Балдардын эл аралык күнүнө карата Эркин Европа/Азаттыктын журналисттери өз өлкөлөрүндөгү балдар тарткан сүрөттөрдүн топтомун жарыялайт. Кичинекей сүрөтчүлөр досторун, оюнчуктары менен жакшы көргөн нерселерин тартышкан.
Аалам балдардын көзү менен
1
Беш жашар Богдан Украинанын Симферополь шаарында жашайт. Ал театр кружогундагы досторун, шаардагы гүлдөрдү тартканды жакшы көрөт
2
Бештеги Рахимжан Акбаров Душанбедеги досторун, карындашы Нозанин экөөнүн оюнчуктарын тарткан
3
Тогуз жаштагы беларус кыз өз кыштагы менен андагы сүйүктүү жаныбарларын тарткан
4
11деги Туран Имел беш жаштагы Алина жөжөсүн кантип багаарын жана жайлоого конокко келген үч жашар Атай-Оскарды сүрөткө тартып алган
5
Тогуз жаштагы Демиян Катич Сараеводо турат жана келечекте Парижде жашап, сүрөтчү болууну кыялданат
6
Молдовалык беш жаштагы Космин өзүн эле эмес, эки жашар инисин, көк асман менен жашыл талааны дагы тартканды унуткан жок
7
Тогуз жашар украин Богдан достору Лера менен Дашанын кантип ойноп жатышканын тартып алган
8
13 жаштагы пакистандык Самрин Хан учурда Чехияда жашайт. Самрин атасы менен эки инисин, классташтарын тартып жиберген
9
14 жаштагы Янис Мяртанс Кыргызстандын Ала-Арча капчыгайынын кооздугун тартып жиберген
10
Түркмөнстандык 11 жаштагы Мехран Ашхабаддагы балдар паркын, үйлөрдөгү спутник табактарды жана кассадан билет сатып алып жаткан досторун тартып алган