Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48

Обама: АКШ Орусия менен согушууну каалабайт


Обама Брюсселдеги билдирүүсүндө Орусия "орой күч колдонуу" аркылуу максатына жете албай турганын айтты. 26-март, 2014
Обама Брюсселдеги билдирүүсүндө Орусия "орой күч колдонуу" аркылуу максатына жете албай турганын айтты. 26-март, 2014

АКШнын президенти Барак Обама шаршембиде Брюсселде өткөн саммитте сүйлөгөн сөзүндө Орусияны Украинада “орой күч колдонгону” үчүн айыптады. Ал Кошмо Штаттар менен Еврошаркет Орусия тараптан күтүлчү мындан аркы кадамдарын алдын алууга аракет көрөөрүн билдирди.

АКШ президенти Барак Обама эки дүйнөлүк согуштан кийинки, андан ары “кансыз согуш” маалындагы Европадагы биримдик тууралуу сүйлөп, ошол конфликттерге алып келген “идеялардын жарышы” кайрадан кайталанганын эске салды.

- Мен бүгүн бул жерде сүйлөп жатып, Европада жеңген, кийинчерээк дүйнөдө өнүккөн прогрессти эч качан биз жөн эле болуп калган нерсе катары карабашыбыз керек деген ойду айткым келет. Анткени идеялар жарышы силердин муун үчүн да уланып жатат жана бүгүн ал Украина үчүн болууда.

Обаманын ишениминде, азыр “орус жетекчилиги болгону бир нече апта мурун чындык катары көрүнгөн нерсени жокко чыгарганга аракет кылып жатат”.

“XXI кылымда Европанын чек арасын күч менен эле өзгөрткөнгө болбойт. Бул эл аралык мыйзамдар аркылуу, улуттар өздөрү чече турган маселе”, - деди.

АКШ президенти Орусиянын Украинадагы аракеттерин глобалдык деңгээлдеги “сыноо” деп атады. Ал азыр Кошмо Штаттары менен Европа Украинаны көзөмөлдөөгө аракет кылбаганын, АКШ менен НАТО Орусияга күч колдонууну каалабай турганын айтты. Азыр Крымдын айынан Орусия менен жаңы “кансыз согуш” болушу мүмкүнбү деген ойду Обама четке какты.

- Азыркы кырдаал биз дагы бир “кансыз согушка” кирип жатканыбызды билдирбейт. Советтер Союзунан айырмаланып, азыр Орусия глобалдык идеяны же блокту жетектеп жаткан жок. АКШ менен НАТО Орусия менен согушууну каалабайт.

Обама азыр эми Орусия Украинада дагы башка аракеттерге барса, АКШ ага каршы башка санкцияларды да киргизээрин белгиледи: “Эгер орус жетекчилиги азыркы жолунан кайтпаса, биз баарыбыз биргеликте Орусияны такыр эле катарыбыздан чыгарып салууга аракет кылабыз”.

Бул – Барак Обаманын Европанын төрт өлкөсүндө бир аптага созулган сапарынын жыйынтыктоочу сөзү болду. Анда америкалык президент Украинадагы кризисти АКШ менен Евробиримдиктин “демократиянын жана эл аралык мыйзамдардын баштоочулары катары” өзүнүн көз карашы менен байланыштырганга аракет кылды.

“Азаттык” Обаманын билдирүүсү боюнча сүйлөшкөн эл аралык эксперттер ага карата түрдүү ойлорун билдиришти.

Уиллиям Тобей – коргонуу саясаты жана куралдарды көзөмөлдөө боюнча эксперт. Ал АКШнын мурдагы үч башка администрациясында Улуттук коопсуздук кеңешинде иштеген. Ал Обаманын билдирүүсүн азыр улам чыңалып бараткан жагдай туууралуу кабар берет деп, аны “Орусияга ачык эскертүү белгиси” деп атады:

- Менимче, НАТОдогу союздаштарга алардын аймактык бүтүндүгүн коргоо жана аларды колдоо милдеттемеси бекем экендигин көрсөтүү аракети Европага жасалган белги болду. Ал эми Орусияга “Кремль азыр кыска мөөнөттүү максатына жеткени менен, мунун узак убакытта кесепети болоорун, ошон үчүн алар кайра ойлонушу зарыл экенин” эскерткен сигнал жасалды.

АКШнын Орусиядагы мурдагы элчиси Жеймс Коллинз болсо Обаманын сөзүн “Кошмо Штаттары дагы бир жолу “Европа долбооруна” канчалык берилгенин көрсөткөн билдирүү” деп баалады:

- Бул билдирүү биз узак жолдо экенибизди, демек ал дагы көпкө созулаарын билдирген сөз болду.

Ал эми баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Стратегиялык жана Эл аралык окуулар борборунун Орусия жана Евразия программасынын директору Эндрю Кучинс Обаманын сөзү “Киевдегилердин көңүлүн калтырып, Москвадагылардын шылдыңдоосуна кабылган болушу мүмкүн” деп эсептейт:

- Мен муну узакка созулган, өтө кооз жазылган, бирок биз Кошмо Штаттары жана Европа Украинанын эгемендигин коргош үчүн эмне кылышыбыз зарыл экенин же кыла алаарыбызды даана көрсөтө албаган “бош билдирүү” деп атайт элем. Мен Обаманын бул сөзүнөн көңүлүм калып турат, - деди Кучинс.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG