Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:25

АКШ Украинага 1 млрд. доллар насыя берет


Президент Барак Обама Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк менен жолугушууда. Вашингтон, Ак үй, 12-март, 2014-жыл
Президент Барак Обама Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк менен жолугушууда. Вашингтон, Ак үй, 12-март, 2014-жыл

Мыйзам долбоорун Конгресстин Өкүлдөр палатасы 1-апрелде басымдуу көпчүлүк добуш менен бекитти. Сенат да ушундай эле көпчүлүк добуш менен өткөн аптада жактырган.

Украинанын финансы министрлигинин айтымында, Киев эл аралык финансылык милдеттемелерин төлөй албай калып, дефолтко кабылбасы үчүн келээрки эки жылда 35 миллиард доллар керек.

Эми президент Обама кол койчу мыйзам долбооруна ылайык, Вашингтон Киевге 1 миллиард доллар кредит бергенге милдеттеме алат. Украинага жана коңшу мамлекеттерге 150 миллион доллар жардам берет. Ошондой эле АКШ Мамлекеттик департаменти жана Юстиция министрлиги Украина өкмөтүнө коррупционер украин чиновниктердин мүлк-дүйнөсүн кайтарып алууга көмөктөшөт.

Жаңы мыйзам АКШ өкмөтүнө Крымды өзүнө кошуп алган Орусияга каршы санкция киргизүүгө жол ачат. Украинадагы зулумдуктарга жана өлкөнү бөлүп-жарууга тиешеси бар Орусиянын жана Украинанын жарандарына виза берүү токтолуп, алардын Кошмо Штаттардагы мүлкү камакка алынат. Буга чейин бир катар орусиялык мартабалуу чиновниктерге жана “Россия банкына” санкция жарыяланган.

Конгресстин Өкүлдөр палатасы “Эркин Европа/Азаттык” жана “Америка авазы” радиолору Чыгыш Украинага уктурууларын көбөйтүүгө кошумча каражат бөлгөн мыйзам долбоорун да бекитти. Анын себебин “Орусиянын пропагандалык машинасы күчтүү иштеп, Украинада түшүнбөөчүлүктү, коркууну жана башаламандыкты жаратууда,” - деп түшүндүрдү Өкүлдөр палатасынын Тышкы иштер комитетинин төрагасы, республикачыл Эд Ройс. Анын айтымында, эки радиостанция Украина жана башка өлкөлөрдүн элине кошумча жана туура маалымат таркатып, буга чейинкидей эле демократия үчүн күрөшкө салым кошот.

Украинага көмөктөшүү маселелеси АКШ-Евробиримдиктин Энергетикалык кеңешинин 2-апрелде Брюсселде башталган жыйынында да кеңири талкууланууда. АКШ Мамкатчысы Жон Керри жыйындын ачылышындагы сөзүндө Украинаны газ менен камсыздоонун альтернативдүү жолу каралып жатканын айтты:

- Биз Украинага газды Польша жана Венгриядан ташып келүүнүн жана Словакия аркылуу өтчү куурду өнүктүрүүнүн үстүнөн иштеп жатабыз. Украина өзүнө тийиштүү бөлүктү бүткөрмөк болду жана жакында Эл аралык валюта фондуна берген милдеттемесинде энергетиканы субсидиялоо, энергетика рыногун атаандаштыкка ачууну макулдашты.

Жон Керри күн тартибинде Азербайжандан Түркия аркылуу Европага чыкчу "Түштүк коридору" менен газды ташууну көбөйтүү маселеси турганын эскерте кетти. Украинадагы кризис Батышты Орусияга газдан көз каранды болбоонун альтернативдүү жолдорун, Украинага катар Молдованын энергетикалык күнкорсуздугун камсыздоого жардамдашуунун амалын издеп жатканына Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштон өз сөзүндө токтолду.

Азыр Евробиримдик газдын 30% Орусиядан алат жана анын теңи Украина аркылуу өтөт. Украина газ үчүн Орусияга 1,7 миллиард доллар карыз жана 1-апрелден тарта 1 миң куб метр газ үчүн 385,5 доллар төлөйт. Буга чейин Киев 268,5 доллар төлөчү.

XS
SM
MD
LG