Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:52

Леонардо Ди Каприо "Оскар" алды


Актер Леонардо Ди Каприо "Аман калган" тасмасындагы башкы роль үчүн "Мыкты актер" номинациясында "Оскар" сыйлыгын алды.

Лос-Анжелесте Америкалык киноакадемиянын "Оскар" сыйлыгынын лауреаттарын сыйлоо аземи өтүүдө.

Леонардо Ди Каприо "Оскар" сыйлыгын "Мыкты актер" номинациясында алды. Ди Каприо 1994-жылдан бери "Оскар" сыйлыгын алалбай келаткандыктан 88-жолу өтүп жаткан бул салтанаттуу аземге бул жылы өзгөчө көңүл бурулууда.

41 жаштагы актер жана продюсер Леонардо Ди Каприо “Оскарды” алтынчы жолку аракеттен кийин гана алды.

Ди Каприого “Оскар” сыйлыгы Алехандро Гонсалес Иньярритунун “Аман калган” тасмасындагы башкы роль үчүн берилди.

Буга чейин Ди Каприо 1994-жылы “Гилберт Грейпти эмне тынчсыздандырат?”, 2005-жылы “Авиатор”, 2007-жылы “Кандуу алмаз” жана 2014-жылы “Уолл-стриттен чыккан карышкыр” тасмаларындагы ролдору үчүн “Оскарга” талапкер болгон.

Ди Каприо “Оскарга” татыктуу болгонун көптөгөн белгилүү адамдар айтып, аны ачык колдоп келишкен. Атүгүл Лондондогу Лестер-скверде жайгашкан Odeon аттуу кинотеатр аталышын Leodeon деп өзгөртүп алган.

Леонардо Ди Каприо бул жылы да “Оскар” албай калышы мүмкүн экендиги акыркы мүнөткө чейин социалдык тармактарда кызуу талкууланып, бир топ шакаба, тамаша сүрөттөр чыгып кеткен эле.

Ал эми "Мыкты толук метраждуу даректүү тасма" номинациясында "Оскарды" "Эми" тасмасы алды. Режиссер Азиф Кападианын тасмасы британ ырчысы Эми Уайнхаустун жашоосун баяндайт. Ырчы 2011-жылы Лондондогу үйүндө каза болгон.

“Мыкты чет элдик тасма” наамы венгер режисеру Ласло Немаштын “Саулдун уулу” фильмине берилди. Ал эми “Аман калган” тасмасы үчүн Алехандро Гонсалес Иньярриту мыкты режисер аталды.

“Мыкты ыр” номинациясын "Агент 007: Спектр" тасмада жаңырган Writings on the wall музыкасы үчүн алды. Анын автору Сэм Смит жана Жимми Нейпс. Мыкты композитор Энио Марикони аталды. Ал “Оскар” сыйлыгын “Ыплас сегиздик” тасмасындагы саундтрек үчүн алды.

XS
SM
MD
LG