Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Египет: Түндүк Синайдагы жамы мечитке чабуулдан 235тей киши набыт болду


Cинайдагы куралдуу чабуулга кабылган мечит, 24.11. 2017
Cинайдагы куралдуу чабуулга кабылган мечит, 24.11. 2017

Мысырдын түндүгүндөгү Синай аймагындагы мечитке жума намаз маалында террордук кол салуу болду. Анын айынан набыт болгондордун саны кеминде 235 кишиге жетти. Президент ас-Сиси террорчулар айоосуз жазаланаарын айтты.

Египеттин (Мысырдын) Түндүк Синай вилайетиндеги жамы мечитке кол салуудан курман болгондор кеминде 235 адамга жетти. 24-ноябрда жума намаз маалында террордук чабуул жасалып, бери дегенде 235 киши өмүрүнөн ажырады.

Набыт болгондордун көбү карапайым тургундар менен аскер кызматын өтөп жаткан жоокерлер.

Мысырдын мамлекеттик сыналгы каналы окуя Түндүк Синай вилайетинин борбору Эл-Ариш шаарынан 40 чакырым алыстыктагы Бир ал-Абд шаарчасында болгонун, андан көн сандагы киши жаракат алганын кабарлады.

Үрөй учурган окуя: Исламчыл согушкерлер Египеттин Синай жээктерине жакын жердеги суфилердин мечитине эл толук турганда ок жаадырып, бомбаларды жардырышты, бир топ адамдар мүрт кетип жана жарадар болушту. Ырайымсыз, кечиримсиз кылмыштын курмандыктарына жана жабыр тарткандарга көңүл айтам.

Египеттин президенти Абдел Фаттах ас-Сиси чабуулдан кийин чукул коопсуздук жыйынын өткөргөнү, өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланганы белгилүү болду. Президент ас-Сиси террорчулар айоосуз жазаланаарын айтты.

Ички иштер министрлиги баш калаа Каирде өзгөчө кырдаал киргизилгенин жума күнү жарыялады. Маалымат каражаттары бардык мамлекеттик жана башка маанилүү жайларды кайтарууга алуу тапшырмасы берилгенин жазып чыгышты.

Азырынча эч бир экстремисттик же террордук топ чабуулду мойнуна ала элек. Мечиттеги калаба Египеттин жаңы тарыхындагы эң кандуу чабуул болуп калды.

Британиянын, АКШнын, Иорданиянын бийликтери мысырдыктарга көңүл айтып, террордук чабуулду айыпташты.

“Ассошиейтед пресс” маалымат агенттигинин кабарына караганда, бомба жана мылтыктар менен куралданган адамдар төрт унаа менен жамы мечитке келишкен. Алар мечиттеги жума намазга чогулгандарга ок атуудан оболу бомба жардырышкан.

Негизинен Египеттеги радикал уюмдар Синай жарым аралында топтолгон. Өкмөт алар менен далай жылдан бери күрөшүп келатат.

Өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган террордук топ жарым аралды каратып алууга аракет кылып жүрөт.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG