Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:43

Аялдарды коргогон декларация кабыл алынды


Мусулман жана Батыш өлкөлөрү аялдарга каршы зомбулук менен күрөштү күч алдырууга багытталган жаңы декларацияны кабыл алышты. Иран, Орусия, Католик чиркөөсү Бириккен улуттар уюмунда жактырылган бул декларацияга каршы чыгышкан эле.

БУУнун Аялдардын макамы боюнча комиссиясында көпчүлүк добуш менен жактырылган декларацияда аялдарга каршы зордук-зомбулукту "салт-санаа же диний себептер менен" актап, же көз жаздымда калтырууга болбой тургандыгы айтылат. Ошондой эле кыздар менен аялдарга жыныстык билим берүүгө жана бойдон сактануу менен камсыздоого чакырык камтылган. Декларацияны Рим католик чиркөөсү, Иран, Орусия өңдөнгөн айрым өлкөлөр колдогон жок.

Ал эми "Мусулман агайиндери" бийликте турган Египет бул декларация "коомду кыйратат" деп ырастады. Укук коргоочулар декларацияны маанилүү кадам деп баалашты. Талкууга 190дой мамлекет катышты.

Түркия - Аялдар күнүнөн бир көрүнүш, 8-март, 2013-жыл
Түркия - Аялдар күнүнөн бир көрүнүш, 8-март, 2013-жыл
Нью-Йоркто жайгашкан Аялдардын саламаттыгы боюнча эл аралык коалициянын жетекчилеринин бири Шанон Ковалски “Азатыкка” бул “дымагы күчтүү документ” экенин мындайча билдирди:

– Бул жакшы жазылган, максаттары бийик декларация. Биз аялдар менен кыздарга каршы зомбулукту бутага алган бул документтин кабыл алынганына кубанычтабыз.

Дипломаттар “Азаттыкка” Иран, Орусия, Ватикан менен катар, айрым африкалык жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн каршылыгынан улам, башынан эле тексттин долбооруна өзгөрүүлөр киргизилиши керек болгонун айтышты.

БУУдагы бир дипломат өз атын атабастан "Азаттыкка" билдиргендей, кумсалардын укуктары, өспүрүмдөргө сексуалдык билим берүү, бойдон сактануу, бойдон алдыруу жана күйөөсү аялын зордуктаган учурлар өзгөчө талаш жаратты.

Ковалскийдин сөзү боюнча, декларациянын колдоочулары каалагандай, аялы зордуктаган күйөөсүн сотко бере алышына чакырык жана жынысына байланышкан зордукчулукту айыптоо камтылбай калды. Бирок жактырылган текстте зордукталган аялдарга бойдон сактануу боюнча чукул жардам көрсөтүү, бойдон сактанууга жана жыныстык жол менен берилүүчү оорулардан дарыланууга шарт түзүү чакырыгы кирди.

Египет жана бир катар өлкөлөр кайсы бир “салт-санаага” каршы келген беренелерди аткаруудан баш тартуу укугун талап кылышкан але. Активисттер мындай укук декларацияны жокко чыгарууга тете экендигин айтышкан.

Ковалскийдин айтымында, жактырылган текстте мамлекеттер “салтка же динге таянып, аялдарга каршы зомбулукту көз жаздымда калтырбашы керек" экендиги айтылат. Декларациянын колдоочулары бул документтин аткарылышы милдеттүү болбогону менен, анын саясий мааниси бар экендигин айтышууда.

"Аялдардын дүйнөлүк лидерлиги" деп аталган борбордун аткаруучу директору Радхика Балакришнан Орусияны бул талкууну өзүнүн эл аралык саясий таасирин күч алдыруу үчүн пайдалангандыгын сынга алды.

Беш жаштагы ооган кызды 22 жаштагы кошунасы зордуктагандан кийин ооруканага оор абалында түштү
Беш жаштагы ооган кызды 22 жаштагы кошунасы зордуктагандан кийин ооруканага оор абалында түштү
Аялдарга үй-бүлөдөгү акча сарптоону көзөмөлгө алып, күйөөсүнүн уруксаты жок бир жакка баруу укугу берилсе, “коомдун таш-талканы чыгат” деген Египет да активисттердин сынына кабылды.

Декларация аялдарга каршы оор кылмыштар жасалган соңку окуялардан кийин кабыл алынды.

Былтыр октябрда Пакистанда кыздардын билим алышы үчүн күрөшкөн 15 жаштагы Малала Юсуфзайды талиптер башка атып, оор жарадар кылышкан. Декабрда Нью-Делиде сүрмө топ зордуктаган 23 жаштагы студент кыз оор жараатынан көз жумду. Бул окуялар эки өлкөдө коомчулукту катуу дүрбөтүп, аялдардын коопсуздугун камсыздоону талап кылган ири демонстрациялар болгон.

Мына эми декларация кабыл алынган жекшемби күнү (16-март) Индиянын борбордук аймагында 39 жаштагы чет элдик турист аялды сегиз эркек зордуктады.

Кыргызстанда бүгүн укук коргоочулар ондогон кыз уурдоонун курмандыктары арасынан үч ирет уурдалып, үч жолу зордукталган кыз боюнча сот ишине коомчулуктун көңүлүн бурууга аракеттенишүүдө.

XS
SM
MD
LG