Иранда хижабын чечкендер кармалды
Иран полициясы хижаб кийүүгө милдеттендирген мыйзамга каршы демонстрацияга чыккан 29 аялды камакка алганын билдирди. АКШ Латын Америкасындагы мамлекеттерге Кытай менен Орусиядан сак болууга чакырды. Британия-Кытай ишкерлери кеминде 13 млрд долларлык келишимдерге кол коюшту. Казакстан Орусиянын өтүнүчүн аткарып, Байкоңурдан учурулган ракеталардын калдыктары үчүн жаратылыш коругунун аймагын караштырууда. Кубанын маркум лидери Фидель Кастронун тун уулу 68 жашында өз өмүрүнө кол салды. Германияда сыноодон өтүп жаткан жаңы Airbus учагын алгачкылардан болуп “Эйр Астана” сатып алганы турат.
Чыгарылыштар
-
Январь 23, 2025
Кыргызстан АКШдан үч компанияны "кара тизмеден" чыгарууну өтүндү
-
Январь 22, 2025
АКШ: Мигранттардын абалы туңгуюкта
-
Январь 22, 2025
Татарстан: Мигранттарды коргонуу ишканаларына тартуу сунушталды
-
Январь 21, 2025
Казакстан: "Сатира - кылмыш эмес" деген активисттер кармалды
-
Январь 21, 2025
“Сапат”: Окуучулардын ата-энелери өлкө жетекчилигине кайрылды