Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:58

БУУ Сербия менен Косовону диалогго чакырды


Серб тышкы иштер министри Вук Еремич: "Сербия Косовонун эгемендигин таныбайт"
Серб тышкы иштер министри Вук Еремич: "Сербия Косовонун эгемендигин таныбайт"

Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясы Сербия менен Косовонун ортосундагы сүйлөшүүлөрдө ортомчулук милдетти Евробиримдикке жүктөгөн резолюцияны кабыл алды. Документ Сербия тарабынан колдоого алынган.

Буга чейинки документте Сербия өзүнүн курамынан Косово чыкканын такыр тааныбай турганын билдирип, мурдагы провинциянын статусу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө чакырган болчу. Эми жаңы документ чындап эле жаатташкан тараптарды жараштырууга шарт түзө алабы?

Ошентип, Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясы Сербия менен Косово ортосунда диалогду баштоого жол ача турган компромисттик резолюцияны кабыл алды.

Ушул бейшембиде кабыл алынган документте ошол диалогду Евробиримдик уюштура турганы айтылды. Косово да, Сербия да биримдикке мүчөлүк алууну самап жүрүшөт.

Эгерде чындап эле эки тарап ортосунда сүйлөшүү баштала турган болсо, бул “Косово 2008-жылы өзүн Сербиядан көзкарандысыз мамлекет” деп жарыялагандан берки алгачкы жолугушуу болуп калмак.

Резолюция ушул жылдын июлунда Улуттар уюмунун эларалык соту чыгарган кеңеш-пикирди да эске алды. Анда эларалык сот “Косовонун көзкарандысыздык жарыялаганы эларалык мыйзамдарды бузган эмес” деген тыянак чыгарган.

Прогресс үчүн мүмкүнчүлүк

Азыркы резолюция, буга чейин Сербия сунуш кылган документке караганда, алда канча жумшагыраак көрүнөт. Мурдагысында Сербия Косовонун эгемендигин кескин айыптап, анын статусун кайра кароону талап кылган болчу. Азыркы документте бул өңдүү талаптар жок.

Ошентсе да, азыр эми эки тарап бир үстөлдө отуруп, эмнени талкуулашат – белгисиз. Анткени расмий Белград Приштинаны өз алдынча жумурият деп эч качан тааныбай турганынан кайтпай келет. Башкы Ассамблеяда сүйлөп жатып, Сербиянын тышкы иштер министри Вук Еремич: “Сербия республикасы Косовонун өз алдынча көзкарандысыздык жарыялаган декларациясын тааныбайт жана таанууга да милдеттүү эмес”, - деди.

“Азаттык” радиосу Еремичтен “Андай экен, Белграддын кийинки кадамы кандай болот?” деп сурады. Буга министр: “Барган сайын биз Косово проблемасы боюнча туруктуу бир чечимге жол ача турган диалогго жетебиз го деп үмүттөнөм. Буга байланыштуу бүт мыйзамдык аракеттер, албетте, Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши тарабынан жактырылышы зарыл”, - деп жооп берди.

Андан мурдараак Бириккен улуттар уюмунун баш-катчысы Пан Ги Мун Косово проблемасы боюнча азырга чейин уюмдун 1244-резолюциясы иштей турганын бышыктады. Баса, бул резолюция Сербиянын аймактык бүтүндүгүн тааныйт.

“1244-резолюция дале күчүндө, - деди баш-катчы. - Демек, Бириккен улуттар уюмунун Косоводогу миссиясы бейтарап позициядагы ишин аткара берет”.

Бириккен улуттар уюмуна мүчө ондогон өлкөлөр Косовону өз алдынча өлкө деп тааныган. Алар эми Белградды жаңы саясий абалды таанууга, Приштина менен диалогду баштоого чакырып жатышат.

Эки млн.дой калкы бар Косоводо албандар элдин 90% түзүшөт. Ал жерде албандарды басмырлоону токтотушу үчүн НАТОнун күчтөрү Белградды бомбалай баштаганда, 1999-жылы серб аскерлери Косоводон чыгып кетүүгө мажбур болушкан.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG