1991-жылы 19-21-августта Компартия менен КГБдагы консервативдүү күчтөр СССРдин лидери Михаил Горбачевго каршы төңкөрүш уюштурат. Бирок алар өз максатына жетпей, тескерисинче империянын кулашын тездеткен. 1991-жылы 24-августта Михаил Горбачев Советтер союзунун Коммунисттик партиясынын баш катчылык кызматын тапшыргандыгын жарыялаган.
СССРди тараткан төңкөрүш
Совет өлкөсүндөгү ГКЧП деп ат менен белгилүү мамлекеттик төңкөрүшкө туура 30 жыл толду.
1
Москванын борборундагы Калинин проспектисинде турган танктар. 19-август, 1991-жыл
2
Өзгөчө абал боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат жыйыны. Анда президенттин милдетин аткаруучу Геннадий Янаевдин (ортодо) колдору титиреп турганын журналисттер байкаган.
3
Москванын борборунда Ак үйгө коюлган тосмолордо отурган жаштар. 20-август, 1991-жыл
4
Аскер техникасынын колоннасы. Москва
5
Манеж аянтындагы жүздөгөн адамдар. Москва, 20-август, 1991-жыл
6
Орусия федерациясынын президенти Борис Ельцин танкага чыгып алып, элди жалпы нааразылык акцияларына чыгууга чакырууда. 19-август, 1991-жыл
7
Бородинск көпүрөсүндөгү танк. 2-август, 1991-жыл
8
Ак үйдү коргоочулар, 21-август, 1991-жыл
9
Борис Ельцин Жогорку Советтин кезексиз чакырылган сессиясында сөз сүйлөп жатат. 21-август, 1991-жыл
10
Борис Ельцин жана миңдеген адамдар ПУТЧтун ишке ашпай калганын майрамдашууда. 22-август, 1991-жыл
11
Виолончелист Мстислав Ростропович москвалыктар менен бирге ПУТЧтун жеңилишин майрамдоодо
12
Миңдеген москвалыктар Орусиянын чоң байрагын көтөрүп баратышат. 22-август, 1991-жыл
13
Ак үйдү коргоодо каза тапкандарды жерге берүү учуру. Алардын бири Дмитрий Комар кыргызстандык, тагыраак айтканда, Ысык- Ата районунан болгон. 24-август, 1991-жыл