Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:22

Путин тактан кулаганы калдыбы?


Орус президенти
Орус президенти

Эл аралык басма сөзгө баяндама (17-24-август).

Forbes журналы “Путинге каршы жылма кутум даярбы?” аттуу макала чыгарды. Анда Кремлди изилдеген батыштын окумуштуулары жана орусиялык айрым эксперттер Владимир Путиндин өлкөсүндөгү кадыр-баркы жогору бааланганы менен, бир нече ай ичинде ага каршы жылма кутум ишке ашарын билдиришкен.

“Путиндин алсырап баратканы күн сайын көзгө көрүнө баштады. Орусия улуттук байлыгын лидерлери уурдаган клептократиялык өлкө экенин эч ким тана албайт. Буга кошумча Орусия эл аралык эрежелерди бузган, тартипти сактабаган бийлиги менен таанылууда. Путиндин экономикалык саясаты кыйрап калды. Мунай баасы улам ылдый кулап, Батыштын санкциялары ага кошул-ташыл болуп, элдин жашоо-шарты Путин убада кылгандай болбой, улам артка кетүүдө. Албетте Орусиянын “политбюросу” азыркы абалды мыкты аңдайт. Ушундан улам СССРди кулаткандай Владимир Путинге каршы да жылма кутум Орусияда бышып жетилгени калды”, - деп жазат Forbes.

Сауд Арабияда аялдар шайлоого катышуу укугуна жетти

Декабрь айында боло турган шайлоодо саудиялык аялдар алгач ирет добуш берет деп жазат Time басылмасы. 2011-жылы Сауд Арабиясынын падышасы маркум Абдуллах бин Абдулазиздин жарлыгы менен аялдардын да шайлоого катышуусуна уруксат берилген эле. Бул жарлык төрт жылдан кийин күчүнө кирди. Жергиликтүү бийликтин шайлоосуна 70 аял талапкер катары, 80 аял шайлоо кампаниясынын кызматкери катары катталды. Рияд падышалык университетинин саясий социологу Фавзия Абу Халиддин айтымында, бул окуя Сауд Арабиясындагы аялдардын укугун коргоого багытталган эң чоң кадам болуп саналат. Бирок эл аралык Мунапыс (AI) уюму саудиялык аялдардын тең укуктуулукка жетүүсүнө дагы көп убакыт талап кылынарын эскертет.

Тажикстанда исламий кийимдердин импортуна тыюу салынды

Euroasianet онлайн басылмасында Тажикстан туура эмес кийимге каршы согуш жарыяланганы тууралуу макала чыкты. 19-августта Дүйшөмбү шаарынын башчысы, депутаттар, полиция, соодагерлер жана диний лидерлердин жыйыны болуп, диний радикалдуулукка бөгөт коюуну кийимден баштоо маселеси каралган. Дүйшөбүнүн шаар башчысы Махмадсаид Убайдуллоев расмийлерге мындан ары кара түстөгү хижаб, никаб жана дамбал сыяктуу кийимдерди өлкөгө импорттоону тыюуну сунуштады. Тажикстанда исламий кийимге каршы чечкиндүү кадамдар бийлик тарабынан 2015-жылдын 8-мартында өлкө ажосу Эмомали Рахмондун тажик улуттук аялдарынын кийими тууралуу кайрылуусунан кийин кулач жаюуда.

Румынияда китеп окугандар автобуста бекер жүрдү

Румыниянын Клуж Напока шаарынын тургуну Виктор Майрондун сунушу менен коомдук транспортто китеп окуган жүргүнчүлөр акысыз жүрүштү. Бул демилге төрт аптага созулуп, социалдык тармактарда колдоочуларын тапты деп кабарлайт The Independent гезити.

- Китеп окубайбыз деп сындап отуруп албай, китеп окуганды ушундай жол менен жарнамаласак, ийгиликке жетишебиз деп ойлойм, - деп жазган Виктор Майрон BoredPanda веб-сайтына.

Майрон ошондой эле социалдык тармактарда коомдук унаада бара жатып китеп окуган адамдардын сүрөтүн койдуруп, Bookface аттуу саамалык баштады. Ага Фейсбуктун ээси Марк Цукербергдин да катышууга чакырды.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG