Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:39

Көзгө атар жоокердин арманы


Крейг Харрисон
Крейг Харрисон

Эл аралык басма сөзгө баяндама (6-15-июнь)

Дүйнөдө эң көп киши өлтүрүп, ысымы Гиннестин рекорддор китебине жазылган көзгө атар, британиялык сержант Крейг Харрисон армиядан бошогондон бери катуу депрессияга кабылып, кыйналып жатканын The Independent гезити жазып чыкты.

“23 жыл бою Ирак, Ооганстанда кызмат өтөп, жүздөгөн кишилер менин огуман көз жумган. Бирок армиядан кетип жатканда бирөө да мага рахмат айткан жок. Азыр менин мурдума кандын жыты келип, күн сайын өзүм өлтүргөн ар бир кишини түшүмдө көрүп кыйналып жатам”, - деген ал ABC каналына интервью берип жатып. Сержант Харрисондун огунан Балкан өлкөлөрүндөгү, Ирак жана Ооганстандагы согуштук операциялар учурунда 2 миң 474 адам мерт кеткен. Ал Улуттук Чырым атындагы эрдик үчүн орденинен баш тарткан. “Мындай даңктуу орденден баш тарткан жалгыз аскер мен болсом керек”, - дейт ал. Адистер сержантка психикасы катуу жабыркаган деген аныктама беришүүдө деп жазат The Independent.

Борбор Азияда үстөмдүктү талашкан эки держава

Орусиянын Борбор Азиядагы аскерий кызыкчылыгы тууралуу аналитикалык баяндар узаган аптада эл аралык басма сөздө эң көп окулган тема болду. Foreign Policy журналында Тажикстандагы Орусиянын аскерий күчтөрүн жайгаштыруу жана тажик армиясына 1,2 миллиард доллар өлчөмүндө каржылык көмөк көрсөтүү менен Владимир Путин Борбор Азиядагы өкүмүн күчтөндүргүсү келет деп жазат аналитик Рейд Стэндиш. Борбор Азиядан Сирия жана Ирактагы “Ислам мамлекети” уюмуна баргандардын санын эл аралык Кризистик топ 2 миң кишиден 4 миңге чейин деп саноодо. Алардын канчасы тажик атуулу экени такталган эмес. Орусияда “Ислам мамлекети” кыймылына кирген радикалчылардын саны да так эмес. Бирок Орусия Борбор Азиядагы аскерий үстөмдүгүн күчөтүү менен Ооганстандан келет деп болжолдонгон “Ислам мамлекети” тобунун коркунучун Тажикстандын чек араларынан тоскусу келээри макалада сөз болот.

Ал эми Японияда чыккан Asian Nikkei Review журналында Борбор Азияда Кытай менен Орусиянын таасир арттырууга болгон атаандаштыгы талданган.

Украинадагы согуштук кырдаалдан улам Орусиянын экономикасы солгундай түштү. Улуу Жибек Жолун кайрадан жандандырууну максат кылып, муну менен бирге Борбор Азиядагы кубатын арттыргысы келген Кытай менен Орусиянын аймактагы ымаласында тең салмактуулук кантип сакталат? Тажикстанга 9 миң аскер жиберип, Кыргызстандын Кант аскер базасына учкучсуз учактарды алып барып, Орусия “Ислам мамлекети” тобунун коркунучунан аймакты коргоп турабыз деп жатат. Ошондой эле Орусия менен Кытай Борбор Азиядагы кызыкчылыктары окшош болгондуктан, аймакты Батыштын таасирине алдырып ийбөөгө аракет кылышууда”, - деп жазат жапон журналисти Ийджи Фурукава.

“Ислам мамлекетине” бир жыл

The Washington Post гезити “Ислам мамлекети” тобуна туура бир жыл болгонун баяндап, анын бир жылдын ичиндеги кылган иши 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттан да оор болгонун жазды. Былтыркы жылдын 10-июнунда аталган уюм Ирактын Мосул шаарын басып алган. Ракка жана Рамади шаарларында айыгышкан салгылашуулар болгон. Бир нече айдын ичинде эле бул топтун радикал согушкерлери миңдеген езиддерди туткундап, массалык кыргын уюштурду. Бул террорчул уюмга ай сайын миңге чукул чет элдик согушкер ыктыярдуу түрдө барып кошулуп жатканын баяндаган басылма Жакынкы Чыгыштагы“ Ислам мамлекети” тобу басып алган аймактын картасын жана сүрөт баянын берип, ал окурмандардын талкуусун жаратты.

Лондондо жылаңач велосипедчендер көчөгө чыкты

Узаган апта соңунда Лондондун борбордук көчөлөрүндө жүздөгөн адамдар кийимдерин чечип алып, велосипед менен абанын булгануусуна каршы атайын акцияга чыгып, дүйнө коомчулугунун көңүлүн өзүнө бурду деп жазат Evening Standard гезити. “Дүйнөлүк жылаңач велосипедчилердин жүрүшү” деп аталган иш-чараны миңдеген шаар тургундары таң калып карап, сүрөткө тартышты. Жарым жылаңач же энеден туума болгон эркектер менен аялдар Лондондун борбордук Веллингтон дарбазасынан Гайд паркына чейин барышып, элди машине айдабай, абаны тазартыш үчүн велосипед тебүүгө чакырышты.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG