Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:42

US: кыргыздар, келгиле, топ тебели


Бул күндөрү Огайо штатында АКШда жашаган кыргызстандыктардын футболдук таймашы өтүп, алты штаттан келген алты команда катышууда.

Мелдешти уюштурууга “Кыргыз салам” диаспорасы демилгечи болуп, мекендештер көк майсаңда топ тээп, аны менен бирге Кошмо Штаттардагы кыргыз диаспоралар ортосундагы байланышты чыңдоону көздөйт.

Учурда АКШда чыгармачыл сапарда жүргөн кабарчыбыз Жанарбек Акаевдин мелдештен жиберген сүрөттөрүн сунуштайбыз.





Жашыл майсаңда - жаңы командалар.
Кимиси чемпион болот?












Oюндун калысы: бутка тебишпегиле, утулганды билгиле












Булар болсо оо жүздөгөн чакырым жол басып
Нью-Йорктон келишти











Кыргызстандын АКШдагы элчиси Мухтар Жумалиев өтмө кубокту Огайодогу диаспора жетекчиси
Бакай Оморовго тапшырууда





  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG