Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Украинадагы шайлоо Тимошенкосуз өтөт


28-октябрь - Украинада жалпы элдик шайлоо күнү. Бул күнү украиналыктар жаңы парламентти шайлайт.

Бул - Виктор Янукович 2010-жылы президент шайлангандан берки алгачкы жаамы журт катышчу шайлоо. Эгер көпчүлүк эл башкаруучу Региондор партиясы үчүн добуш берчү болсо, Януковичке бийлигин дагы бекемдеп, 2015-жылы кайра шайлануусуна жакшы жерпай түптөлүп калат.

Акыркы социологиялык изилдөөлөргө караганда, шайлоочулардын 23 проценти президент Янукович баштаган Региондор партиясына ыктап турат. Атактуу мушкер Виталий Кличко негиздеген “Удар” партиясы 16 процент, ал эми Бирдиктүү оппозиция кыймылы 15 процент добуш алышы этимал.

Бирдиктүү оппозицияны Украинанын мурдагы тышкы иштер министри Арсе́ний Яценю́к жетектейт. Бул кыймылга мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенконун “Ата журт” (Батькивщина) партиясы кошулган.

Тимошенко кызматын кыянат пайдаланды деп айыпталып, жети жылга соттолгон жана былтыр декабрдан бери Харьковдо абакта отурат. Ошондуктан парламенттик шайлоо 2004-жылкы Саргылтым ыңкылаптан бери алгачкы жолу Юлия Тимошенко катышпай өтүүдө.

Виталий Бала - Украинада белгилүү "АМС консальтинг" тобунун директору. Саясий серепчи кокус шайлоодо “региончулар” көпчүлүк мандатты утса, Украинада Орусиядагыдай президент Путин үлгүсүндөгү бийликтин биротоло орнотулушуна ыңгай түзүлөт деп кооптонот:

“Бул абдан маанилүү шайлоо. Себеби биз азыр Орусиядагы сценарий менен баратабыз. Президентке баш ийген бийлик вертикалы бекемделип, азыр президентке баш ийүүдө”.

Бийликтеги Региондор партиясын чыгыштагы Донбасс облусундагы ири олигархтар, өлкөнүн чыгышы менен түштүк бөлүгүндөгү орус тилдүү калк колдойт. Ал эми Бирдиктүү оппозиция Украинанын батышында популярдуу.

Талдоочулардын айтышынча, “Удар” партиясынын популярдуулугу оор салмактагы дүйнө чемпиону В. Кличконун ысмы менен түз байланыштуу. Батышчыл көз караштагы мушкер саясий өнөктүккө коррупцияга каршы ураан таштап чыккан. “Удар” шайлоонун жыйынтыгына карай Бирдиктүү оппозицияга кошулушу мүмкүн экенин Кличко жашырбайт.

Саргылтым ыңкылаптын идеологдорунун бири саналган Юлия Тимошенко парламенттик шайлоодо Януковичтин партиясы жеңсе, Украинада диктатура орнойт жана өлкө камоодо калат деп санайт. Тимошенконун шайлоочуларга жазган кайрылуусун бейшемби күнү кызы Евгения жалпы журтка окуп берди.

“Бул шайлоодо ар бириңиздер өз жашооңор үчүн добуш бересиңер. Бул - Украинанын жашоосу жана украиндердин идеясы үчүн күрөш. Жыйынтыгында бул өлкөгө ким ээлик кылары аныкталат. Өлкөнүн жерлери, мамлекеттик ишканалар, анын ресурстары, бюджети жана башка дөөлөттөрү менен кен байлыктары сиздерге таандык. Мунун баары сиздерге же азыр бийлеп жаткан беш кланга таандык экени аныкталат”, - деп кайрылды Ю. Тимошенко мекендештерине.

В. Януковичтин күчтүү саясий атаандашы болгон Юлия Тимошенко “ылгап соттоонун курмандыгы” экенин АКШ жана Европа биримдиги өз учурунда айтып чыккан. 24-октябрда “Нью-Йорк Таймс” гезитине басылган орток макалада АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтон жана Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Катерин Эштон Тимошенконун абактагы абалына кабатыр экенин жазышты.

Азыр 450 орундуу Украин парламентинде Региондор партиясы көпчүлүктү түзөт. Жекшемби күнкү шайлоого 3 800 чет элдик жана 240 миң украиналык байкоочу көзөмөл салышат.

XS
SM
MD
LG