Түндүк Корея Орусияга Орусияга 50 даана М1978 тибиндеги “Коксан” деп аталган өзү жүрүүчү замбиректерди жана 20 даана модернизацияланган жапырт аткылоочу реактивдүү системаларды жеткирди. Бул тууралуу Financial Times эл аралык басылмасы Украинанын чалгын кызматына таянуу менен кабарлады.
Орусиянын темир жол платформаларында М1978 замбиректери ташылып баратканы тартылган сүрөттөр төртүнчү күнү интернетке жарыяланган. Алар кайсы жерде тартылганы белгисиз.
“Коксан” өзү жүрүүчү замбиректери Иран-Ирак согушу маалында Иранга жеткирилгени маалым. 170 миллиметр калибрдеги куралдар 40 чакырымга чейин кадимки дүрмөттөр менен, 60 чакырымга чейин башкарыла турган дүрмөттөр менен атууга жөндөмдүү.
Орусия Украинага басып киргенден бери Ирандан да, Түндүк Кореядан да курал-жарактарды жана ок-дарыларды сатып алып келатат. Москва Тегерандан негизинен Shahed өзү үчуучу дрондорун алып жатат. Пхеньян орус тарапка 240 миллиметр калибрдеги жапырт аткылоочу реактивдүү системаларды жеткирип келгени кабарланган.
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Түндүк Корея менен аскердик жана куралдануу боюнча бардык соода алакаларга санкция менен тыюу салган. Анын ичинде Орусияга да Пхеньян менен аскерий багытта алыш-бериш кылуусуна чектөө коюлган. Ага карабай Орусия Түндүк Кореядан курал-жарак алып жатканын Батыш өлкөлөрү айыптап келатышат, Түштүк Кореяга буга жооп чара катары Украинага курал жеткириши мүмкүн экенин маалымдаган.
Украина Орусиянын бийлиги чек арадагы Курск облусуна кеминде 10 миңдей түндүк кореялык аскерди алып барганын, ноябрь айынын алгачкы күндөрүндө алар менен биринчи кагылышуу болгонун 6-ноябрда билдирген. Согуш шартында бул маалыматты өз алдынча тактоо мүмкүн эмес болууда.
Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрү кирген “Чоң жети” (G7) тобу Украинага согуш ачкан Орусияга санкцияларды күчөтүүнү убада кылышты. 16-ноябрдагы биргелешкен билдирүүсүндө “акыйкат жана туруктуу тынчыкка жетүүдө” Орусия тоскоол болуп жатканы айтылат.
“Чоң жети” өлкөлөрү Орусияга карата экспорттук көзөмөл жана башка катуу санкциялык чараларды жактай турганын ырастады.
Уюмга мүчө өлкөлөр буга чейин Украинага жалпы суммасы 50 миллиард долларга жакын насыя берүүнү макулдашкан. Бул каражат чет өлкөдөгү орус активдеринин эсебинен камсыздалат. 2022-жылы бул топ орус мунайынын баасына чек коюуну макулдашкан. Эгерде Орусиядан мунай белгиленген чектен кымбат сатылып алынса, аны деңиз аркылуу ташууга тыюу салынмак. Бирок эл аралык иликтөөлөр көрсөткөндөй, Орусия бул чектөөнү кыйгап өтүүдө.
“Чоң жетинин” курамына Италия, АКШ, Канада, Жапония, Франция, Германия, Британия кирет. Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялап алгандан кийин андан чыгарылган.
Жапониянын тышкы иштер министри Такеши Ивайя Украинага күтүүсүз сапар менен келди. Бул тууралуу жапониялык Kyodo маалымат агенттиги кабарлады. Муну менен "Токио Киевге Орусиянын аскердик агрессиясына каршы күрөшүндө колдоо көрсөтүп жатканын" белгиледи. Анын алдында министр Польшада болгон жана Украинага келери алдын ала жарыяланган эмес.
Kyodo Ивайя ишембиде Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига менен жолугарын, президент Владимир Зеленский менен дагы кездешүүсү мүмкүндүгүн жазды.
Жапон министринин бул сапары Орусиянын тарабында Түндүк Кореянын аскерлери дагы согушуп жатканы тууралуу маалыматтар тарап жаткан учурга туш келди.
Бир апта мурун Орусиянын президенти Владимир Путин Москва менен Пхеньяндын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамга кол койгон.
Документке ылайык, эгер эки өлкөнүн бири куралдуу кол салууга кабылса, экинчиси тез арада аскердик же башка жардамын берүүгө милдеттүү болот, үчүнчү өлкөлөр менен экөөнүн бирине залака тийгизиши ыктымал келишимдерге кол койбойт.
Украина, Батыш өлкөлөрү жана НАТО Орусияга Түндүк Кореядан он миңдеген аскер келгенин, Москва аларды Украинага каршы согушка салууну көздөп жатканын билдирген.
Орусияда фронтко кайтуудан баш тартып, аскердик бөлүктөн качып чыккан жоокерлер боюнча окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. Интернетте тараган видеодон аскерлер анын алдында нааразылыгын билдирип, терезе жана башка буюм-тайымдарды талкалап жатканын көрүүгө болот.
Окуя Новосибирск аймагындагы аскердик бөлүктөрдүн биринде болгону, келишимдик негизде кызмат өтөп, Украинадагы согушта жараат алган аскерлерди жетекчилиги кайрадан фронтко жөнөтүүгө аракет кылганы кабарланды.
Жараатына карабастан кайра согушка айдалып жатканына нааразы болгон ондон ашуун аскер качып кеткенин Орусиянын күч органдары менен байланышы бар экени айтылып жүргөн Baza Telegram каналы жазды. Анын маалыматына караганда, аталган аскерлер мурда түрдүү кылмыш жасаганы үчүн кармалган, бирок жоопко тартылбаш үчүн Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, согуш талаасына чыккан.
Полиция качкандардын арасынан жетөөнү кармаганы, калгандары изделип жатканы маалымдалды.
Орусия Украинага каршы согушун 2022-жылдын февралында ачкан. Ошол жылдын күзүндө мобилизация жарыяланган. Аскер жетишсиз болгондуктан бул өлкөдө түрмөдө отургандарды келишимдик негизде согушка салуу тажрыйбасы кеңири жайылды.