Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:03

Ооганстан: Кандагар шаар мэри өлтүрүлдү


Кандагардын мэри Гулям Хайдар Хамиди маалымат жыйында
Кандагардын мэри Гулям Хайдар Хамиди маалымат жыйында

Кандагардын мэри Гулям Хайдар Хамиди жан кечтинин жардыруусунда набыт кетти. Соңку кезде президент Карзайдын бийликтеги ишенимдүү адамдарына кол салуулар болду.

Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар шаар мэри Гулям Хайдар Хамиди чогулгандарга сүйлөп жаткан маалда жанкечти чалмасына катып кирген бомбасын жардырган.

Кандагар провинциялык өкмөтүнүн маалымат катчысы "Азаттыктын" ооган кызматына айтуусунда, жанкечти шаар бийлигинин имаратына уруу аксакалдары менен бирге кирген. Бул жерде шаар мэри жергиилктүү аксакалдар менен жер бөлүштүрүүнү талкууламак.

- Бир канча мүнөт мурун мэрдин кеңсесинде жанкечти чабуул койду. Губернатордун маалымат катчысы мэр Гулям Хайдар Хамиди менен кошо бир нече киши набыт болгонун айтты. Жардыруучу затты чалмасына каткан жанкечти коопсуздук кызматкерлирине мэр менен сүйлөшүүгө келгенин айткан.

Козголоңчул талиптердин маалымат катчысы Кары Юсуф Ахмади чабуул койгон жанкечти талип согушкери экендигин телефон аркылуу айтты. Ошондой эле бул жардыруу өткөн шаршембиде мыйзамсыз курулган үйлөр бузулуп жаткан маалда там басып өлгөн эки ооган өспүрүм үчүн өч алуу деп кошумчалады.

Жума башында мэр Хайдар Хамиди Кандагардагы мыйзамсыз курулган эки жүздөй үйдү бузууга буйрук берген.

Кандагар шаар мэринин өлтүрүлүшү Ооганстанда НАТО күчтөрү Кандагар жана башка алты аймактагы коопсуздук чараларын камсыздоого жоопкерчиликти алган кезге туш келди.

Эл аралык күчтөрдүн коопсуздук чараларын колго алганы түштүк аймактарда Карзайдын бийлигин жүргүзгөн провинциялык өкмөт мүчөлөрүнө каршы чабуулду күчөттү.

Буга чейин Кандагар провинциялык кеңештин жетекчиси, президент Карзайдын бир тууган иниси Ахмад Вали Карзайды өз үйүндө жансакчысы атып өлтүргөн. Бул окуя президент Карзайга катуу сокку катары кабыл алынган. Кырдаал чыңалган Кандагарда президенттин иниси борбордук бийлик менен батыштын “өз кишиси” катары саналган.

Кандагар жергеси президент Карзайдын кичи мекени. Бул аймакта козголоңчул талиптер, уруулар ортосунда бийликке таасир этүү менен байлык үчүн күрөш күч.

Өткөн жумада Кабулда Орузган провинциясынын мурдагы губернатору Ян Мохаммед Хан менен аталган провинциялык парламенттин мүчөсү өлтүрүлгөн.

Жогорудагы чабуулдарга чындап тиешеси бар-жок болсо жагы талиптер бардык өлтүрүүлөрдү мойнуна алып, жар салган.

Маалыматтарга караганда, Кандагардын өлтүрүлгөн мэри президент Карзайдын жеке өтүнүчү менен АКШдан Ооганстанга кайтып келген.

Ал өлкөнүн түштүк аймагындагы эң тажрыйбалуу саясатчы деп саналган. Өткөн жылкы кол салууда өзү аман калып, эки жардамчысы набыт болгон.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG