Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:20

Таиландда шайлоодо оппозиция жеңди


"Кызыл көйнөкчөндөр" Бангкоктун борборук аянтында, 2009-жыл
"Кызыл көйнөкчөндөр" Бангкоктун борборук аянтында, 2009-жыл

Мурдагы премьер-министр Таксин Чиноваттын жактоочуларын бириктирген «Пхыа Тхаи» оппозициялык партиясы шайлоодо алдыга чыкты.

Таиланддын премьер-министри Абсихит Ветчатчива шайлоодо утулганын моюнга алды. Учурда бозгунда жүргөн мурдагы өкмөт башчы Таксин Чиноваттын карындашы Йинглак Чиноват тайлардын тарыхында биринчи аял премьер-министр болот.

Шайлоо бекеттеринде добуш берип чыккандарды сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, «Пхыа Тхаи» («Таиланд үчүн») партиясы 500 мүчөлүү парламенттен 313 орун алуусу күтүлөт. Бул тууралуу БиБиСи кызматы маалымдайт.

Сурамжылоолор бийликте турган Демократиялык партия 150 мандатка ээ болоорун да көрсөтүүдө.

Тайлардагы маанилүү шайлоо

Таксин Чиноват 5 жыл (2001-2006-жж.) Таиланддын премьер-министрлик кызматын аркалап, 2006-жылдын 19-сентябрында аскердик төңкөрүштө бийликтен түшкөн. Андан кийин башка өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Йинглак Чиноват «Пхыа Тхаи» партиясынын лидери, Бангкок шаары, 2011-жылдын июл айы
Бул шайлоо 1932-жылы Таиланддын конституциялык монархияга өткөндөн берки тарыхындагы урунттуу бурулуш катары баланууда. Өлкөдөгү түрдүү саясий күчтөрдүн өкүлдөрү ушул шайлоо алты жылдан ашуун тай коомунда уланып келген саясий жаңжалдарга чекит койот деген ишенимде.

500 орундуу тай парламентинин өкүлдөр палатасына өлкөдөгү 40 партиядан 3832 талапкер ат салышты. Таиландда 47 миллион жаран добуш берүү укугуна ээ. Өлкөнүн мыйзамына ылайык, 375 депутат шайлоо округдары боюнча ал эми 125 орун партиялардын добушу боюнча пропорциялуу негизде бөлүнөт.

Серепчилер 44 жаштагы Йинглак Чиноваттын саясий тажрыйбасы аздыгын белгилесе, тайлардын көбү партиянын чыныгы лидери Йинглактын бир тууган агасы Таксим Чиноват экендигин айтышат.

«Кызыл көйнөкчөндөр» ─ «сары көйнөкчөндөр» таймашы

Соңку алты жылда Таиланд саясий чыңалуу менен туруксуздукка кириптер болду. Эки саясий күчтүн массалык нааразылыктары адам өмүрү зыянга учураган кагылышуулар менен коштолду.

Өткөн жылы Таксин Чиноватты колдогон «кызыл көйнөкчөндөр» кыймылы Бангкоктогу жолдорду тороп, өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылган. Анда өкмөттүк күчтөрдүн атайын операциясында 91 киши набыт болгон.

Таксин Чиноватты колдогон «Кызыл көйнөкчөндөр», Бангкок, 2010-жылдын 6-апрели
Мурдагы премьер-министр Чиноват бюджеттин каражатын курулуш долбоорлоруна кенен кесири сарптап, анын натыйжасында кошумча жумуш орундарын түзгөн. Мындай саясаты үчүн ал айыл жергесинде жана шаардык жакыр таптын арасында кадыр-баркка ээ болгон.

Ошондой эле Чиноваттын өкмөтү өлкө түштүгүндөгү исламчыл сепаратисттерге катаал мамиле кылганы менен белгилүү.

Чиноваттын каршылаштары, негизинен тай коомунун орто катмарынын өкүлдөрү өкмөт башчыны коррупционер, популист жетекчи катары айыпташкан. 2006-жылдын сентябрында ал аскердик төңкөрүштүн аркасында бийликтен түшүп, өз мекенинен куулган. Ага каршы бийликте тургандагы коррупциялык иштери үчүн деген кине менен сыртынан эки жылга эркинен ажыратуу чечими чыккан.

2007-жылдагы шайлоодо Чиноваттын жактоочулары жеңишке жеткен. Бирок 2008-жылы демократтардын лидери Ветчачивынын «сары көйнөкчөндөрү» өкмөттү бийликтен кетүүгө аргасыз кылган.

«Кызыл көйнөкчөндөр» болсо «сары көйнөкчөндөр» түзгөн өкмөттү бүгүн дагы мыйзамдуу тааныбастыгын жарыялап келет.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG