Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:13

"Талибан" Орусия менен сүйлөшүү болгонун төгүндөдү


Оогандар "Ислам мамлекети" радикал тобунун радиосун угууда, 22-декабрь, 2015
Оогандар "Ислам мамлекети" радикал тобунун радиосун угууда, 22-декабрь, 2015

Ооганстандагы «Талибан» кыймылы «Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна каршы күрөшүү максатында Орусия менен сүйлөшүүгө барганын төгүндөп, бул радикал топтун таасири ооган жергесинде солгун экенин билдирди.

Британиянын The Sunday Times гезити президент Владимир Путин оогандык талиптердин лидери менен ушул жылы жолукканын жазып чыккандан кийин «Талибан» кыймылы андай маалыматты төгүндөп, Ооганстандагы «Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна каршы согушуу үчүн орус расмийлери менен сүйлөшүү болбогонун жарыялады.

23-декабрда Путиндин Ооганстандагы атайын өкүлү Замир Кабуловдун Москва «Талибан» менен маалымат алмашуу максатында атайын байланыш каналын түздү деген сөзүн «Интефакс» агенттиги жазып чыккандан кийин талиптер жооп кайтарды.

«Ислам мамлекети» же ДАИШ деген ат менен белгилүү топко каршы күрөштө «талиптердин кызыкчылыгы биздики менен объективдүү түрдө дал келет» деген Кабуловдун сөзүнө «Талибан» англис тилиндеги интернет сайтына «ДАИШке каршы кандай болсо дагы кимдир бирөөнөн жардам суроого эч кандай зарылчылык жок» деп, "бул маселе боюнча эч ким менен байланыш түзүп, сүйлөшүү жүргүзбөгөнүн" кошумчалады.

The Sunday Times гезити 27-декабрда аты-жөнү айтылбаган «Талибандын» жогорку даражадагы командирине шилтеме берип, президент Путин менен талиптердин лидери Молдо Ахтар Мансур сентябрь айында Тажикстандагы аскерий базада «Ислам мамлекетине» каршы бирге согушууну сүйлөшүүгө кездешкенин жазып чыккан.

Ушул тапта “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу Сирия менен Ирактын басымдуу бөлүгүн ээлеп алса, Ооганстанда болсо бул радикал топко жан тарткандардын саны арбып баратканы айтылат.

Ооганстандагы америкалык күчтөрдүн командирлеринин бири чалгын маалыматтары боюнча оогандардын арасында “Ислам мамлекетине” ыктаган согушкерлердин саны үч миңдин тегерегинде экенин Конгрессте билдирген.

Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясында экстремисттик топтун пропагандасын даңазалаган радио обого чыга баштады. Согушкерлер ушул ай ичинде эле бул провинцияда улам бир районду басып алып, жергиликтүү эл кара жанын качырууга аргасыз болду. Ооган бийликтери болсо жихадчылардын радиосунун үнүн басуунун айла-амалын издөөдө.

ИМдин радиосу ооган бийлигин чочулатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00

Ооганстандагы АКШ менен НАТО күчтөрүн комадири Жон Кэмпбелл Сирия менен Ирактагы “чет элдик согушкерлер” Ооганстандагы “Ислам мамлекетин” колдогон жоочуларга кошулуп, Нангархар провинциясында аймактык база куруунун аракетин көрүп жатканын айткан.

Анткен менен Кабул үчүн талиптер дагы деле коркунуч туудурган күч бойдон калууда. Өз билдирүүсүндө талиптер “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун Ооганстандагы таасирин алсыз деп баалап, “Ооганстанда кээ бирлер ДАИШ деген атты туура эмес пайдаланып, өз оккупациясын улантуу үчүн улуттук жана эл аралык чалгын кызматтарына таянууда” деп айтып чыкты.

Ошондой эле талиптер Ооганстандагы бул радикал топтун тамырын кыркууга жетишкенин, эми алар болгону чыгыштагы Нангархар провинциясында гана калганын билдирет. “Ал-Жазира” телеканалына берген маегинде талиптердин өкүлү “Ислам мамлекети” тобунун “бизди коркута турган алы-күчү жок” деп айткан.

Ал эми президент Путиндин Оооганстандагы өкүлү Замир Кабулов болсо Орусия Ооганстанда учурда Сирияда ишке ашырып жаткандай авиаоперацияларды жүргүзүүгө ниети жоктугун дагы кошумчалган.

Маалыматтар боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн жүздөгөн жарандары Ооганстан, Сирия жана Ирактагы куралдуу топтордун катарында согушуп жүргөнү белгилүү.

XS
SM
MD
LG