Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

Трамп экономиканы колдоо чараларына көндү


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

27-декабрда АКШнын президенти Дональд Трамп пандемиядан жабыркаган экономикага 900 миллиард доллар бөлүү тууралуу мыйзам долбооруна кол койду.

Трамп дээрлик 14 миллиондой америкалык жаранга жумушсуздук боюнча кошумча жөлөк пул төлөөнү караган документке бир нече күндөн бери кол коюудан баш тартып келген.

Ага чейин ар бир америкалыкка 600 доллар жөлөк пул бөлүүнү колдоп берген Өкүлдөр Палатасы менен Сенаттын чечимин «шермендечилик» деп атап, бул мыйзам долбоорду кайрадан карап чыгууну талап кылган.

«Мен Конгрессти бул мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, күлкүнү келтирген 600 долларды 2 миң долларга чейин же жубайларга 4 миң долларга чейин көбөйтүп берүүнү суранам. Мен ошондой эле Конгресс бул мыйзамдагы кереги жок, ашыкча чыгымдарды талап кылган беренелерди тез арада алып салып, мага жаңы долбоорду жөнөтүшүн суранам. Андай болбосо COVID жардам пакеттерин кийинки администрация жеткириши керек болот», - деген өткөн жумада Трамп.

Анда Конгресстеги Өкүлдөр Палатасынын спикери Нэнси Пелоси демократтар мындай сунушту карап чыгууга даяр экенин «Твиттер» баракчасында билдирген.

«Республикачылар президент жардам иретинде кандай каражат бөлүүнү каалай турганын айтуудан бир нече жолу баш тартып келишкен. Акыры президент 2 миң долларга макулдугун билдирди. Демократтар бир добуштан ушул жумада бул маселени талкууга алып чыгууга даяр», деп жазган Пелоси.

Анткен менен Трамптын партиялаштары – республикачылардын көпчүлүгү бул идеяны колдоодон баш тартышкан. Алар Трампка оболу мыйзам долбооруна кол коюп, андан соң жетишсиз жактарына кошумча каражат издөө орундуу болорун, антпесе өлкө башаламандыкка кептелиши ыктымал экенин эскертишкен.

Мыйзамда көпчүлүк америкалыктарга бир жолу 600 доллардан жөлөк каралган. Мындан сырткары чакан ишкерликти колдоого 325 миллиард доллар жумшалса, 15 миллиард доллар авиакомпанияларга бөлүнөт.

Бул мыйзам 29-декабрга чейин кабыл алынбаса, өкмөттүн мамлекеттик ишмердикти каржылоого да акчасы жок калмак. Анда америкалыктарга жөлөк пулдан тышкары өкмөттүк органдарынын ишермедүүлүгүнө 1,4 триллион доллар каралган.

Пенсилваниялык сенатор Пэт Туми «Fox News» телеканалы менен болгон маегинде: «Трамп аны америкалыктар чоң жөлөк пул үчүн күрөшкөн президент катары эстеп калышын каалайт, бирок аны хаос, кыйынчылыктар жана өзүм билемдик жүрүм-туруму үчүн эстеп калышат», - дегени бар.

Ал эми АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден: «Майрам күндөрү миллиондогон америкалыктардын үй-жайы болсун жана дасторконуна тамак-аш алгыдай болсун», - деп суранган.

Трамп бекиткен АКШнын 2021-жылга карата бюжетинде сырткы саясатка тиешелүү бир катар демилгелер бар. Анда Беларуста адам укуктарын коргоо, Орусия менен Кытайдын башка өлкөлөрдөгү демократиялык институттарга таасирин чектөө, Евразия менен Борбор Азияда укук коргоо жана күч органдарынын потенциалын көтөрүү сыяктуу программалар камтылган.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG