Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:22

Украинадагы кырдаал: Кыргызстанга оогон орусиялыктар


"Манас" эл аралык аэропорту.
"Манас" эл аралык аэропорту.

Украинага аскер киргизгенине байланыштуу батыш өлкөлөрү Орусияга санкцияларын күчөткөндөн бери бул өлкөнүн жарандары жер которууга мажбур болууда. Соңку бир апта ичинде Бишкек жана Ош шаарына учуп келген орусиялыктардын саны өскөнү айтылып жатат.

Алардын арасында ар кайсы тармакта иштегендер, анын ичинде IT-адистер да арбын. Көпчүлүгү Орусияда абал турукташканга чейин Кыргызстанда болорун билдиришүүдө.

Орусиянын Кемеров шаарынын 25 жаштагы тургуну Игорь Соболев 6-мартта Кыргызстанга келип, азыр Бишкектеги Ololo House борборунда жашап, иштеп жатат.

Ал Кыргызстанга келерки жылдары турист катары келүүнү ойлонуп жүргөн. Бирок Орусиянын Украинага бастырып кириши Игордун пландарын өзгөрткөн. IT-адис Кыргызстанда бери дегенде бир ай болууну караштырып жатат. Андан кийинкиси Орусиядагы кырдаалга байланыштуу болот.

Игорь Соболев
Игорь Соболев

“Орусиядан чыгып кеткенибиздин бир нече себеби бар. Өлкөдөгү саясий кырдаалдын туруксуз болуп жатышы бизди кооптондурат. Мындан тышкары чек аралар жабык, чыгып кетүүгө мүмкүн болбой кала турган өлкөдө тургубуз келген жок. Азыр эл аралык авиакомпаниялар Орусияга болгон рейстерине чектөө киргизе баштады. Мен өзүм америкалык компанияга иштейм. Санкциялардын кириши менен маянамды албай калам. Алган күндө дагы рублга которушум керек. Ал эми рубль менен эмне болуп жатканы түшүнүксүз. Бир айдын ичинде Орусияда, дүйнөдө кырдаал турукташып калат деп үмүттөнүп турам”.

Игорь Кыргызстанга эки досу менен чогуу келген. Алардын бирөө орусиялык компанияга аралыктан иштеген IT-адиси болсо, экинчиси студент.

Соболевдин айтымында, Орусиядан жай которууга мажбур болуп жаткандардын саны көп. Алардын көбү Грузия жана Арменияга чыгып кетүүдө. Бирок аталган өлкөлөргө билет кымбат, анын үстүнө орусиялыктарга карата маанайдан улам баруудан карманып жаткандар да бар. Ал Кыргызстанда түзүлгөн шарттар боюнча мындай деди:

“Орусиядан жалгыздап же командасы менен кетип жаткан адистер көп. Аларга Кыргызстанда жетиштүү шарт түзүлгөн деп эсептейм. Анткени Бишкекте коворкинг түйүнү жакшы өнүккөн экен. Бул аралыктан иштеген адамдар үчүн маанилүү аргумент. Жакын арада Кыргызстанга агылган адистердин саны аябай көп болот деп ойлойм. Кыргызстанда Жогорку технологиялар паркы бар экенин да уктум”.

Игорь Соболев Чоң-Кеминдин тоолорунда.
Игорь Соболев Чоң-Кеминдин тоолорунда.

Азыр Кыргызстанга келип жаткан IT-адистердин жумушунун негизги өзгөчөлүгү - алар интернет бар болсо каалаган жерге отуруп иштей берет. Эксперттер Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен орусиялык IT-адистер үчүн ыңгайлуу мамлекет экенин айтууда. Анткени ЕАЭБге мүчө, интернет арзан жана кошуна өлкөлөрдөй кээ бир сайттарга чектөө жок.

"Темир көшөгөнүн" артында калгыбыз келген жок..

Буга чейин Москвада IT-тармагында иштеген Юрий Кыргызстанга досунун чакыруусу менен келди. Азыр Бишкек шаарына жайланышып, жакын арада иш издегенге өтөт. Анткени ага жумуш берген компания Орусиядан чыгып кете турганын кабарлаган.

“Азыр Орусияда эмес, сыртта жүрүп туруу мен үчүн коопсуз болууда. Санкциялар башталгандан кийин жумушумду жоготтум. Кыргызстандагы IT-тармагындагы адистер менен байланыша элекмин. Азырынча бир айга келдик. Калганы Орусиянын өзүндөгү кырдаалга көз каранды болот. Азыр Бишкекте Орусиядан келгендер көп экен. Алар менен банк, акча алмаштыруучу жайлардан кездешип калып жатам. Кеңседе иштеген адамдар үчүн өлкөдөн чыгып кетүү оор экен. Андыктан эч бир жерге байланбаган IT-адистер массалык түрдө кетип жатат. Мындан тышкары колунда барлар да Орусияда турууну каалаган жок. Анткени союз маалындагыдай “темир көшөгө” менен тосулган өлкөдө жашагысы келбейт, чочулап да жатышат”.

IT-адистеринин тышкары Орусиядан жеке коопсуздугунан чочулаган жарандык активисттер, бийликтин саясатына макул эместер жана колунда барлар чыгып кетип жатканы айтылууда.

Маселен, Бишкекте чакан мейманкана иштеткен экономист Азамат Акелеев Кыргызстанга келип жаткан орусиялыктардын агымы боюнча байкоолору менен бөлүштү.

Азамат Акелеев
Азамат Акелеев

"Биздин мейманкага келгендердин көбү IT- тармагында иштегендер экен. Башында аскер курагындагы балдар ата-энеси менен келип жаткан. Азыр болсо узак мөөнөткө кала турган адистер келе баштады. Бул биздин экономика үчүн жакшы тенденция. Анткени азыркыдай кризис учурунда киреше алып келет. Азыр аларды Грузия, Өзбекстан жана Казакстан да күтүп алып жатышат. Биз дагы четте карап турбашыбыз керек".

Мыйзамдарга ылайык, Орусиянын жарандары Кыргызстанда бир айга чейин жүрүп, андан көбүрөөк кала турган болсо 90 күнгө каттоого турушу керек.

Согушка каршы чыккан Яков Ошко кантип келди?

Кыргызстанга келгендердин катарында ушул күндөрү Ош шаарында жашап жаткан 29 жаштагы Яков дагы бар. Ал Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын жашоочусу. Өз өлкөсүн таштап чыгып кетүүгө кандай себептер түрткү болгонун “Азаттыкка” айтып берди.

- Саламатсызбы, Яков. Сиз менен таанышканыма абдан кубанычтамын. Ошко кош келипсиз. Өз өлкөңүздөн чыгып кетүүгө эмне себеп болду?

- Орусиядан чыгып кетүүмө көп эле себептер негиз болду. Акыркы чечимди кабыл алуума Украинадагы азыркы абал түрткү берди. Анткени Орусияда абал өтө тездик менен өзгөрө баштады. Соңку күндөрү "согушка жарактуу эркектердин Орусиядан чыгып кетишине тыюу салынат" деген ар кандай сөздөр тарап кетти. Мындай шартта мени Украинага каршы согушка чакырып калышы да мүмкүн эле. Абал туруктуу болбой жаткандыктан ойго келбеген иштер болушу ыктымал да. Ошондуктан тааныштарым менен убактылуу болсо да сыртка кете турууну туура көрдүм.

- Учурда Орусияда согушка каршы митингге чыгып жаткандардын абалы кандай?

- Митингге чыккандарды бийлик кармап жатат. Бирок ага карабай эле нааразылык билдиргендер бар. Менин чоң энем, туугандарым дагы согушка каршы болуп аянтка чыгып жатышты. Өзүм болсо 27-февралдагы митингде полицияга кармалдым. Сот бизге айып салып, кое берди. Акыркы күндөрү митингге чыгуу да кооптуу боло баштады. Анткени бийлик жасалма кылмыш ишин козгоп, адамдарды камоого өттү. Экинчи же үчүнчү жолу кармалгандар 15 жылга чейин эркинен ажырап калуу коркунучу жаралды.

- Эмне үчүн Ошко келүүнү туура көрдүңүз?

- Көпчүлүк адамдар Тбилиси, Ереван, Стамбул баштаган шаарларга кете баштады. Ошондуктан ал жакка билет да кымбатап, такыр табылбай калды. Анын үстүнө бул шаарларга капчыктуулар биринчи чыгып кетти. Арменияны жакшы билгендиктен биринчи ошол жакка барууну ойлогом. Бирок мүмкүнчүлүгүм болбоду. Анан картаны карап туруп Кыргызстанга кетүүнү чечтим. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу билеттер арзан анан Санкт-Петербургдан Ошко карай түз каттам бар экен.

- Бул жакка жакындарыңыз менен келдиңизби?

- Жок, мен Ошко тааныштарым менен бирге келдим. Үй-бүлөм, сүйлөшкөн кызым Санкт-Петербургда калды. Сүйлөшкөн кызым экөөбүз митингге чогуу чыкчубуз. Акыркы жолу полиция кармаганда анын паспортун тытып салышкан. Ошол себептүү өлкөдөн чыга албай калды.

- Учурда эмне менен алек болуп жатасыз?

- Ошто туруп эле балдарга аралыктан сабак өтүп жатам. Андан түшкөн акча жашоого жетет экен. Рублдин куну күндөн-күнгө түшүп жатканына карабай бул жакта баа азырынча туруктуу. Бирок улам жаңы кирип жаткан санкциялардан улам колу-бутубуз тушалып калууда. Мисалы мен азыр өзүмдүн эсептик картамды колдоно албай жатам.

- Мындан аркы пландарыңыз кандай? Ошто канча убакыт болосуз?

- Алдыда эмне күтүп турганын баарыбыз билбейбиз. Бир жума мурда эле Ош деген шаарга келип, баш калкалап каларым ойдо жок эле. Бир нерсе пландоо кыйын болуп турат. Учурда бизге окшоп өлкөдөн чыгып кеткендер менен байланышта болуу аракетин көрүп жатам. Оштун өзүнөн эле он чакты орусиялык менен таанышууга үлгүрдүм.

Ошко тынчтык издеп келген орусиялык жаштар
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

  • 16x9 Image

    Алмира Абидинова

    "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. 2019-жылы Internews уюмунун “Умтулуу” сыйлыгын алган.

XS
SM
MD
LG