Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:43
Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын жаңы президенти кызматка киришти

АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын жана вице-президенти Майк Пенстин кызматка кирүү аземи өттү. Салтанатка кызматын тапшырып жаткан президент Барак Обама жана вице-президент Жо Байден үй-бүлөлөрү менен катышты. Ошондой эле аземге экс-президенттер Жимми Картер, кичүү Жорж Буш, Билл Клинтон жубайы, Трамптын атаандашы Хиллари Клинтон катышты.

Трамптын кабинети тууралуу кыскача маалымат. Вашингтон убактысы боюнча саат 12.01де жаңы президент ант бергенден кийин кабинеттеги бардык кызматтар бош болот – Обама администрациясынын мүчөлөрү кызматынан кетүү тууралуу арыз жазышты. Жаңы администрациянын мүчөлөрүн Сенат бекитиши керек (Ак үйдүн администрациясындагы кызматтарды ээлегендер – анын ичинде администрация башчысы Рейнс Прибус жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майкл Флинн Сенаттын уруксатысыз ишке кирише алышат).

Трамптын президенттик кызматтагы алгачкы күнү Сенат болгону эки министрди – Пентагондун жаңы башчысы Жеймс Маттисти жана ички коопсуздук мекемесинин жетекчиси Жон Келлини бекитет деп күтүлүүдө.

Трамп жана Мелания Ыйык Иоанн чиркөөсүнө келишти. Жаңы шайланган президенттин жубайынын көйнөгүн Жаклин Кеннеди жактырган көйнөктөргө окшоштуруп жатышат (атүгүл бул фасондун атайын аталышы да бар - Jackie O. Dress).

Дональд Трамп жана вице-президент Майк Пенс Ыйык Иоанндын чиркөөсүнө келишти. Бул жердеги иш-чара бир саатка жакын созулат. Андан кийин шайланган президент Ак үйдө президент Барак Обама менен чай ичет.

АКШнын 45-президенти Дональд Трамп үчүн инаугурация күнү Ыйык Иоанн чиркөөсүндө кеңири коомчулук жана журналисттер үчүн жабык болгон иш-чара менен башталды. Чиркөөгө жаңы шайланган президент жубайы Мелания менен келди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG