Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

АКШ: Флинндин ордуна МакМастер келди


Герберт МакМастер (солдо) менен президент Дональд Трамп.
Герберт МакМастер (солдо) менен президент Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп улуттук коопсуздук боюнча жаңы кеңешчисин дайындады. Ал Герберт МакМастер аттуу 54 жаштагы генерал.

Герберт МакМастер буга чейин Кошмо Штаттардын армиясынын кургактагы аскерлери боюнча жетекчилик кызматтарда иштеген.

Жаңы дайындоосу тууралуу президент Дональд Трамп Флорида штатындагы резиденциясында кабарлады:

- Биз дем алыш күндөргө карабастан бел чечпей, катуу иштеп атабыз. Тажрыйбалуу жана таланттуу адам генерал МакМастер эми улуттук коопсуздук боюнча кеңешчим болот. Акыркы эки күндө көп окуп, көп көрдүм. Бу кишинин баарынын, куралдуу күчтөрдүн арасында баркы зор. Анын катарыбызда болгону биз үчүн сыймык.

Трамп аны "козголоңду басуу боюнча эксперт" деп да атады. Ал эми Герберт МакМастер:

- Элибизге кызмат кылуу мүмкүнчүлүгү мен үчүн зор артыкчылык. Мен бул мүмкүнчүлүк үчүн сизге алкыш айтам. Жана улуттук коопсуздук боюнча командага кошулууну чыдамсыздык менен күтүүдөмүн. Америка элинин кызыкчылыгын коргоо үчүн мүмкүн болгондун баарын жасайм,- деди.

МакМастер Ирак менен Ооганстандагы коалициялык күчтөрдүн аскердик операцияларында да кызмат өтөгөн.

Ал адегенде Перси булуңундагы согуш учурунда белгилүү болуп, 91-жылы эрдиги үчүн аскердик абройлуу Күмүш жылдыз орденин алган.

Ал ошондой эле 1997-жылы “Аткарылбаган милдеттер” аттуу китебинде АКШнын саясий жана аскердик жетекчилигин Вьетнам согушундагы кемчиликтери үчүн сындап, аты чыккан.

2014-жылы "Таймс" журналы аны системаны сындыра алчу киши деп сыпаттап, дүйнөдөгү 100 таасирдүү адамдын катарына кошкон.

Трампты такай сындап келген партиялашы, сенатор Жон Маккейн бул тандоо ага жакканын билдирди. Обаманын тушунда Орусияда элчи болгон Майкл Макфол Твиттер баракчасына МакМастерди жетекчисинен коркпогон инсан катары мүнөздөдү.

Жаңы кеңешчи ызы-чуунун арты менен бул кызматтан ыктыярдуу кеткен генерал Майкл Флинндин ордуна келүүдө. Флинн өткөн жылдын декабрында орус элчиси Сергей Кисляк менен байланыштары тууралуу толук маалымат бербегенин мойнуна алып, 13-февралда кызматынан кеткен. Анда орус элчисине сыр маалыматтарды ачпаганы менен шайланган президент ишке киришкенге чейинки сүйлөшүүнүн өзү эле эрежеге сыйбай турганы айтылган.

Президент улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисин Сенаттын макулдугу жок эле өзү дайындайт.

Бул кызматтын мааниси ар бир президент учурунда ар башка боло келген. Ошентсе да коопсуздук боюнча кеңешчи Улуттук коопсуздук боюнча жыйындарга Мамлекеттик департамент, Коргоо министрлиги жана башка күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен чогуу катыша алат.

Трамп коопсуздугубуз үчүн деп качкындарга, айрым мусулман өлкөлөрүнүн жарандарына виза берүүнү чектөөнү, Мексика менен чек арага коргон курууну баштаганы белгилүү. Мына ушул жана башка маселелерде улуттук коопсуздук боюнча кеңешчинин орду чоң.

Ак үйдүн маалымат катчысы Шон Спайсер бул кызматка мурдараак МакМастерден башка эки генералдын, АКШнын БУУдагы мурдагы өкүлү Жон Болтондун талапкердиги да каралып жатканын айткан. Ал эми бул орунга келүү сунушунан вице-адмирал Роберт Гарвард баш тартканы кабарланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG