Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:18

Обама менен Ромни теледабатта беттешкени калды


АКШ президенттигине негизги талапкерлер: Митт Ромни жана президент Барак Обаманын чоподон жасалган бюсттары. Вашингтондогу Тюссо айымдын музейи. 1-октябрь 2012
АКШ президенттигине негизги талапкерлер: Митт Ромни жана президент Барак Обаманын чоподон жасалган бюсттары. Вашингтондогу Тюссо айымдын музейи. 1-октябрь 2012

Ушу түнү Колорадо штатындагы Денвер университетинин адеми залында АКШ президенттигине талапкерлер алгачкы телетаймашка чыгат.

Бул 6-ноябрдагы шайлоого чейин АКШ президенттигине талапкерлер: Барак Обама менен Митт Ромнинин жалпы коомчулук алдында өткөрүчү үч телеэрөөлдүн алгачкысы. Акыркы сурамжылоолор Обаманы колдоочулар көбүрөөк экенин көрсөткөн. Бирок талдоочулардын айтышынча, эки талапкер ортосундагы таймаш өтө курч жүрөт жана Ромни атаандашынын кемчилигин шып илип, өзү олуттуу катачылык кетирбесе, маарага Обама менен тизгин талаша жетиши мүмкүн.

Кайл Кондик Виржиния университетинин Саясый изилдөөлөр борборунун талдоочусу. Ал президенттикке талапкерлердин теледебаты өтө маанилүү болгону менен тарыхый жактан алганда добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этпейт деген көз карашта:

- Ромни эч кандай чоң жаңылыштык кетирбейм деп өзүнө ишенүүсү зарыл. Ал балким президентти айрым бир каталарды кетиргенге түрткөнгө аракет кылышы мүмкүн. Дебаттардын практикалык мааниси боюнча анча-мынча суроолор бар. Бирок дебаттар календарда ири окуя экенин эске алганда, Ромни президенттик жарышта артка калгандыктан, көп нерсени жасаганга үлгүрүшү абзел.

2008-жылы 4-ноябрда президенттик шайлоо күнү добуш берүү үчүн узук кезек күткөн жарандар. Канзас шаары.
2008-жылы 4-ноябрда президенттик шайлоо күнү добуш берүү үчүн узук кезек күткөн жарандар. Канзас шаары.
Төрт жылда мурдакы президенттик шайлоо өнөктүгү кезде Барак Обама менен сенатор Жон МакКейн ортосундагы эрөөлдү 53 миллионго жакын адам көгүлтүр экрандан көргөн.

Бүгүн түнкү эрөөлдө Ромни анын экономикалык планы президент Обаманыкына караганда мыкты экенине көпчүлүктү ишендирүүгө тийиш. Ага ошондой эле элге жылдыздуу көрүнүш үчүн өзүн дайыма жайдары жана жөнөкөй кармашы жөндүү дешет америкалык саясат таануучулар.

Анткени соңку айда өткөрүлгөн бир изилдөө - мурдакы президент Жорж Бушка караганда Мит Ромнини жек көргөн адамдар көп экенин көрсөткөн. Ал Pew изилдөө борборунун сурамжылоосуна катышкандардын 64 процентке жакыны Обама аларда ишеним жаратат дешсе, 43 проценти Ромнини жакшы көрүү кыйын экенин айтышкан.

Жакында Ромини акчалуу сүрөөнчүлөр менен жолугушууда өкмөттөн ар кандай жөлөк пул жана башка социалдык колдоо алып жүргөн адамдардын 47 проценти “эч качан өз өмүрү үчүн жоопкерчиликти жеке өзүнө албайт” деп айтып жаткан видеотасма ачыкка чыгып кетти. Бул коомчулуктун бүйүрүн кызытып, элдин ага болгон мамилесине бир кыйла тескери таасир этти.

65 жаштагы Митт Ромни республикалык партиясынын праймериз шайлоосунда да сөзүнөн адашып осол болгон. Бир жолкусунда:”Мен Кудай үчүн президенттикке ат салышуудамын. Менде мыйзамсыз иммигрант жумушчуларым жок”(I’m running for office, for Pete’s sake. I can’t have illegals) деген мааниде сүйлөсө, башка бир ирет Техастын губернатору Рик Перрини сен мен жөнүндө жалган маалымат айтканыңды далилдеп берем, “келе 10 миң долларга сайышалы” деп, көпчүлүктү айран кылган.

Хиллари Клинтон жана Барак Обама 2008-жылы 26-февралда Демократтар партиясынан президенттикке талапкерлердин дебаты маалында. Кливленд шаары.
Хиллари Клинтон жана Барак Обама 2008-жылы 26-февралда Демократтар партиясынан президенттикке талапкерлердин дебаты маалында. Кливленд шаары.
52нин кырындагы Барак Обама оюн так, таамай, жеткиликтүү түшүндүрө алганы менен, эл алдындагы дебат кезде өзүн өзү жакшы көзөмөлдөй албай, ичиндеги уйгу-туйгу ойлору жүзүнө чыгып, атаандашынын сөзүнө териккенин жана нааразы болгонун билдирип койот.

Серепчилердин айтымына караганда, Обамага азыр шайлоочуларды өткөн төрт жылда акыр аягына жеткире албаган иштерди бүткөрөрүнө, өзгөчө, АКШнын экономикасыны ордунан ишенимдүү козголтуп кетерине ишендириш керек.

Азыр расмий маалымат боюнча, 314 млн. калктуу Кошмо Штаттардын эмгекке жарамдуу адамдарынын 8 проценттен көбүрөөгү жумушсуз.

Кайл Кондик мисалы, сурамжылоодо Барак Обама атаандашы Мит Ромниден алдыда бараткандыктан, ал миллиондогон америкалыктар көрчү телетаймашта 2008-жылкы дебат кезиндегидей элирип кетпей, сыпайы жана кылдат болушу лаазым деген пикирде:

- Мен туура сөздү колдонсом: текебердик кылбоо керек. Менимче, президент 2008-жылкы дебатта Хиллари Клинтондон кээ учурда алга озуп жатса да, өзүн ал бир аз айкөл көрсөтсө болмок.

Төрт жыл мурдакы президенттик шайлоо өнөктүгү маалындагы телеэрөөлдө алып баруучу Хиллари айымга кайрылып, шайлоочулардын сизге караганда Обманы көбүрөөк сүйгөнү тынчсыздандырбайбы деп сураган. Ошондо Обама бет алдындагы дептеринен көзүн албастан туруп: “Сиз, Хиллари, жакшы эле сымбаттуу экенсиз”,- деп балп эттирген.

Америкалык серепчилердин сөзүнө караганда, 90 мүнөттүк телеэрөөлдө президенттикке талапкерлер демократ Барак Обама жана республикачыл Мит Ромни негизинен экономикалык маселелерди талкуулашат. Бирок телекөрүүчүлөр аларга суроо бере алышпайт.

Келерки дебатта эки талапкерге каалаган адамдар суроо бере алат. Соңку үчүнчү телетаймаш АКШнын тышкы саясатына арналат.

XS
SM
MD
LG