Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:22

Мишел Обама Айовада


Мишел Обама
Мишел Обама

АКШнын Айова штатында жүргөн кабарчыбыз Жаңыл Жусупжан аймактагы президенттик шайлоо өнөктүгү тууралуу маалымат берди.

- АКШда ураганга карабай шайлоо өнөктүгү уланып жатат. Соңку кандай кабарыңыз бар?

- “Сенди” бороонун күчү боюнча президенттик салгылаштын күчүнө салыштырса болсо керек. Бул айда, жылда эмес, беш жүз жылда, ал түгүл миң жылда бир болуучу бороон деп айтып жатышат. Эми аны көрө жатаарбыз. Обаманын бороон боюнча аракети шайлоого анчейин таасир тийгизе албашы мүмкүн. Анткени шайлоого аз эле убакыт калды.

Ал эми мен турган Айова штаты – Американын түндүк жана борбордук аймагы. Бул жакта кеч күз болуп калды. Күндүн анчалык күчү жок. Бирок күн жаркырап тийип турат.

- Шайлоого келсек, бүгүн Обаманын жубайы Мишел Обама сиз жүргөн Айова штатына келиптир. Кыргызстанда шайлоо учурунда калкы көбүрөөк шаар, айылдарга барып үгүт жүргүзгөнгө аракет кылышат. Бирок Мишел Обама эмне үчүн калкы азыраак Айова штатына барды?

Жаңыл Жусупжан
Жаңыл Жусупжан
- Туура айтасыз. Мисалы Калифорния, Флорида, Техас сыяктуу дөө штаттар бар. Ал жактарга барбастан, талапкерлер көбүнесе Охайо, Айова сыяктуу он чакты штатта жүрүшөт. Анын себеби, маселен Калифорния жүз пайыз демократтардын колунда экени белгилүү. Ал эми Флорида жүз пайыз республикачылардын колунда болот деген ишеним бар.

Ошондуктан алар орто жолдогу, арсар штаттарга барып, ошол жакта шайлоочуларды өз тарабына тартканга аракет кылып жатышат. Ошондуктан акыркы бир айдын ичинде Айова штатында Обама төрт жолу болду. Митт Ромни да болду. Анын бул штатка дагы келем деген ниети бороонго байланыштуу ишке ашпай калды. Азыр эми Мишел Обама бул жерге келип жатат.

- Биринчи айым эмне деп сүйлөдү? Сизге кандай таасир калтырды?

- Мишел Обама өтө жөнөкөй, жалпак тилде сүйлөдү. Менимче, анын ар бир сөзү ар бир адамга түшүнүктүү болуп жатты. Ал сөзүн бороондо кыйынчылыкка туш келген адамдарга көңүл айтуу менен баштады. Ошондой эле мындан 23 жыл мурда кол кармашкан Барак Обамага болгон махабаты күнү бүгүнкүдөй экенин белгиледи.

Ал өзү билимдүү, түшүнүктүү, сулуу десе сулуу, акылдуу десең акылдуу биринчи айым болгондуктан, ага чогулгандар бир чети суктанып карап турушса, анын махабат тууралуу айткан сөздөрүнө ишенип жатышты десем аша чапкандык болбойт.
XS
SM
MD
LG