Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Tүркия: аскердик төңкөрүш аракети (хронология)

Түркияда ишембиге караган түнү аскер командирлер тобу бийлик алардын колуна өткөнүн, Тынчтык кеңеши түзүлгөнүн маалымдаган. Ал тапта президент Эрдоган телефондон билдирүү жасап, аскердик төңкөрүш ишке ашпайт деп ишендирди.

Президент Режеп Тайып Эрдоган элди аскердик көтөрүлүшкө каршы көчөгө чыгууга үндөдү. Булак: Ихлас Хабер

Al Jazeera: Армия командирлеринин бири, генерал Үмүт Дүндар көтөрүлүштү колдобой турганын билдирди.

The International Spectator: Иран Түркия менен чек араларын жапты.

Bloomberg: Анкарада полициянын башкы имараты жанында эки жардыруу болду.

Hurriyet: эки оппозициячыл партия көтөрүлүштү айыптаган билдирүү жасашты.

Режеп Тайып Эрдоган Скайп аркылуу байланышка чыгып, элге кайрылды.
Режеп Тайып Эрдоган Скайп аркылуу байланышка чыгып, элге кайрылды.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров: Өнүгүп жаткан окуялардын чоо-жайы такталмайынча этият болуу керектигин жакшы түшүнүп турабыз. Биздин бардык мекендештерге үйлөрүнөн чыкпай, жагдай белгилүү болгончо отура турууну сунуштайбыз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG