Эл арасында бул көлдү "Мугалим" деп атап коюшат. Себеби, көлдүн үстүндө 4500 метр бийиктикте Мугалим чокусу жайгашкан.
Туризм: 3600 метр бийиктиктеги көл

1
Ала-Арча капчыгайындагы эл арасында "Мугалим" деп аталган көл. Деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте жайгашкан. Алдыда, ажайып кооздуктагы көлгө бараткандагы жолду, жаратылышты сүрөт менен баяндап беребиз.

2
Саякатыбыз Ала-Арча капчыгайындагы альпинисттердин лагеринен башталды. Ал лагерге чейин Бишкектен машине менен келдик. Бишкектен лагерге чейин 41 чакырым болот.

3
Саякат үчүн бир күндүк тамак-аш, жылуу кийим, көз айнек, атайын таяк керек.

4
Таңкы саат жетиде жолго чыктык. Мурунку күнү жамгыр жаагандыктан, булуттар суу ичип жаткан экен.

5
Жөнөкөй саякатчы үчүн жол өтө татаал деп бааланат. Улам өйдөлөгөн сайын жол жүрүү кыйындап бара жатты.

6
Кээде жар бойлоп, кээде чоң таштардан аркан менен чыгууга туура келет.

7
Булуттарды аралап бара жаттык.

8
Чыйыр жол.

9
Ошентип узак-узак жол жүрүп отуруп Ак-Сай капчыгайындагы Рацека жайына келдик. Бул жерде альпинист, туристтер эс алып, Мугалим чокусуна сапар алышат. Ал эми биз Мугалим көлүнө барабыз.

10
Бактыбызга күн ачык болду.

11
Булуттар ээрчип келе жатты.

12
Ак-Сай мөңгүсү.

13
Мелжеген жерибизге аз калдык.

14
Эл арасында бул көлдү "Мугалим" деп атап коюшат. Себеби, көлдүн үстүндө 4500 метр бийиктикте Мугалим чокусу жайгашкан. Бишкектеги турфирмалар бул жерге саякат уюштурушат. Баасы 1000 сомдун тегерегинде. Көп жылдан бери барып жүргөндөр көлдүн үстүндөгү мөңгү азайып жатканын айтышты.

15
Талаанын тамагы таттуу болот эмеспи. Эскертүү: таштанды таштабагыла!

16
Жалпы жолунан 10 сааттай, 20 чакырымды жөө басып өттүк.

17
Үйгө жөнөдүк.