Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33
Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын жаңы президенти кызматка киришти

АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын жана вице-президенти Майк Пенстин кызматка кирүү аземи өттү. Салтанатка кызматын тапшырып жаткан президент Барак Обама жана вице-президент Жо Байден үй-бүлөлөрү менен катышты. Ошондой эле аземге экс-президенттер Жимми Картер, кичүү Жорж Буш, Билл Клинтон жубайы, Трамптын атаандашы Хиллари Клинтон катышты.

Эскерте кетели, Трамп ант бергенден кийин Вашингтондун убактысы боюнча түшкү саат 12.01де жаңы президентке бийлик өткөрүлүп берилет. Азыр болсо кызматынан кетип бараткан жана жаңы президенттердин катышуусу менен чай ичүү аземи өтүүдө.

Вашингтондун көчөлөрүндө нааразылык акцияларына чыккандар аз эмес. Алардын айрымдары көзөмөл-өткөрүүчү пункттарга бараткан жолдорду тосууга аракет жасап жатышат. Бул бекеттер аркылуу инаугурация аземинин катышуучуларын өткөрүшүүдө.

Ант берүү аземи өтө турган Капитолийге сыйлуу коноктор келе баштады. Алардын арасында мурдагы президент Жорж Буш жана жубайы Лаура бар. Буштун атасы ооруканада жаткандыктан аземге келе алган жок. Инаугурацияга мурдагы президенттер Билл Клинтон жана Жимми Картер катышат деп күтүлүүдө. Сүрөттө: Жимми Картер Атлантадан Вашингтонго кадимки учак менен келди.

Дональд Трамптын инаугурациясы нааразылык акциялары менен коштолууда.

Акциялар кечээ башталган. Вашингтондо митингдин катышуучулары менен полиция ортосунда кагылышуулар орун алды. Демонстранттар “Расизм” деген жазуусу бар үйлөнмө пилди көтөрүп басып, Трамптын “Американы кайрадан улуу кылабыз” деген урааны жазылган баш кийимди өрттөштү. Полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонууга мажбур болду. Бир адам камакка алынды.

Трамптын инаугурациясына каршы акция Нью-Йорктогу Trump International мейманканасынын алдында да өттү. Митингге белгилүү актерлор Роберт Де Ниро, Салли Филд, Синтия Никсон, Марк Руффало, кинорежиссер Майкл Мур, шаар мэри Билл Де Блазио катышты.

Эртең Вашингтондо Аялдар жүрүшү жана башка нааразылык акциялары өтөт деп күтүлүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG