Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:20
Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын жаңы президенти кызматка киришти

АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын жана вице-президенти Майк Пенстин кызматка кирүү аземи өттү. Салтанатка кызматын тапшырып жаткан президент Барак Обама жана вице-президент Жо Байден үй-бүлөлөрү менен катышты. Ошондой эле аземге экс-президенттер Жимми Картер, кичүү Жорж Буш, Билл Клинтон жубайы, Трамптын атаандашы Хиллари Клинтон катышты.

Башталды. Трамп салтанаттуу аземге баратат. Ошондон кийин ал АКШнын президенти кызматына киришет.

Биринчи айым Трамп ант берүүчү жерге чыгып келатат.

Дональд Трамптын ант берүү аземи расмий башталды. Анын ачылышында сөз сүйлөгөн Конгресстеги инаугурация комитетинин төрагасы Рей Блант бүгүнкү күндү “жеңиштин эмес, демократиянын майрамы” деп мүнөздөдү.

Биринчи болуп вице-президент Майк Пенс ант берди. Вице-президенттер АКШ президенттери менен чогуу ант берүүгө 1937-жылдан тарта катыша башташкан. Ага чейин өзүнчө, Сенаттын жыйындар залында ант беришчү. Конституция боюнча АКШнын вице-президенти номиналдуу түрдө Сенаттын башчысы болуп да эсептелет жана эгерде кайсы бир маселе боюнча сенаторлордун добушу тең болуп калса, анын добушу чечүүчү болот.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG