Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:38

Tүркия: аскердик төңкөрүш аракети (хронология)

Түркияда ишембиге караган түнү аскер командирлер тобу бийлик алардын колуна өткөнүн, Тынчтык кеңеши түзүлгөнүн маалымдаган. Ал тапта президент Эрдоган телефондон билдирүү жасап, аскердик төңкөрүш ишке ашпайт деп ишендирди.

Politico жана AP маалымат агенттиктери Түркиянын ар кайсы жерлериндеги көчө кагылыштарында 17 полициячы каза тапканын кабарлашты.

Британиянын жаңы дайындалган тышкы иштер министри Борис Жонсон Түркиядагы окуяларга тынчсызданып турганын Твиттер баракчасына жазды. Британ элчилиги жагдайга көз салып жатканын айтып, бриятаниялыктарды Форин-офистин сайтына жарыялана турган кеп-кеңештерге таянып аракеттенүүгө чакырды.

Түркиянын бийлик булактары билдиргендей, Эрдоган ушу тапта өкмөттүк протоколго ылайык коопсуз аймакта. Премьер-министр Йылдырым Твиттерде коопсуздук кызматтары төңкөрүш жасагандардын жазасын берет деп белгиледи. Айрым маанилүү имараттар басып алынганын моюнга алып, ал калкты сабырдуулукка үндөп, демократияга каршы чагымдар жазасыз калбайт деп ишендирди. Стамбулдагы мамлекеттик телекомпания имаратынын жанында жардыруу болгону кабарланууда.

Түркиянын мурдагы өкмөт башчысы Ахмет Давудоглу Фейсбуктагы баракчасына "Элимди көчөгө чыгууга чакырам. Бул өлкөнү чыккынчыларга таштабайбыз" деп жазды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG