Ээн калган, жамгыр менен шамал гана имерилген үйлөр. Балдар менен тарбиячылары жок бакчалар. Окуучулар келбеген мектептер. Дарыгерлер жана бейтаптары жок ооруканалар. Бетондон бактарга чейин баары өрткө кабылган, кулак-мурун кескендей жымжырттыкты кез-кезде атышуулар менен жардыруулар гана бузуп турат. Украинанын орус армиясы талкалаган ондогон шаарлары, айылдары жана шаарлары азыр ушундай абалда.
Жакында The New York Times Бахмуттун урандыларынан жаңы сүрөттөрдү чыгарды. “Донбасс.Реалии” долбоору Донбасстагы беш шаардын Орусия басып алганга чейинки жана Орусия "боштондукка чыгаргандан" кийинки абалын көрсөттү.
Попасная – Луганск облусундагы чакан шаар. 2023-жылы июнь айынын башында бул аймакты Орусияны дээрлик толугу менен ээлеп, Белогоровка айылы гана калган.
2014-жылы Донбасстагы жаңжал учурунда Попасная да эки жарым ай бою оккупацияда турган. Бирок ал кезде (2014-жылдын декабрь айынан – 2016-жылдын октябрь айына чейин) украин аскерлери шаарды бошотууда оор курал колдонушкан эмес дейт Попасная райондук администрациясынын төрагасы Роман Власенко.
Шаар өзүн “Луганск эл республикасы” (ЛЭР) деп атап алган аймакка чектеш болгондуктан, кийинки жылдары маал-маалы менен Орусиянын соккуларын сезип турган. Ошого карабастан, Орусия басып алганга чейин Попасная жакшы өнүгүп келген.
Власенконун айтымында, эки жылдын ичинде турак-жай жана социалдык инфратүзүм калыбына келтирилди: 2015-2017-жылдары шаар үчүн 200-300 миллион гривнага (учурдагы алмашуу курсу боюнча 5.3 – 7.9 миллион АКШ долларына) жакын инвестиция тартууга жетишилди.
Чындыгында, Орусия 2022-жылы жапырт бастырып киргенде, Попасная тыптыйпыл болду. Шаарга артиллериялык дүрмөт жаадырылып, апрелдин орто ченинде көчөлөрдө салгылашуулар башталды. 2022-жылдын 8-майында украин аскерлери шаардан кетүүгө аргасыз болушкан, ошондон бери ал Орусиянын көзөмөлүндө калды.
Попаснаяны орус аскерлери басып алгандан кийин, баскынчы администрациянын өкүлдөрү шаарды калыбына келтирүүнүн “кажети жок” дешти. 2023-жылы март айында шаардын жок кылынганы "документалдуу түрдө" тастыкталып, ал калктуу конуштардын тизмесинен алынып салынды деп билдирди Луганск облусунун жарандык-аскердик башкармалыгы.
Попаснаянын тегерегиндеги калктуу конуштар басып алынган жакынкы шаарларга баш ийдирилди.
РУБЕЖНОЕ
Рубежное шаарындагы спорт комплекси 1895-жылы негизделген, 2022-жылдын башындагы калкынын саны – 55 миңге жакын адам, азыркы (2023/05/31/) саны – белгисиз (*луганскилик журналист Сергей Артюхтун айтымында, 2023-жылы май айынын башында бүтүндөй Түндүк Донецк районунда 40 миңге жакын адам жашаган).
Рубежное шаары Түндүк Донецк жана Лисичанскиге жакын Түндүк Донецк дарыясынын сол жээгинде жайгашкан. Украинанын чыгышындагы көпчүлүк шаарлардай эле, бул жерде да мыкты өнөр жай бар болчу: ал жерде 30дан ашык ишкана иштеген.
Согушка чейин Рубежноеде негизинен химиялык жана кагаз чыгаруу тармактары иштеп турган. Ада байпак фабрикасы, атап айтканда, Dodo Socks таанымал байпактарды чыгарып турган (бул ишкананы эвакуациялап кетүүгө жетишилген, азыр Львовдо иштейт).
2014-жылы шаар төрт ай бою баскында калган. Бирок украин аскерлери бошотуп алгандан кийин Рубежное согуш талаасынан бир топ алыста болуп калды. Дал ошондуктан Орусия "ЛЭР" деген жасалма республиканы түзгөндөн кийин жикчилдердин көзөмөлүндөгү аймактан көптөгөн тургундар, компаниялар жана билим берүү мекемелери ушул жакка көчүп келишкен. Рубежноеге көп инвестиция тартылып, 2016-жылдан бери шаарда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү кыйла өстү.
Орусия 2022-жылы Украинага жапырт кол салганда, анын аскерлери тез эле Рубежное шаарына чукулдап келди, анан март айында шаарда салгылашуу башталды. Орус аскерлери колунда бар артиллерияны бүт бойдон колдонуп, шаарды күн сайын кыйрата берди. Төрт айдан кийин шаардын чегинде урандылар гана калды:
Оор салгылашуулардан кийин украиналык аскерлер акыры Рубежноеден кетүүгө аргасыз болушту. Шаар 2022-жылдын 12-майынан бери орус баскынында калды. Жергиликтүү тургундардын айтканына, тартып алган сүрөттөрү менен тасмаларынан Орусия басып алган бул шаарды калыбына келтирүүгө эч аракет кылбагандыгын көрүүгө болот.
Жергиликтүү тургундар тарткан сүрөттөрдө талкаланган имараттар, байланыштар көрүнүп турат: эч бир жери оңдоп-түзөлбөгөн. Айрым жайларды гана Борбор Азиядан келген мигранттар эптеп шыбап-актап койгон. Жергиликтүү тургундар баскынчылар анча-мынча бүтүн калган батирлерге буряттарды жайгаштырып жатканын айтышты.
БАХМУТ
Бахмут шаары 1517-жылы түптөлгөн, 2022-жылдын башындагы калкынын саны: болжол менен 70 миң адам; акыркы маалыматтар боюнча быйылкы тургундардын саны: 518 адам (*Донецк облусунун аскердик администрациясынан 2023-жылдын 31-майына карата алынган маалыматтар).
"Душман баарын кыйратты. Азыр кара жер менен көптөгөн орустардын өлүктөрү гана калды. Биздин коргоочулар ал жерде чоң ишти аткарышты. Бул үчүн биз аларга абдан ыраазыбыз", – деди 21-майда Украинанын президенти Владимир Зеленский америкалык кесиптеши Джо Байден менен жолугушуу учурунда Бахмут жөнүндө сүйлөп жатып.
Бахмут – Донбасстагы эң эски жана кооз шаарлардын бири. Ал ушул аймакта өзгөчө күчтүү индустрияга ээ болгон. Айрыкча таш тузу менен шампан шарабы сонун эле.
2014-жылы Донбасста жаңжал башталгандан кийин, ажырым сызыгынан кыйла алыс жайгашкандыктан, шаар сегиз жылга созулган чыр-чатак мезгилинде деле өнүгө берген. Бахмутка ошондо Донецк облусунун баскында калган аймактарынан жана согуш тилкесине жакын жайгашкан конуштардан эл көп көчүп келген.
2022-жылдын июлунда, Луганск облусунагы Северодонецк, Рубежное жана Лисичанскини бириктирген ири чөлкөм басып алынгандан кийин, Орусия Бахмутту басып алууга көбүрөөк аракеттене баштады. Аскердик жана эксперттердин баамында, стратегиялык, ал тургай тактикалык мааниге ээ болбогонуна карабастан, Орусия муну ишке ашыруу үчүн бар күчүн жумшады. Ошол эле учурда, Орусиянын маалымат каражаттары жана өкмөттүк блогерлер Бахмутту "Артемовск" деп атап жатышты (СССР убагында, 1924-жылдан 2016-жылга чейин ушундай аталчу). Совет доорундагы аталышты жаңыртуу дагы шаарды басып алуу максаттарынын бири катары айтыла берди.
Бахмутту басып алуу үчүн Орусия, атап айтканда, “Вагнер” ЖАК жалданма жоокерлерди жана алты ай согушкандан кийин мунапыс берилет деп убада кылынган туткундарды пайдаланды. АКШнын президенти Жо Байден G7 саммитинде айткандай, Бахмутка көптөгөн айлар бою жасалган чабуулда Орусия Федерациясы 100 миңге жакын жоокеринен айрылды, алардын 20 миңи курман болгон. “Вагнер” ЖАК негиздөөчүсү Евгений Пригожин да ушунчалык санды айткан.
Бахмутка кол салуу учурунда баскынчылар канча снаряд жана бомба сарптаганын эсептөө кыйын. Бирок сүрөттөргө, спутниктен тартылган фотолорго жана тасмаларга караганда, миңдеген ок-дары, курал-жарак жумшалганын айтууга болот.
Бул шаар үчүн бир нече ай бою жүргүзүлгөн салгылашуудан кийин Донецк облусундагы Бахмут шаарында эмне калды?
Апрель айында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Чыгыш тобунун командири генерал-полковник Александр Сырский орус аскерлери буга чейин Сирияда колдонулган Бахмутта күлүн көккө сапыруу тактикасын колдонуп, "имараттарды жана позицияларды аба соккулары жана артиллериялык аткылоо менен жок кылып" жатканын айтты. Май айынын аягында Бахмуттан дрон менен тартылган тасма бүткүл дүйнөнү таң калтырды: шаар чалдыбары чыгыптыр – мурдагы Бахмутту таануу мүмкүн эмес.
Украинанын Коргоо министрлигинде айтылгандай, Куралдуу күчтөр шаардын түштүк-батыш чет жакаларын көзөмөлдөөнү улантышууда. Бирок “Настоящее время” телеканалынын кабарчысы менен маектешкенде украин аскер кызматкерлери ал жерде жок кылгыдай деле эч нерсе калбады: шаар бүт бойдон кыйрап бүткөн дешти.
Украиналык аскерлер чабуул жасоодогу кыйынчылыктар жөнүндө мындай дешти: "Бахмутта карманар эчтеке калбады, баары кыйрап бүткөн".
Украиналык аскерлер чабуул жасоодогу кыйынчылыктар жөнүндө мындай дешти: "Бахмутта карманар эчтеке калбады, баары кыйрап бүткөн".
АВДЕЕВКА
Бул шаар 1778-жылы негизделген, 2022-жылдын башында жашагандардын саны – болжол менен 32 миң адам. Акыркы маалыматтар боюнча, азыр 1753 адам калган (* 2023-жылдын 31-майына карата Донецк облусунун аскердик администрациясынын маалыматтары боюнча).
Авдеевка Донецк облусундагы эң эски калктуу конуштардын катарындагы ондон ашык ишканалары бар ири өнөр жай шаары болгон. Ал Донецкиге жакын жайгашкан – аралыгы алты километрдей. Авдеевкадагы негизги заводдорунун катарында Европанын эң ири кокс, күкүрт кислотасын жана жер семирткичтерди чыгаруучу Кокс-химия заводу бар эле.
2014-жылы бул шаар төрт ай бою орус баскынында калган, бирок андан кийин Украинанын куралдуу күчтөрү аны Киевдин көзөмөлүнө кайтарып алышкан. Кийинки сегиз жылдын ичинде Авдеевканы Донецк облусунун басып алынган аймагынан тынымсыз аткылап турушкан. "Настоящее Время" телеканалы бул жөнүндө бир нече жолу баяндаган:
2015-жылы Кокс-химия заводун жап коюуга туура келген эле – орус артиллериясынын соккусу шаарды экологиялык кырсыкка учураткан болчу. Бирок Авдеевкадагы көптөгөн башка ишканалар иштей беришкен. Шаар калыбына келтирилип, бийликтегилер инвестиция тартышкан.
2022-жылы Украинага жапырт бастырып киргенден кийин орус аскерлери Авдеевкага катуу чабуул жасай беришти: анткени шаар Донецкинин батыш четинен Константиновка – Краматорск – Славянск чөлкөмүнө көздөй кеткен жолдо жайгашкан эле.
2023-жылдын март айына чейин бир нече ай ичинде орус аскерлери Авдеевканын инфраструктурасын толугу менен жок кылышкан деп билдирди шаардык аскер администрациясынын башчысы Виталий Барабаш. 2023-жылы жазында шаарда бир дагы имарат калган жок; турак жай имараттарынын 80 %ы толугу менен кыйратылды.
Орус аскерлери дагы эле Авдеевкага чабуул жасап келет. Бирок шаар украин аскерлеринин көзөмөлүндө калууда.
МАРИУПОЛЬ
Мариуполь 1778-жылы түптөлгөн, 2022-жылдын башындагы калкынын саны: болжол менен 425 миң адам. Акыркы маалыматтар боюнча тургундардын саны: белгисиз (*баскынчы бийликтегилер 2023-жылдын май айына карата болжол менен 230 миң адам деген. Бул сан ишеничсиз, анткени, башкасын айтпаганда деле, кыйратылган шаарда ушунча адам жашагыдай турак жай жок. Мариуполь шаарынын мэринин кеңешчиси Питер Андрющенконун айтымында, Орусия өз жарандарын шаарга жапырт көчүрүп келүүдө. Кеминде 40 миңдей адам көчүп келген дейт ал).
Мариуполь – Азов деңизинин жээгиндеги өнүккөн кооз порт шаар, Орусия кол салганга чейин күчтүү өнөр жайы болгон. Жайгашкан ордуна байланыштуу, Донбасстагы чыр-чатак курчуган жылдары дайыма ал майданга жакын стратегиялык жайлардын бири болуп турган. 2014-жылы шаар эки ай бою Орусиянын баскынында калган. Бошотулгандан кийин деле майданга чектеш шаар абалында кала берди – ажырым сызыгы он чакты чакырым аралыкта эле.
2022-жылы жапырт бастырып киргенге чейин эле Орусия бул шаарга бир нече жолу кол салган. Эң катуу сокку 2015-жылдын 24-январында урулган. Ошондо чыгыш турак жайларына “ДЭР” көзөмөлдөгөн аймактан “Град” жана “Тюльпан” орнотмолору аткылаганда 30 адам өлүп, 100дөн ашуун адам жаракат алышкан.
Ушундай оор жагдайга карабастан, шаар өнүгүп, гүлдөп жатты. Бузулган имараттар жана ишканалар калыбына келтирилип, “Азовсталь” жана “Ильич заводу”, ошондой эле порт сыяктуу өнөр жай гиганттары иштей баштады. Жаңы ишканалар ачылып, көптөгөн маданий фестивалдар, концерттер жана көргөзмөлөр өткөрүлүп турду.
2022-жылы Орусия жапырт бастырып кире баштагандан бери, орус аскерлери согуштун алгачкы сааттарынан тартып шаарды артиллериялык аткылоо менен жок кыла башташкан, абадан көп тонналык бомбаларды ташташкан.
Ушул бомбалардын бири драма театрын жок кылган, ал жерде ар кандай эсептөөлөр боюнча 500дөн 1200гө чейин жаран жашынып жүргөн эле. Имараттын алдына жана артына "БАЛДАР" деген сөз чоң ак тамгалар менен жазылганына карабастан, орус аскерлери сокку урушту.
БУУнун эсептөөлөрүнө ылайык, шаардагы Мариуполь салгылашуулардан кийин көп кабаттуу турак жайлардын 90 %ы жана жеке үйлөрдүн 60 %ы кыйратылган же бузулган.
Мариуполь 2022-жылы май айында биротоло Орусиянын көзөмөлүнө өткөн. Бирок согуш учурунда, ошондой эле ачкачылыктан жана оорудан каза болгон адамдардын санын аныктоо мүмкүн эмес. Шаардык кеңештин маалыматы боюнча, кеминде 22 миң адам өлгөн.
Шаар үчүн болгон салгылашуу учурунда каза болгон мариуполдуктардын чогуу көмүлгөн мүрзөлөрү жөнүндө алгачкы маалыматтар 2022-жылдын жазында шаарды камалоо учурунда чыга баштады.
2023-жылы апрелде Google тармагы Мариуполдун Google Maps’тагы карталарын жаңыртты. Шаар мэринин кеңешчиси Питер Андрющенконун айтымында, шаар бийлиги көрүстөндөрдүн жаңы карталарын изилдеп, адамдар чогуу көмүлгөн жаңы мүрзөлөрдү байкашкан.
Маруполдун өнөр жай ишканаларын, биринчи кезекте "Азовсталь" заводун качан калыбына келтирүүгө болору белгисиз:
Бул орустар "боштондукка чыгаргандан" кийин Украинанын чыгышында болгон беш гана көрүнүш – бул шаарлардын күлү көккө сапырылган. Чындыгында, мындай шаарлар көп: орус аскерлеринин чабуулуна кабылган Донецк облусундагы Волноваха, Марьинка, Соледар, Угледар, Луганск облусундагы Кременная, Золотое, Горное жана башка ондогон айылдар менен кыштактар жок кылынган. Басып алынган шаарлардын көбү дээрлик жок кылынган.
2023-жылдын январына карата Украинанын аймагында 170 миңден ашуун турак жай талкаланган деп билдирди Украинанын Коомчулукту өнүктүрүү, аймактар жана инфратүзүм министрлиги. Үч жарым миллиондон ашуун украиналыктар үй-жайсыз калды (2022-жылдын августундагы көрсөткүч).
Дүйнөлүк банктын эсептөөлөрүнө ылайык, бир жыл ичинде Орусиянын куралдуу кол салуусу Украинага 411 миллиард доллардан ашык зыян келтирген. Украинанын премьер-министри Денис Шмигаль белгилегендей, басып алынган аймактар бошотулгандан кийин бул көрсөткүч эки эсе көп экендиги анык болот.
Бул макаланын түп нускасын (украин тилиндегисин) "Донбасс.Реалии" сайтынан окууга болот.