Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:53

Манчестерде чабуулга шектүү жанкечтинин аты аталды


Манчестер шаарына илинген жазуу.
Манчестер шаарына илинген жазуу.

23-майда британ бийликтери чабуулду ишке ашырган деп Салман Абеди деген киши шектелип жатканын маалымдады.

Британ премьер-министри Тереза Мэй Манчестерде концерт көргөнү келген өспүрүмдөр менен балдарды бутага алып, 22 кишинин каны төгүлгөн окуя “үрөй учурган террористтик чабуул” экенинен күмөнү жоктугун айтты.

23-майда британ бийликтери чабуулду ишке ашырган деп Салман Абеди шектелип жатканын маалымдады. Ага чейин полиция жанкечти менен байланышы бар деген 23 жаштагы шектүү адам кармалганын билдирген.

Британиялык The Telegraph гезити Абеди 1994-жылы Манчестерде төрөлгөн деп кабарлайт. Анын ата-энеси Англияга Муаммар Каддафинин режиминен качып Ливиядан келишкен делет.

“Ислам мамлекети” радикал тобу кандуу булоонду ишке ашырганын мойнуна алды. Экстремисттик уюм социалдык медиа аркылуу тараткан билдирүүдө “халифаттын жоокерлеринин бири чогулган элдин ичине бомба койгонун” айтып, мындай чабуулдар уланат деп коркутат.

Кошмо Штаттардын чалгын кызматынын расмийлери Сенаттын комитетиндеги жыйында экстремисттик топтун билдирүүсү бышыкталбаган маалымат экенин айтышты.

АКШнын Улуттук чалгын мекемесинин жетекчиси Дэн Коутс “Радикал топ дээрлик бардык чабуулдарды мойнуна алат. Бул ирет биз байланышын бышыктай албайбыз” деди.

Лондондо чукул уюштурулган жыйында сүйлөгөн премьер Мэй “Манчестер Арена” стадионунда “эмне болгонун тезинен аныктоо” жүрүп жатканын айтты.

“Бул Улуу Британия башынан өткөргөн террористтик чабуулдун эң коркунучтуусу болду. Манчестердин башына мындай иш биринчи түшкөн жок, бул шаар менен Англиянын түндүгү эң жаман үрөй учурган чабуулга дуушар болду”, – деген премьер-министр ушул тапта полиция менен коопсуздук кызматтарына калабаны ким уюштурганын аныктоого зарыл болгон бардык каражат берилерин айтты.

Каза тапкандар менен жарадар болгондордун арасында “көбү балдар жана жаштар” экенин айткан Мэй 59 киши Манчестердин сегиз ооруканасында дарыланып жатканын кошумчалады.

“Жалгыз террорист өзү жасаган жардыруучу куралды кишилер көп өтө турган маалга туштап, көпчүлүктү бутага алып барып, кире бериштердин бирине жакын жерде жардырган”, - деди британ өкмөт башчысы.

Британ полициясы өлгөндөрдүн арасында сегиз жаштагы Саффи Руссос баштаган 16 жашка чейинки 12 өспүрүм кыз бардыгын билдирди. Sky телеканалы жанкечти бомбаны жардырганда өзү кошо жок болгонун полицияга шилтеме жасап кабарлады.

Ал ортодо полиция 23-майда Манчестердин борборунун түштүк ыптасында бамба табылып, зыянсыздандырылганын билдирди.

Манчестердин мэри Энди Бернхем “чабуул койгон экстремист” деп айтты.

Лидс шаарынын тургуну Гэри Уокер эл сыртка чыгууга агылганда жанкечти “Манчестер Аренанын” кире беришин көздөй жөнөгөнүн байкаганын Би-би-си телеканалына айтып берген. Кызын машинеде күтүп отурган Уокер концертке келгендерге майда-чүйдө сатылган жерде жанкечти бомба жардырганына күбө болгон. Ошол жерде болгон башкалар дагы адамдардын сулаган денелерине аралашып жаткан темир буроолорду, мыктарды байкашкан.

Ички иштер министри Амбер Радд кайгылуу окуяны “поп-концертке келген аярлуу топту - жаштар менен балдарды бутага алган жырткычтык менен жасалган чабуул”, - деп атады.

Кандуу чабуулдан кийин 8-июнга белгиленген парламенттик шайлоонун өнөктүгү белгисиз мөөнөткө токтотулду.

Дүйнөлүк лидерлер чабуулду айыптап, британдарга көңүл айтууда. АКШнын президенти Дональд Трамп, Орусиянын президенти Владимир Путин, Германиянын канцлери Ангела Меркел, француздардын лидери Эммануэл Макрон, Еврокомиссиянын президенти Жан Клод Юнкер кандуу чабуулду айыпташты.

Кытайдын лидери британ канышасына көнүл айтуу катын жиберип, “терең кайгыруусун” билдиргенин CCTV каналы кабарлады.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Лондонго жолдогон билдирүүсүндө “Кыргызстан тынч жарандардын бейпилдигине жана коопсуздугуна бүлүк салган экстремизмдин жана терроризмдин бардык түрүн чечкиндүү түрдө айыптайт" деп айтылат.

XS
SM
MD
LG