2011-жыл.

Иракта өлкөнүн камоого буйрук чыгарылган вице-президенти Тарик ал-Хашеми ага коюлуп жаткан айыптарды четке какты. Бул окуя өлкөнү кайрадан саясий кризиске кириптер кылып, шийит көпчүлүгү менен сунни азчылыгынын тирешин күчөтөт деген кооптонуулар айтылууда.

Суннийлердин Ирак жетекчилигиндеги эң жогорку даражалуу өкүлү, вице-президент Тарик ал-Хашемини камоого буйрукту соттук комитет чыгарганын жарыялаган өкмөт аны куралдуу топко бийлик өкүлдөрүн өлтүрүүгө буйрук жана көрсөтмө берген деп айыптап жатат.

Вице-президент Тарик ал-Хашеми болсо өз кезегинде аны басынтууну көздөгөн кутумдун артында премьр-министр Нури ал-Малики турат деп ырастап, ага коюлган айыптарды “жасалма” жана “саясий максаты бар” деп мүнөздөөдө. Шейшембиде Ирактын жарым автономдуу күрт аймагынын борбору Ирбил шаарындагы басма сөз жыйында ал буларга токтолду:

- Адилеттикти камсыздоо үчүн мен баардык маселени Күрт аймагына которууну сунуш кылам. Бул соттун төрагасынын ыйгарым укугундагы иш. Тергөөнүн тазалыгын камсыздоо үчүн соттук отурумдарга жана тергөөгө Араб лигасынын, юристтердин же адвокаттардын Араб союзунун өкүлдөрүн катышуусун өтүнүп кайрылуу – менин укугум. Мына ушул негизде сотко келем деп ишендирем. Кудай алдында ант берем, ал-Хашеми бүгүн же кечээ ирактыктардын эч кимисине каршы күнөө же жаман нерсе кылган эмес.

Ирактын вице-президентинин жогорудагы билдирүүлөрүнөн бир күн мурда мамлекеттик телеканал террордук актыларды даярдап, ишке ашырганын, бул үчүн вице-президенттен каражат жана колдоо алганын моюндаган үч адамдын көрсөтмөлөрү тартылган видео тасманы көргөзгөн.

Премьер-министр Нури ал – Малики көзөмөлдөгөн Ички иштер министрлигинин ырастоосунда, тасмадагылар - вице-президенттин жансакчылары. Алардын бири, маселен теледен берилген көрсөтмөсүндө террордук чабуулдардын бирин ишке ашыргандан кийин Тарик ал-Хашемиден 3000 миң АКШ доллары салынган конверт алганын моюндайт. ИИМдин маалыматтары боюнча, вице-президенттен колдоо алгандар коомдук аянттарда бомба жардырып, ырасмий өкүлдөр бара жаткан авто кербендерди аткылашкан.

Айтор, Иракта премьер-министр, шейит Нури ал-Малики менен сунний саясатчылардын ал-Иракия блогунун ортосундагы тирешүүнү күчөткөн окуя АКШ Ирактан акыркы аскерин чыгарып кеткендин эртеси орун алып олтурат.

Сунний азчылыгынын парламенттеги “ал Иракия” блогунун лидери, мурдагы премьер- министр Аяд Аллави Иорданияда жүргөн жеринен Рейтер агенттигине берген интервьюсунда мындай деди:


- Бардык адамдардын, дүйнөнүн көз алдында Ирактагы демократия зордукталып жатат, ал азыр толугу менен маңызын жоготту. Биз бул кайрадан диний араздашууга, кан төгүүгө алып келеби деп чочулоодобуз. Өзгөчө, азыр бүткүл аймак кайнап жаткандыгын эске алганда. Силер билгенден азыр көйгөй бүткүл аймакта бар.

Суннийлер Ирактын 2005-жылы Саддам Хусейиндин доорунан кийин биринчи парламенттик шайлоосун бойкоттошкон. Мунун арты 2006-2007-жылдары кеңири масштабдагы диний араздашуу менен коштолгон.

Суннийлердин “ал-Иракия” блогу 2010-жылдын мартындагы шайлоодо башка саясий топтордон бир аз артыкчылык менен алдыга чыккан, бирок башкаруучу көпчүлүктү курай алган эмес. Туңгуюк абал тогуз айга созулуп, премьер-министр Нури ал –Малики шейит партияларынын колдоосу астында кызматын сактап калган. Анда улуттук биримдик өкмөтүнө 325 орундуу парламентте 80ден ашуун добушу бар “ал –Иракия” блогу да киргени менен эми бир жылдан кийин ал өкмөт чачыроо коркунучу алдында тургандай.


Бакуба шаарында вице-президент Тарик Ал-Хашемини жоопко тартууну талап кылгандардын демонстрациясы өттү. 20-декабрь, 2011-жыл.
Бакуба шаарында вице-президент Тарик Ал-Хашемини жоопко тартууну талап кылгандардын демонстрациясы өттү. 20-декабрь, 2011-жыл.
Өткөн апта соңунда суннийлердин блогу парламенттин ишин бойкоттоп жатканын жарыялоо менен премьер- министр Нури ал-Маликини бийликти монополиялап алганы үчүн күнөөлөгөн.

Бирок ал-Маликинин коалициясына кирген депутаттардын бири Саад Мутталиби суннийлердин бойкоту анчалык олуттуу эместигин белгилейт:

-“Ал-Иракиянын” кетиши саясий жараянга эч таасир бербейт. Ал улана берет. Парламент сессиясына алтымыш же жетимиш депутат катышпайт. Бирок “ал-Иракиянын” мүчөлөрүнүн баары эле бу буйрукту аткарууга барган жок. Эгер буйрук чыга турган болсо, өкмөттөн кетпей турганын кеминде үч министр жарыялашты. Парламенттин отуздан ашуун мүчөсү парламент сессиясын бойкоттобой турганына бизди ишендиришти. Бул “ал-Иракиянын” бойкоту чачыроого (өкмөттүн) алып барат дегенди билдирбейт.


Виктория Нуланд
Виктория Нуланд
Ирактагы соңку окуяны аскерлерин алып кетүүнү жаңы эле аяктаган АКШ тынчыздануу менен комментарийледи. Мамлекеттик депаратаменттин өкүлү Виктория Нуланд Вашингтондогу басма сөз жыйында Ирактагы саясий партиялардын баарын ич ара пикир келишпестиктерин тынч, саясий диалог жолу жана укуктук мамлекеттин эл аралык стандарттарына, демократиялык саясий жараяндарга шайкеш келгидей кылып жөнгө салууга чакырды.

Согушту иликтөө боюнча Вашингтондогу институттун Иракка адистешкен талдоочусу Рамзи Мардининин пикиринде, АКШ аскерлеринин кетиши Ирактагы саясий факторду кармаган, ич ара чатакташкан түрдүү топтордун күтүүлөрүн жана карым-катнашын турукташтырууга жардам берген маанилүү факторду жокко чыгарганы анык.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG