Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:34

Уйга жетпес карагердин байгеси


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сардарбек Рыскулов саяпкерлик менен мүнүшкөрлүк, өткөндүн санжыргалуу турмушун кемелине келтирип баяндап берүүнүн устасы болчу.

Анын айтылуу “Кашка ат, карагер жоргосу” “Ала-Тоо” журналына чыгары менен окурмандардын сүйгүнчүк чыгармасына айланып, авторун мыкты жазуучулар катарына кошкон. Сүрөткердин “Уйчу карагер” аңгемеси чакан жанрдагы мыкты туундуларынын бири, өмүрдө бир келчү чоң жарыш тууралуу элестүү баян.

Уйга жетпес Карагер

Сардарбек Рыскуловдун саяпкерлик менен мүнүшкөрлүк тууралуу баяндарын окуп эле отургуң келет. Көчмөндүк доордогу өзгөчө маанилүү окуя каадалуу аш-тойлордо, анан да күлүк чабыш, жорго салыш сындуу оюндарда өткөн. Байлык менен бийликтин мартабасы көпчүлүк эл чогулган жыйындарда көтөрүлгөн, күлүк ат, жаанда жок жорголорду сыноого даярдаган өнөр адамдарынын жылдызы жанган.

Шергазы саяпкер көчмөндүк доордо ысмы аңызга айланган улуу таланттардын бири болчу. Анын убакты-саатынын көбү башкалардын күлүгүн таптоо, башкалардын атын чыгарууга кетип, эмнегедир өзү тууралуу ойлонбой келиптир.

Аңгемеде Шергазы саяпкердин уулу уй кайтарууга минчү карагер ат тууралуу кеп болот. Саяпкердин жалгызы Ныязкул элдин уюн багып, атасы башкалардын күлүгүн таптап, ошону менен күн кечиришет. Бир жолу кечке тынбай жааган жамгырдан тажаган Ныязкул уйларын жайыттан эрте козгоп, үйүнө жетишке ашыгат. Ээси шашканы менен алдындагы кашаң атынын үйгө тезирээк жетчү түрү жок.

“Карагер такымга чак-чак тийген камчынын уусуна чыдай албай арткы буттарын асманга карай сырактатып, караган-черге жулдурган сопол куйругун кайра-кайра шыйпанып, анан зоңк-зоңк этип, көнүмүш желиши менен көңүл улап бир аз жерге зөңкүлдөгөн болду. Шапалактын шак-шак эткен добушун дуулдатып, улам-улам оң колу менен башынан айланта шилтеп, уйларын Ныязкул бир пастын ортосунда чогултту.”

Уйчунун кашаң аты айла жок эле басат. Ныязкулдун кайыштан өрүлгөн камчысы удаама-удаа шилтенип, эти ачышканда гана кашаң ат ордунан жылат. Ныязкулдун уйларын эртелеп айылга айдап келишинин себеби бар эле.

Кийиминен өтмө катар суу болгон баласынын кабагы салыңкы экенине энеси анчейин көңүл деле бурбады. Кечке жаанда талаада жүрсө, өтмө катар суу болсо сүйүнүп келмек беле. Кийимин чечип отко жылынып, азыноолок ысыгандан кийин ал атасын сурады. Атасы ажыныкында экен.

“Шергазы элге белгилүү атагы чыккан саяпкер болгону менен колу тайкы жетишсиз бакырдын бири. Жалгыз ат, жалаң тондуу. Бир музоолуу уйдан арбын мал күтпөгөн. Малды ким жаман көрөт? Ар жагындагы көрөңгөнүн чамасы аз. Ошондуктан жайдыр-кыштыр Сулайман ажынын топору. Сулайман ажы Шергазыга күлүгүн байлатат. Малайы катары жумушун иштетет. Сулаймандын айылы жайлоого, Арашандын Ак-Жайыгына көчкөндө Шергазы да кошо көчүп, конуштун бир четине сербейтип кара алачыгын тигет. Жайдыр-кыштыр Сулаймандыкынан шорпо аңдыйт. Баласы Ныязкул жыл бою Сулаймандын ага-инилеринин, коңшу-колоңдорунун уюн кайтарат.

Ныязкул минген Карагер Шергазынынын өзүнүкү. Өткөн жылы төмөнкү Чылпактагы чоң ашта Сулаймандын боз аргымагы чыккан. Ошондо соогатка тийген ушул Карагер… Анткени боз аргымакты боз аргымак кылган Шергазы. Карагерден башка Шергазыда кыл куйруктан арам болсун, эчтеке жок. Шергазы эки жакка бастырарда атты так ушул Сулайман ажыдан минет”.

Карагер Ныязкулга тийген. Күндө аны минип уй кайтарат. Кашаң ат тестиер баланы тажатып, бирок айла жок ысыкта шаштысын кетирчү уйлардын артынан жүргөнү жүргөн. Баарынан да бүгүнкү жаанда талаада чогулган балдардын кеби Ныязкулга катуу тийди. Атасын сурап, апасына сүйлөбөй тултуюп отурушунун себеби ошол болчу. Атасы келгенде бала жолдошторунан уккан кебин ачыкка чыгарды.

“Шергазы баласынын кабагына карап ойлуу тиктеди. Ныязкул ордунан күйшөлүп мукактана атасына жооп айтты.

- Бүгүн катуу… Аябай ыза болдум ата, - ал мурдагы калыбынан жазган жок. Башын жерден албай мүңкүрөп сүйлөдү. Шергазы чочуп кетти:

- Эмне үчүн айланайын?!. Кимдер ал?! Сени ызалаган?! - Ныязкул бүгүнкү болгон окуяны атасына башынан аягына чейин айта баштады.

- Бүгүн… Түштө… уйчу-койчулардын тобу Көк-Дөбөгө чогулдук. Алардын эрмеги мен болдум. Көбүнчө сизди жамандашты.

- Эмне деп? – Шергазы үрпөйө түштү. Ныязкул сөзүн улады.

- Атаң күлүк болчу жылкыны кулунунан тааныйт. Ат чабышта кайсы ат чыгаарын, кайсы ат калаарын алдын-ала билип, олуядан бетер какшап турат. Элдин баары аттарын сенин атаңа сынатат. “Чап” десе чабат, “кой” десе коёт. Анан атаң экөөң бир күлүк таап алып, эл алган байгени өзүңөр эмне албайсыңар?! Ушинтип сен уй кайтарып, атаң ар кимге кошомат кылып, мисалы, Сулайманга окшогон манаптардын күлүгүн таптап, такымын өйкөп, шымын жыртып, көчүгүн көк ээрге такылдатып жүрүп томаяк бойдон бул дүйнөдөн өтүп кетесиңерби? Силерде ар-намыс барбы? Биздин аталарыбыз сенин атаңдай аттын сырын билген саяпкер, сынчы киши болсо минтип бирөөнүн малын кайтарып кор болуп жүрбөйт элек. Атаңдын сага тандап берген “тулпары” алдагы кашаң карагер го? – деп аябай шылдың кылышты. Дагы-дагы мындан жаман сөздөрдү айтышты. Мен катуу ыза болгонумдан аз жерден ыйлап жибере жаздадым.

- Ай акмак десе!.. Ошого да ызаланат бекен?! Мына… сенин эшиктеги Карагериң мээ жок күлүк. Күзүндө өзүбүздүн айылда Баатыркандын ашы болот. Ошондо Карагерди чабабыз.”

Атасынын капаланган уулуна айткан сөзү шылдыңдай угулат. Ушу уйга жетпей, камчы уусуна эти ачышканда шөлпөң-шөлпөң жортуп калчу кашаң Карагер кантип эле аймакта жок күлүк болсун. Күлүк деген, Ныязкулдун оюнда, жылкыда жок өзгөчө мал. Ушу кашаң атты күлүк деп атасынын айтканына ким ишенсин? Элге-журтка белгилүү саяпкер деле кээде ушинтип тамашалап коёт окшойт. Башкасы башка Карагерди күлүк десе ким ишенет?

Күлүк деп уйчу атты минип чыгып алса, анысы баспай, камчы менен улам-улам чапканына карабай эти ачышканда мөңкүп коюп турса. Ныязкул атасынын шылдыңына чын эле капа болду. Уйга жетпес кашаңды күлүк деп. Көргөн эл эмне дейт? Шергазы деле айнып калган экен дешпейби. Баарынан да бу илээлеген Карагер сабаса да кежейип баспай туруп алсачы. Бирок кичинекей бала атасына эмне деп айтмак эле! Шылдың болобуз да дейт.

“ - Карасаң мунун балалыгын?! Күлүк ыкшоо болот. Чуркаар мезгилинде өзү эле чуркап коёт. Жылкыны сен менден жакшы билесиңби?!”

Атасынын ушул сөзү баласын ынандырды. Болду, Карагер күздө чабылат. Ага чейин атты жайытка коё бериш керек. Жарышка чейин эт алып, өзүнө келип калсын. Буга атасы макул болбоду, атты маалы келгенде таптарын айтып, азырынча уй артынан мине беришин табыштады. Кызык суроолор ушундан кийин жаады. Ушу кадамын санап баскан, илээлеген ат кантип күлүк болсун?! Жайды-жайлата үстүнөн токум түшпөгөнү үчүн кышында жоор болуп айыккан жерлери кычышат окшойт же кырчаңгыбы, там-таштан кыя өтпөй кашынганы кашынган. Ныязкул күн сайын үстүнөн түшпөгөн үчүнбү жонунан жоору кетпейт. Куйрук жалын караган-чер үзүп, сопол куйрук, суйдан жалы ансыз да тыртайган арык аттын кебетесин кетирип койгон. Анан ушуну күлүктөргө кошуп чабабыз дейт. Тапкан экен күлүктү. Баланын ушундай арасат ойлорун атасынын мыкты саяпкердиги басып, олуядай атасынын айтканы чын чыгып Карагер жаанда жок күлүкпү деген алдамчы ой да келе коёт.

Боз кыроого чыйрыккан ат

Күз келип Баатыркандын ашына даярдык кызуу жүрө баштады. Саяпкерлер күлүктөрүн таптап, чоң сыноого ким кандай катышары эмитен айтылып, уу-дуу кеп күчөдү. Байгеге чабылчу күлүктөр тапталып атканын көрүп Ныязкулдун тынчы кете баштады. Атасы унчукпайт, шөлпүлдөтүп Карагер менен ал дагыле уй артында. Күлүккө чабылчу уйчу аттын үстүнөн дагыле токум түшпөй, аны качан суутабыз деген баланын тынчы кете баштады. Атасы атты чабар күнү суутушарын айтып, өрөпкүгөн уулун тыйып койгон. Ныязкул кашаң аттан тажап уйду жөө эле кайтаргысы келип кетет. Анысы аз келгенсип минтип атасынын “шылдыңы” баланын чучугуна жетип, баарына кайыл.

Маанайы чөккөн уулу ичте чогулган арманын досторуна жашырбай айтып, бугун чыгарганы кетип баратса атасы чакырып токтотуп, жембаштыкка аз бөксө салынган арпа жемди берип, аны унутпай түштө атына берип коюуну тапшырды. Кийин ашка келген аттардын арасында мыкты күлүктөр аз экенин айтып атасы: “Кечке боз отко ою менен тойгуз, алты кочуштан артык жем бербе”, - деп айтты.

Болду, ошону менен эртең ат чабылат деген күнү Ныязкулду Карагерге мингизип Ысык-Атанын бекетине жетип кайра тартып кел деп жөнөттү. Анчалык узак жолго кашаң атты камчыланып барып келиш кандай тозок экенин Ныязкул менен атасы гана билет. Ошол жерге үч ирет барып кайтып келди. Кашаң Карагер ушунча узак жолдон нымшып тердеп койсо гана. Үчүнчү ирет эки ала кийизди кош кабаттап жаап, жалына чейин үртүктөп, мурдагысынан алыс жерге барып келгенден кийин Карагер олбуп-солбуп үйгө араң жетти.

“Ээр-токуму менен кош кат ала кийизди үстүнөн шыпырганда кайнап жаткан казандын капкагын ала койгондой Карагердин жонунан тумандаган ысык буу асманга “бур” дей түштү. Кетпеген жеринен тер кеткен. Туягынан кулагына чейин бармак басым кургагы калбаптыр. Карагердин кош таноосу эдиреңдеп дем алган сайын жогортон ылдый карай аккан чөлмөктөгөн тер чачылган мончоктой томолонуп, тула боюнан чууруп жерге тыпылдап түшүп жатат. Соо жери калбаптыр”.

Терге чөмүлгөн атты Шергазы күзгү боз кыроодо шамалкана жерге аса байлап таштады. Атасынын бул амалын Ныязкул түшүнбөдү. Буга чейин ат чабылат деген түнү атасы үйүндөгүлөрдү уктатпай, атты үргүлөтпөй таң аткыча жетелетип чыкчу. Терге чыланган атты байлап, уулунун “жетелейбизби”деген суроосуна “кереги жок” деп кол шилтеп койду.

Күзгү боз кыроого колдоюп тоңгон атына эртең менен кургак чөп салып, салкындан чыгарган жок. Баатыркандын ашына келген элүү күлүктүн катарында уйчу Карагердин кошулуп калганын көргөн элдин күлкүсүн айт! Белгиленген чекке жеткенден кийин Карагер аттардын эн артында калып, бирок тоңгон денеси аз-аздан жибий баштаганда арышын арбытты. Ысык-Атадан өткөн өрдө далай аттарды артка басып Карагер денеси жибишкен сайын жерге жата калып чуркады.

Ныязкул башка ат мингенсип ишене албай келет, шамалдай аркыраган күлүк жарышта баарынан алдыда. Денеси жибишкен сайын арышын керген күлүктү көпчүлүк марадан зорго токтотуп калды. Аты да, өзү баткакка оонагандай, эң кийин баштап, бирок минтип биринчи келгенине Ныязкул ишенбей турду.

Шергазы саяпкер шылдың кылган көпчүлүктү аң-таң калтырып, күлүк иргелген жылкылар арасынан эле эмес, уйчу аттан деле чыгарын, ар бир жаныбар өмүрүндө бир сындан камчы салдырбай өтөрүн, жашоо жарыш экенин ал ирет да ырастай алды. Тек, күлүктү убагында билген саяпкери болуш керек экен. Карагердин бир чабышка жарай турган кубаты бардыгын кылдат саяпкер туюп, суукка тоңдуруп, жылыган сайын күчөгөн кубатын билген тура.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG