Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:15
Украина согуштан өмүрү кыйылгандарды эскерүүдө.
Украина согуштан өмүрү кыйылгандарды эскерүүдө.

Түз ободо Украина: Кан күйгөн кармашка үч жыл, Киевге дүйнө лидерлери барды, Бишкектеги акция

Украинада согуш башталганына үч жыл толду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

21:52 6.2.2025

Москва менен Киев сүйлөшүүгө даярбы?

Кремль АКШ менен Украина маселесин талкуулап жатканын ырастады. Мунун алдында украин президенти Владимир Зеленский Путин менен сүйлөшүү үчүн бир үстөлгө отурууга даяр экенин билдирди.

Украинадагы согушту жөнгө салуу маселеси боюнча Москва менен Вашингтондун байланышы күчөгөнүн 5-февралда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Ал АКШнын президенти Дональд Трамптын эки өлкө ортосундагы “өтө конструктивдүү” сүйлөшүүлөр тууралуу билдирүүсүн ушинтип чечмеледи.

Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

"Айрым мекемелердин ортосунда иш жүзүндө байланыштар бар. Алар соңку күндөрү күчөдү. Бирок мен силерге башка деталдарды айта албайм", - деди Песков.

Ал ошондой эле орус президенти Путиндин украин лидерин "легитимсиз" деп бир нече жолу айтканына карабай, Зеленский менен сүйлөшүүгө даяр экенин кошумчалады.

Буга чейин украин президенти Владимир Зеленский британ журналисти Пирс Морганга Путин менен сүйлөшүү үчүн бир үстөлгө отурууга даяр экенин айткан. Зеленский ошондой АКШ менен Украинанын да сүйлөшүүлөрү илгерилегенин дагы билдирди:

Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

"Биз АКШ администрациясы менен байланыштарды олуттуу түрдө активдештирип жатабыз. Украинага реалдуу, туруктуу жана кепилдик берилген тынчтык керек. Биз күчтүү дипломатияга ачыкпыз. Ал үчүн бизге жоокерлерибиздин туруктуулугу, армиябыздын эффективдүүлүгү жана күчтөрүбүздү модернизациялоо керек»".

5-февралдагы бул билдирүүсүндө Зеленский Украина АКШдан жардам алууну улантып жатканын, бирок жаңы жардам пакети тууралуу сүйлөшүүлөр боло электигин кошумчалады.

Ал тапта Bloomberg агенттиги өз булактарына таянып, АКШ президенти Трамптын Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог Мюнхен конференциясында согушту жайгаруу планын сунуштарын жазды. Маалыматка караганда, жыйын 14-16-февраль күндөрү өтөт.

Кит Келлог
Кит Келлог

"Мен Дональд Трамптын Украинадагы абдан кымбатка турган кандуу согушту токтотуу максаты тууралуу сүйлөшүүнү чыдамсыздык менен күтүүдөмүн", - деп жазды ал X социалдык түйүнүнө.

Буга чейин Келлог Трамптын командасында согушту токтотуп, Орусия менен Украинанын ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо боюнча ишенимдүү план бар экенин билдирген.

Вашингтондун планынын чоо-жайы азырынча белгисиз. Bloomberg белгилегендей, соңку жумаларда Келлог жана башка жогорку даражалуу бийлик өкүлдөрү өз сөздөрүндө "күч аркылуу тынчтыкка жетүү" планы тууралуу кыйытып келишкен. Ага ылайык, куралдуу жаңжал убактылуу токтотулуп, Орусия оккупациялап алган аймактардын макамы арсар абалда калат. Андан тышкары Украинанын коопсуздугуна кепилдик берилери күтүлүүдө. Бирок анын шарттары азырынча белгисиз.

3-февралда Трамп Украина жана Орусия менен “жетишерлик жакшы” талкуу жүрүп, анын администрациясы эки өлкө жана башка тараптар менен да “жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү” пландап жатканын билдирген.

Кремль буга чейин тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн шартын сунуш кылган. Расмий Москва ал үчүн Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарынан украин аскерлерин чыгарып кетүүнү, бул аймактарды Орусиянын бир бөлүгү катары таанып, Украинага бейтарап макам берүү жана санкцияларды алып салуу талабын койгон.

Владимир Зеленский муну ультиматум катары баалап, НАТОнун коопсуздук кепилдигин жана курал-жарак жеткирүүнү улантууну талап кылган.

Орусия 2022-жылдын февраль айында Украинага басып кирип, ар тараптан согуш ачкан.

12:17 6.2.2025

Москва менен Вашингтондун Украинадагы согушту жөнгө салуу боюнча байланышы күчөгөнүн Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Ал АКШнын президенти Дональд Трамптын эки өлкө ортосундагы “өтө конструктивдүү” сүйлөшүүлөр тууралуу билдирүүсүн ушинтип чечмеледи.

"Айрым ведомстволордун ортосунда чындыгында байланыштар бар. Алар соңку күндөрү күчөдү. Бирок мен силерге башка деталдарды айта албайм", - деди Песков.

Песков ошондой эле орус президенти Путиндин украин лидерин легитимсиз деп бир нече жолу айтканына карабай, Москва Владимир Зеленский менен сүйлөшүүгө даяр экенин кошумчалады.

Шейшембиде украин президенти Зеленский британ журналисти Пирс Морганга Путин менен сүйлөшүү үчүн бир үстөлгө отурууга даяр экенин билдирди.

"Эгер бул украиндерге тынчтык алып келип, адамдардын өлүмүн алдын ала турган болсо, биз мындай жолго да барууга даярбыз ", - деди Зеленский.

3-февралда Трамп Украина жана Орусия менен “жетишерлик жакшы” талкуу жүрүп жатканын, анын администрациясы болсо эки өлкө менен, башка тараптар менен да “жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү” пландап жатканын билдирген.

Кремль буга чейин тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн шартын сунуш кылган. Расмий Москва ал үчүн Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарынан украин аскерлерин чыгарып кетүүнү, бул аймактарды Орусиянын бир бөлүгү катары таанып, Украинага бейтарап макам берүү жана санкцияларды алып салуу талабын койгон.

Владимир Зеленский муну ультиматум катары баалап, НАТОнун коопсуздук кепилдигин жана курал-жарак жеткирүүнү улантууну талап кылган.

12:16 6.2.2025

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Украинага гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн бир миллион доллар бөлүү тууралуу жарлыкка кол койду. Мамлекет башчынын расмий сайтына 5-февралда жарыяланган маалыматка караганда, каражатты Азербайжандын Энергетика министрлиги алат.

Министрлик электр жабдууларды сатып алып, Украинага жөнөтүшү керек. Алиев кол койгон документте Баку менен Киевдин мамилеси достук жана өнөктөштүктүн негизинде өнүгүп жатканы белгиленди жана "Украинадагы кырдаалга байланыштуу украин элине бир нече жолу гуманитардык жардам жөнөтүлдү", - деп жазылды.

Азербайжан 2023-жылы гумжардам катары Украинага 7,6 млн долларлык электр каражаттарын жөнөткөн.

Орусия Украинага бастырып киргенден кийин Алиев Баку бул өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн колдой турганын билдирген. "Биз башка өлкөлөр сыяктуу Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдойбуз жана муну ачык билдиребиз, дарактын артына жашынбайбыз”, - деген ал.

Өткөн жылы Чеченстанда Азербайжандын үч жараны – Нихад Рзаев, Эльхан Ширинов жана Вугар Магеррамов кармалганына байланыштуу Баку Орусиядан азербайжан жарандарынын укугун коргоону талап кылган. Азербайжан өз жарандары Украинадагы согушка мажбурлап жөнөтүлгөнүн билдирген.

16:48 5.2.2025

Харьковдун бийлиги "Шахед" дрондорунун соккусуна кабылганын билдирди.

Сокку 5-февралга караган түнү болгонун шаар мэри Игорь Терехов маалымдады.

Анын айтымында, бутага Салтов районундагы административдик имарат туш болуп, өрт чыккан, анын тушундагы көп кабаттуу үйдүн терезелери талкаланды.

Дагы бир чабуул шаардын Основянский районунда болуп, өрт чыкканы кабарланды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG