Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

Тоолуу Карабак: эки тарап тең жоготууга учурады


Баку менен Еревандын соңку кагылышуусунан 49 армян жоокери өлгөнүн өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян билдирди. Азербайжандын Коргоо министрлиги да жоготуулар бар экенин кабарлап, так санын айта элек. 13-сентябрга караган түнү башталган атышууга байланыштуу Ереван Жамааттык коопсуздук жана келишим уюмуна, Орусияга жардам сурап кайрылганы маалым болду.

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян парламентке жасаган кайрылуусунда Баку 13-сентябрга караган түнү Армениянын турумдарына сокку урганын жана атышуу уланып жатканын айтты.

"Биз 49 жоокерибизден айрылдык. Тилекке каршы, бул акыркы сандар эмес. Түн ортосунда Азербайжан төрт тараптан чабуул баштады. Андан кийин дагы эки-үч багыттан сокку ура башташты", - деди Пашинян.

Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын "чагымына жооп берүүгө аргасыз болгонун" билдирип, жарандык объектилерге сокку уруп жатканы тууралуу маалыматтарды четке какты.

"Азербайжан куралдуу күчтөрү армяндардын аскердик турумдарын жок кылуу максатында таамай соккуларды урууда", - деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө.

Ошондой эле мекеме азери күчтөрүнүн арасында да жоготуулар бар экенин кошумчалап, так санын келтирген жок.

Тоолуу Карабак жана анын тегерек четинин картасы.
Тоолуу Карабак жана анын тегерек четинин картасы.

Армения кагылышууга байланыштуу Орусияга, Жааматтык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) жана Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине расмий кайрылды. Бул тууралуу мамлекеттик телеканал өкмөткө таянып кабарлады.

ЖККУ уюмга мүчө мамлекеттердин бири тыштан куралдуу чабулга кабылса, аскердик жардам көрсөтө алат. Ушундай жүйө менен уюм быйыл жыл башында Казакстанга «бейпилдик миссиясын» жөнөткөн. Бул коопсуздук уюмуна Кыргызстан да мүчө.

Еревандын кайрылуусунан кийин ЖККУнун туруктуу кеңешинин жыйыны башталганы маалым болду.

Андан тышкары Пашинян 13-сентябрда бир катар дүйнөлүк лидерлерге чалып, кырдаалга "адекватуу реакция жасоону" суранганын анын кеңсеси билдирди. Тактап айтканда, армян өкмөт башчысы АКШнын маалымат катчысы Энтони Блинкенге, Франциянын президенти Эммануэл Макронго жана Орусиянын лидери Владимир Путинге чалган.

13-сентябрда Армения менен Орусиянын коргоо министрлери жолугуп, чек арадагы кырдаалды жайгаруу боюнча чечимдерди кабыл алууну талкуулашканы кабарланды.

Блинкен жаңжалды токтотууга чакырып, Армениядагы калктуу конуштарга жана жарандык объектилерге сокку урулуп жактаны тууралуу билдирүүлөр Вашингтонду тынчсыздандырып жатканын кошумчалады.

Азербайжандын союздашы деп саналган Түркия соңку атышуу үчүн Арменияны айыптап, "Бакуга каршы провокацияны" токтотууга чакырды.

"Армения провокацияларын токтотуп, Азербайжан менен тынч сүйлөшүү өткөрүүгө жана кызматташууга кызыкдар болушу керек", - деп Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Твиттерде жазды .

Анын алдында Чавушоглу азербайжандык кызматташы Жейхун Байрамов менен телефондон сүйлөшкөнү маалым болду.

Эки өлкө 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Анда эки тараптан 6500 адам мерт кеткен. Орусиянын ортомчулугу менен аяктаган кыска согуштун жыйынтыгында Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Көп өтпөй Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аталган чөлкөмдө ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Армения менен Азербайжан макулдашууга кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак болгон.

Кесилишкен тилкени Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү кайтарып жатат. Андан бери чек арада утур атышуулар катталып келет. Акыркы ирет 1-3-августта болгон кагылышууда азербайжандык бир аскер жана армениялык эки аскер мерт болгону кабарланган.

Армения менен Азербайжандын лидерлери соңку ирет 31-августта Евробиримдиктин ортомчулугу менен Брюсселде жолугушкан.

Азери-армян чатагындагы Бишкектин туруму

Азербайжан менен Армениянын чек арасындагы кырдаалдан улам Ереван Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) кайрылды. Мындай жагдайда Бишкектин туруму кандай болот?

Бул жаатта Кыргызстандын коопсуздук кызматынын ардагери, генерал Артур Медетбеков “Азаттыкка” кыскача пикир бөлүштү:

- Армениянын премьер-министри Никол Пашинян ЖККУ жана башка эл аралык уюмдарга кайрылып жатат. Бирок жаңжал Тоолуу Карабакта – эл аралык коомчулук тааныбаган аймакта болуп жаткандыктан кийин ЖККУ деле, башка эл аралык уюмдар деле Арменияга жардам бере албайт.

Себеби, ЖККУнун жобосунда жазылгандай, бул альянска мүчө өлкөнүн чек арасын кайсы бир күчтөр бузуп, аскердик, террордук агрессия болгондо гана жардам көрсөтүлөт.

Азыркы конфликт Армениянын аймагында болгон жок. Ага карабай Орусия арачы түшүп, кайсы бир күчтөрдү киргизүүгө аракет кылышы мүмкүн. Мисалы, ЖККУ аралашса, уюмдун эрежелерине ылайык иш жүргүзөт, андан чыга албайт.


- Орусия арачы түшүп, айрым күчтөрдү киргизүүгө аракет кылышы ыктымал деп жатпайсызбы. Ал кандай күчтөр болушу мүмкүн?

- Жаңжал ырбап кетпеши үчүн коридор түзүү, абалды жайгаруу аракетин көрүшү мүмкүн. 2020-жылы ушундай болгон. Бирок ал кезде жагдай башкача эле. Украинадагы согуш да буга таасирин тийгизиши мүмкүн, себеби бүгүнкү күндө эл аралык мамилелер мурдагыдай эмес.

- Ушул жаатта суроо берейин деп тургам. Орусия азыр Украина менен убара болуп турган кезде Армения менен Азербайжандын ортосундагы талаш Москва үчүн маанилүү роль ойной алабы?

- Ачыгын айтканда, Украинадагы согушка карабай, Орусия өзүнө стратегиялык өнөктөш Армения үчүн чакан күчтөрдү киргизиши мүмкүн. Ал жакта базалары бар да. Түштүк Кавказда жаңжал чыгышынын Москвага кереги жок.

- Кайрадан Кыргызстандын турумуна кайталы. Бишкек Азербайжан менен деле, Армения менен эл аралык альянстарда мүчө жана кызматташтыгы бар. Эгер Армениянын Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунан жардам сурап кайрылганы канааттандырылса, анда Бишкек менен Бакунун мамилесине кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

- Андай болбойт деп ойлойм. Кыргызстан Армения менен ЖККУда чогуу мүчө болсо, Азербайжан менен Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө, анүстүнө бул эки өлкө бири-бирине боордош деп сыпатталып келет. Бирок Түрк мамлекеттеринин уюмунда аскердик кызматташуу жок. Эгер кокус Азербайжан Арменияга кол салып, аймагына кирип барса, анда Бишкек ЖККУ жобосу боюнча Ереванга көмөктөшүп, келишимди аткарышы керек.

Бирок Азербайжан андай кадамга барбайт. Аларга согуштун кереги жок. Болгону Баку буга чейинки келишимдерди так аткаруу үчүн Арменияны жана Тоолуу Карабактын жетекчилерин мажбурлаганга аракет кылып жатат. Азербайжан тарыхый аймактарын кайтарып алууну гана көздөйт, бул үчүн аларда тарыхый документалдык далилдери бар.

XS
SM
MD
LG