Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

Трамп: АКШ Европадагы коопсуздукту сактоого даяр


АКШ президенти Доналд Трамп.
АКШ президенти Доналд Трамп.

Дональд Трамп бүгүн телевидение аркылуу Польшанын элине кайрылды.

6-июлда АКШ президенти Батыш жана Чыгыш Европадагы мамлекеттердин лидерлеринин саммитине катышат жана телевидение аркылуу Польшанын элине кайрылуу жасады.

- Америка Чыгыш Европадагы тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого кызыкдар жана Орусиянын аракеттерине жана дестабилдештерүүчү жоругуна жооп кайтаруу үчүн Польша менен кызматташууга даяр, - деди Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Варшавада өлкө башчысы Анджей Дуда менен жолугушкандан кийинки.

Трамп маалымат жыйындан кийин Чыгыш жана Борбордук Европа мамлекеттеринин лидерлеринин саммитине катышты. Ал жакта сүйлөгөн сөзүндө Трамп "Америка силердин эң башкы күчтүү союздашыңар жана кебелбес өнөктөшүңөр болот" деп кошумчалады.

Трамп Түндүк Кореянын ушул апта башында сыноодон өткөргөн континенттер аралык ракетасына жооп катары айрым катаал чараларды караштырып жатканын айтты. Бул тууралуу АКШ лидери 6-июлда Варшавада сүйлөп жатып билдирди. Трамп бардык мамлекеттерди Түндүк Кореянын "өтө начар жоругуна" каршы чыгууга чакырды.

Буга чейин Кошмо Штаттардын Улуттар уюмундагы туруктуу элчиси Никки Хейли "эгер зарыл болсо Вашингтон Түндүк Кореяга каршы куралдуу күчтөрүн колдонууга даяр экенин" айтты.

- Кошмо Штаттар өзүбүздү жана биздин союздаштарды коргоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга даяр. Биздин мүмкүнчүлүгүбүз куралдуу күчтөрүбүздө. Эгер кааласак биз аны колдонобуз, бирок биз бул багытта иш алып барууну көздөбөйбүз, - деди Хейли 5-июлда Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынында сүйлөп жатып.

Ошондой эле жыйында Хейли жакын арада Вашингтон Түндүк Кореяга каршы жаңы санкцияларды караган резолюция долбоорун Коопсуздук кеңештин өкүлдөрүнө сунуштарын айткан.

Түндүк Корея 4-июлда жаңы, планетанын каалаган жерине жете турган континент аралык ракетасын ийгиликтүү сынаганын ырастады. Өлкөнүн мамлекеттик телеканалы "Hwasong-14" ракетасы 2800 чакырымды 39 мүнөттө өтүп, максатына жеткенин кабарлаган.

Дональд Трамптын Европага экинчи расмий сапары 6-июлга караган түнү башталды. Ал бейшембиде Батыш жана Чыгыш Европадагы мамлекеттердин лидерлери менен жолугушат жана телевидение аркылуу Польша элине өз кайрылуусун жасайт.

6-июлдун кечинде Трамп Германиянын Гамбург шаарына жөнөп кетет. Ал жакта АКШ президенти жума күнү баштала турган "Чоң жыйырманын" саммитине катышып, 7-июлда Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолугары күтүлүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG