Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:41

Путин–Батыш тирешинен орус эли кыйналды


Владимир Путин Владивостоктогу иш сапары учурунда, ноябрь, 2014
Владимир Путин Владивостоктогу иш сапары учурунда, ноябрь, 2014

Эл аралык басма сөзгө баяндама (24-30-ноябрь).

The Times гезитинин кабарчысы Бен Хойл Владимир Путин менен Батыштын ортосундагы тирешүүлөр орус калкы үчүн өтө кымбатка туруп жатканын жазып чыкты.

Аталган гезитке премьер-министр Дмитрий Медведевдин мурдагы кеӊешчиси, азыр орус бийлигинин куугунтугу менен Парижде баш калкалап жүргөн экономист Сергей Гуриев интервью берип, "санкциялар өзгөрбөй, мунайдын баасы өспөсө, эки жылдан кийин орус өкмөтүндө акча жок калып, путиндик режимге коркунуч жаралат. Инфляция, рублдун кунунун түшүүсү, Батыш капиталынын буулуп калуусу жана инвесторлордун азаюусу бул режимдин соӊу болот”, - деген.

Хойл өз макаласында: “Москвада мындай пикирлер жашыруун айтылып келет. Ишкерлер Кремлдин күтүүсүз саясаты менен аскерий багытын аныктай албай убара. Анткен менен бийлик Украинанын айынан Батыш менен экономикалык тирешүүсүн улам күчтөндүрүүдө. Экономикалык кыйынчылык, айрыкча алгач орус элитасында туюлду. Кымбат, саркеч товарлардын соодасы 18 процентке түштү. Каржы министри Антон Силуанов бул жылы санкциялардын айынан Орусия 40 миллиард доллар, мунайдын арзандоосунан 100 миллиард доллар зыян тартарын айтты”, - деп жазган The Times басылмасында.

Ким Чен Ындын эжеси жоголуп, карындашы пайда болду

Былтыр жездеси баш болгон бир топ аткаминерлерди өлүм жазасына тарткандан кийин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын атасынын карындашы, өлкөдөгү бийликтин экинчи адамы болуп турган Ким Гён Хи тууралуу эч ким эч нерсе укпай калганын, ал эми азыр саясий аренага 27 жаштагы карындашы Ким Ё Чжон чыгып калганын Le Figaro гезитинин кабарчысы Себастьен Фаллетти жазып чыкты.

Бул кыз тууралуу эл аралык коомчулукта маалымат өтө аз. Ал агасы Ким Чен Ындай Швейцариянын Берн шаарында билим алган. Ё Чжон агасы сентябрь айында бутунан операция болгондо жанында туруп, чоӊ колдоо көрсөткөн. Эми ал жаштыгына карабай Түндүк Корея бийлигинин экинчи адамы болуп калды деп жазат Le Figaro.

Нобель сыйлыгы сатыкта

Нобель сыйлыгында берилген медаль
Нобель сыйлыгында берилген медаль

​"1962-жылы ДНКны тапканы үчүн Нобель сыйлыгына татыган америкалык окумуштуу Жеймс Уатсон медалын сатыкка койду" деп маалымдайт Financial Times гезитинин Нью-Йорктогу кабарчысы Дэвид Кроу.

Атактуу окумуштуу бул кадамга аны эч ким түшүнбөй жаткандан улам барганын айткан. 2007-жылы илимий доклад жасаган Уатсон африкалыктардын интеллекти башкаларга караганда төмөнүрөөк деп айтып алып, эл аралык коомчулуктун катуу сынына кабылган. "Эгер медаль жакшы баага сатылса, андан түшкөн каражаттын көбүн кайрымдуулукка жумшайм" дейт окумуштуу.

Уатсондун кирешеси 2007-жылкы окуядан кийин дароо түшкөн. Азыр ал каражатка муктаж экенин айтууда. Нью-Йорктогу аукциончулар Нобель медалынын алгачкы баасы 2,5 миллионго коюлганын, бирок аны 10 миллион долларга чейин сатса болорун айтышууда" деп жазат Financial Times.

“Мени күйөөм сойку кылды”

Мас абалында машине айдоодон улам Индиядагы жол кырсыктары жыл сайын арбып барат. Аны токтотуу максатында чыккан “Мени күйөөм сойку кылды” аттуу социалдык видео-ролик алгач жарыяланары менен эле коомчулуктун кызыгуусун жаратып, бир күндүн ичинде ал YouTube сайтынан төрт миллион жолу ачылды деп маалымдайт The Business Insider журналы.

Индиядагы “Маалыматты бөлүшүү” аттуу уюм Мумбайда күйөөсү мас абалында машине айдагандан улам комага түшүп калып, дарыга акча таппай, сойкулукка барган аялдын таржымалын баяндаган үч мүнөттүк видео тарткан. Бул демилге тууралуу аны баштаган Рохит Сакуния: “Жылына Индияда 134 миӊ киши жол кырсыгынан өлүп жатат. Кырсыктын 70 проценти мас абалында машине айдагандан улам болууда. Биз алкоголь ичип унаага отургандарды токтотуу үчүн ушундай кадамга бардык”, - деди аталган басылмага.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG