Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:19

Генерал Петреус "ала жипти аттаганы" үчүн кызматын таштады


Дэвид Петреус Бишкектеги маалымат жыйынында. 19-январь, 2009.
Дэвид Петреус Бишкектеги маалымат жыйынында. 19-январь, 2009.

АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын директору, 60 жаштагы Дэвид Петреустун Паула Броадвелли деген айым менен мамилеси ачыкталып калды.

АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын директору, 60 жаштагы генерал Дэвид Петреус кызматтан кетүү чечимине “аялынын көзүнө чөп cалышы” себеп болгонун өзү жетектеген мекеменин кызматкерлерине жолдогон катта айткан:

“37 жыл бирге турмуш курган аялымдын көзүнө чөп салып, бул жашоодо одоно ката кетирдим. Мындай жүрүм-турум күйөө катары да, биздин мекеменин башчысы катары да мен үчүн элдешкис нерсе. Кызматтан кетүү тууралуу арызымды бүгүн президент кабыл алды” – деп айтылат Петреустун 9-ноябрдагы билдирүүсүндө.

Сөз болуп жаткан бул иш быйыл Петреустун өмүр таржымалы тууралуу китеп чыгарып, Ооганстанга чейин аны менен чогуу саякаттап келген Паула Броудвелл (Paula Broadwell) менен байланыштуу экенин америкалык маалымат каражаттары жазууда. Федералдык иликтөөлөр бюросу (ФБР) Паула айым Петреустун жашыруун маалыматтар алмашкан электрондук почтасын окуй алган-албаганын териштире баштады.

Дэвид Петреус ЦРУнун директорлугуна былтыр келген. Ага чейин Ооганстандагы НАТО жетектеген эл аралык күчтөрдүн башкы командачысы кызматын аткарган.

Жума күнү кечинде таратылган билдирүүдө АКШ президенти Барак Обама Дэвид Петреус адискөй аскер адамы жана чалгын башчысы катары ондогон жылдар бою Кошмо Штаттарга ишенимдүү кызмат өтөгөнүн белгилеп, ЦРУ мындан ары да өнүгүү менен өзүнүн маанилүү миссиясын аткара берээрине үмүт артаарын билдирген.

"Өз өмүрүн аскер ишине арнап, мыкты аскерий карьерага жетүү менен Дэвид Петреус биздин өлкөнүн күчтүү жана коопсуз болуусуна салым кошту”, - деп айтылат президенттин билдирүүсүндө.

Улуттук чалгын кызматынын директору Жеймс Клаппер болсо “Дэвиддин кызматтан кетүү чечими биздин өлкөдөгү сыйлуу бир мамлекеттик кызматкерди жоготуу дегенди билдирет”, - деп айтты.

Эми ЦРУнун директорунун милдетин бул мекеменин башчысынын орун басары Майкл Морелл аткара турган болду.

Петреустун жеке турмушуна байланышкан бул маселе аны ЦРУ башчылыгынан алып түшүүгө кандай тиешеси бардыгы, дегеле бул “купуя иш” кантип ачыкка чыгып кеткени да дароо эле ачык-айкын болгон жок.

Көрсө, кийин белгилүү болгон маалыматтарга караганда, бул иш Федералдык иликтөөлөр бюросунун изилдөөсүндө айкын болгон экен.

XS
SM
MD
LG