Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:26

"Independent": Лондон суу алдында калат


Лондон
Лондон

Эл аралык басма сөзгө баяндама (6-13-сентябрь).

"Independent" гезити окумуштуулардын акыркы тыянагын басып чыгарды. Анда адамзат азыркы темп менен жер алдындагы минералдык заттарды казууну улантса, Антарктика музу тез эрип, өз деңгээлинен 60 метрге ташып, дүйнөдөгү миллиарддаган эл жашаган шаарлар деңиз алдында калат деп айтылат.

Суу басчу шаарлардын башында Лондон, Нью-Йорк, Токио жана Гонконг бар. Потсдам университетинин профессору Андерс Леверманн: “Антарктика деңизинин түштүк бөлүгү азыр тынымсыз эрүү процессинде. Токио, Гонконг, Шанхай, Калькутта, Гамбург жана Нью-Йоркту сактап калыш үчүн Антарктиканы алгач көздүн карегиндей кароо зарыл. Бирок азыркыдай мунай, көмүр өндүрүү темпи менен суу каптоону токтотуу кыйын болуп калат”, - дейт.

Изилдөөгө катышкан Карнеги институтунун профессору Кен Калдейра да Леверманндын сөзүн тастыктап, Антарктиканын эрүүсүнө ашыкча казылып, колдонулган мунай менен көмүр болуп жатканын айтты. Антарктика музу акыркы мезгилде жылына 3 сантиметрден ылдыйлап, акыркы 60-80 жылдын ичинде 30 метрге бийиктеди деп жазат "Independent" гезити.

Пакистан качкындарды согуш талаасына айдоодо

"Washington Post" гезити Европа Биримдигине кирген өлкөлөр Пакистандагы качкындар маселесине көз салып, ошого жараша качкындарга мамиле жасоо керектигин жазып чыкты.

Күн сайын согуштан качып чыккан жүздөгөн ооган качкындарын өз аймагынан кубалап, Пакистан эң көп сандагы качкындарды куугунтуктаган өлкө болууда. Пакистандан куулган оогандардын саны 1990-жылдан бери эле азайбай келет.

Гезитке маек курган ооганстандык качкындар өз укуктары Пакистанда корголбой, бул өлкөнүн расмийлеринен ар түрдүү зомбулук көрүп жатышканын билдиришти. “Биз бул жакка өз өлкөбүздө согуш болгон үчүн келгенбиз. Бирок бизди кайра эле ошол согуш кайнап, бомба жарылган мекенибизге жеткирип коюп жатышат”, - деди 60 жаштагы Рахик Хан аттуу качкын.

Ушул жылдын январь айынан бери эле 130 миң ооган качкыны Пакистандан Ооганстанга кайтарылган. Пакистанда убактылуу катталган качкындардын саны 1,5 миллиондон ашат.

"Путин Орусияны кыйроого алып баратат"

"Market Watch" аналитикалык журналы Владимир Путиндин Сирияга карата жүргүзүп жаткан саясатын сындап, Орусияны "бул согушка киришүү менен кыйроого алып барат" деп жазды.

Орусия Сирияда жаңы аскерий аба майданын куруп, миңге чукул согуштук кеңешчисин жибергени турат. Тартустагы аба майданынан кийин Сириянын Латакия шаарынын сыртындагы аскерий аба майданы Орусиянын бул өлкөдөгү согуштук өнөктөш экенин толугу менен тастыктамакчы.

Орусиянын аскерий дымагы муну менен эле чектелип калбай, Украинада курчуп, Европа менен күрөшүү үчүн Арктикада аскердик, деңиз алдынан сүзүүчү жана муз сындыруучу миңдеген кемелерди даярдоодо. Ал эми Сирияга Владимир Путин жеке эле этникалык же саясий азчылыкты колдобой, бүтүндөй режимди кулатуу үчүн жардам берип жатат. Мындай позиция Орусиянын улуттук кызыкчылыгы үчүн опурталдуу келип, өлкөсүнүн оор абалга кептелишине түрткү болот. Путин муну Либиядагы кырдаалды өз көзөмөлүнөн жоготуп алганда эле түшүнүш керек болчу.

Ал арада СССР кулагандан кийин калкынын саны 149 миллион болгон Орусия азыр 144 миллион эли, мигранттардын көптүгү менен демографиялык көйгөйгө туш болду. Орусиянын азыркы империалисттик дымагы, экономикалык кайдыгерлиги жана социалдык кыйынчылыктары Петр биринчи, Екатерина экинчи, Николай падыша, Ленин, Сталин жана Брежневдей эле Путин үчүн да оор натыйжа менен аяктачудай деп жазат "Market Watch".

Ханыша Елизавета - тактыда эң көп отурган монарх

Дүйнөлүк басма сөздө узаган аптада Англиянын ханышасы Елизавета экинчинин тактыда эң узак убакыт бою отурган монарх болгону тууралуу макала, сүрөт жана видео баяндар көп чыкты.

"New York Times" гезити да ханыша Елизаветанын бейнесине сереп салды. 25 жашында тактыга отурган Елизавета азыр 89 жашта. Британияны ал 23 миң 226 күн башкарып, 9-сентябрда эң узак тактыда отурган падыша наамына татыды.

Тарыхчы Дэвид Каннадин Елизаветанын доору абдан өзгөчө болгонун белгилеп: “Ханыша Елизавета мыкты башкаруучунун үлгүсү боло алды. Заманбап өзгөрүүлөрдү, өлкөсүндөгү өнүгүүнү тез кабылдап, өз балдарынын татыксыз иш аракетин оңдоп кете алган мыкты энелик да милдетин аткарды”, - деп жазат тарыхчы "New York Times" гезитине.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG