Кыргыздар жашаган Памир тоолору бир тарабынан Кытай, Ооганстан менен чектешсе, басымдуу бөлүгү Тажикстанда. Совет доорунда ага чейин тоо арасында ээн-эркин көчүп-конуп жүргөн көчмөндөр күч менен отурукташтырылган. Эми болсо алар жайкысын жайлоого чыгып, боз үй тигип, топоз багып, турист тосушат.
Памирдеги азыркы көчмөндөр
![Деңиз деңгээлинен 4,250 метр бийиктикте турган Корумду жайлоосу Тажикстандын аймагына кирген Памир тоолорунда жайгашкан. Баш-аягы 15 кишиден турган үй бүлө эки айдай жайлоого чыгып, топоз багып, четтен келген туристтерди тосушат. ](https://gdb.rferl.org/e5a62521-3215-4fbc-860d-f32272f0a2fb_w1024_q10_s.jpg)
1
Деңиз деңгээлинен 4,250 метр бийиктикте турган Корумду жайлоосу Тажикстандын аймагына кирген Памир тоолорунда жайгашкан. Баш-аягы 15 кишиден турган үй бүлө эки айдай жайлоого чыгып, топоз багып, четтен келген туристтерди тосушат.
![Аккан суудан аттай чуркаган кыз топоз тоскону баратат. Топоз жергиликтүү элдин негизги байлыгы, аны сатып же керектүү нерсеге алмаштырса болот. Бир топозго баасы 300 доллардай турган боз үй келет. ](https://gdb.rferl.org/a3f4ea8b-c7ad-4fe2-a259-af3b135f1ece_w1024_q10_s.jpg)
2
Аккан суудан аттай чуркаган кыз топоз тоскону баратат. Топоз жергиликтүү элдин негизги байлыгы, аны сатып же керектүү нерсеге алмаштырса болот. Бир топозго баасы 300 доллардай турган боз үй келет.
![Taгайбек Турдукулов неберелери менен, ал совет доорунда комсомолдук жетекчи, 1990-жылдары колхоздун топозу менен коюн элге таратканда жооптуу болгон. ](https://gdb.rferl.org/3c12e8bc-7d94-4d3e-b971-1f8cda89e050_w1024_q10_s.jpg)
3
Taгайбек Турдукулов неберелери менен, ал совет доорунда комсомолдук жетекчи, 1990-жылдары колхоздун топозу менен коюн элге таратканда жооптуу болгон.
![Таң эртеден тарта түн бир оокумга чейин аялдын үйдөгү түйшүгү бүтпөйт. Тамак жасап, бала баккандан башка күнүгө эки маал топоз саап, отко жакканга терскен, куурай чогултат. ](https://gdb.rferl.org/dfb6b920-8d03-4e47-85c6-ed3b9e2564fe_w1024_q10_s.jpg)
4
Таң эртеден тарта түн бир оокумга чейин аялдын үйдөгү түйшүгү бүтпөйт. Тамак жасап, бала баккандан башка күнүгө эки маал топоз саап, отко жакканга терскен, куурай чогултат.
![Көчмөндөрдүн дасторкону. Сакалдуулар жаштарга "Дасторконго береке, дайым жакшылыкка жайылсын" деп бата беришет. ](https://gdb.rferl.org/93cf9063-5020-4722-835b-0dc8da87890b_w1024_q10_s.jpg)
5
Көчмөндөрдүн дасторкону. Сакалдуулар жаштарга "Дасторконго береке, дайым жакшылыкка жайылсын" деп бата беришет.
![Боз үйдөгү болгон кызык - балдар өзбек сериалдарды көрүшөт. Интернет байланыш абдан солгун, андыктан балдар дискке жаздырылган видеолорду көрүшөт. ](https://gdb.rferl.org/749009bb-6acf-4382-b338-2c2e563d33f1_w1024_q10_s.jpg)
6
Боз үйдөгү болгон кызык - балдар өзбек сериалдарды көрүшөт. Интернет байланыш абдан солгун, андыктан балдар дискке жаздырылган видеолорду көрүшөт.
![Корумду жайлоосуна бараткан жолдогу үй. Кең өрөөндү өрдөгөн жердеги бул үйдө Зилал менен Тажикбай Чоңбагышевдер небере кызы менен турушат. Алардын балдарынын көбү Кыргызстанга көчүп кетишкен. ](https://gdb.rferl.org/f62b8c2f-592e-4d28-b283-5c975e221344_w1024_q10_s.jpg)
7
Корумду жайлоосуна бараткан жолдогу үй. Кең өрөөндү өрдөгөн жердеги бул үйдө Зилал менен Тажикбай Чоңбагышевдер небере кызы менен турушат. Алардын балдарынын көбү Кыргызстанга көчүп кетишкен.
![Зилал апа топоздун сүтүнүн сүзмөсүнөн курут жайып кургатат. Кышында аны сууга эзип, ысык сорпого катыктап ичишет. ](https://gdb.rferl.org/e85957f7-acaf-436e-87a5-934f1ac5a473_w1024_q10_s.jpg)
8
Зилал апа топоздун сүтүнүн сүзмөсүнөн курут жайып кургатат. Кышында аны сууга эзип, ысык сорпого катыктап ичишет.
![Жайлоодо күндүн көбү тышта өтөт. Боз үйгө болсо тамак ичкенде, анан жатканда эле киришет. Мындай бийик жерде абанын басымы төмөн үчүн тамак жай бышат. ](https://gdb.rferl.org/c20f6bcb-ca0f-4be6-b88a-67ca5b0f0bbd_w1024_q10_s.jpg)
9
Жайлоодо күндүн көбү тышта өтөт. Боз үйгө болсо тамак ичкенде, анан жатканда эле киришет. Мындай бийик жерде абанын басымы төмөн үчүн тамак жай бышат.
![Көчмөндөр туристтерге топоздорду даярдашууда. Жумуш жок жерде туризм тыйын табуунун жалгыз жолу. ](https://gdb.rferl.org/562c4f22-d217-4ed8-afb0-13bb1fd2826e_w1024_q10_s.jpg)
10
Көчмөндөр туристтерге топоздорду даярдашууда. Жумуш жок жерде туризм тыйын табуунун жалгыз жолу.
![Ыдырыс туристтерге топоз мингизип, жер көрсөтөт. Топоз жылкыга караганда тоо-ташта тың жүрүп, колду карабай, өз тамагын өзү таап жейт. ](https://gdb.rferl.org/f19a7b5c-49a1-4ff1-aa2d-fc0a04834ae0_w1024_q10_s.jpg)
11
Ыдырыс туристтерге топоз мингизип, жер көрсөтөт. Топоз жылкыга караганда тоо-ташта тың жүрүп, колду карабай, өз тамагын өзү таап жейт.
![Камыр жайып жаткан кыз. Ун башка көп азык-түлүктөй эле сырттан ташылат. Бул жерде көбүнчө эт менен сүт азыктарын жешет. ](https://gdb.rferl.org/ebe2b95d-6499-4e39-bff6-dc9e2d7a4a50_w1024_q10_s.jpg)
12
Камыр жайып жаткан кыз. Ун башка көп азык-түлүктөй эле сырттан ташылат. Бул жерде көбүнчө эт менен сүт азыктарын жешет.
![Чапаты нан. Нандын аты айтып тургандай эле памирликтердин Пакистан, Индия менен маданий алакасы болгонун көрсөтөт. Кыргызстанда мындай нанды калама дешет. ](https://gdb.rferl.org/3a28a31c-ccd9-4077-a44c-25b61ea8860f_w1024_q10_s.jpg)
13
Чапаты нан. Нандын аты айтып тургандай эле памирликтердин Пакистан, Индия менен маданий алакасы болгонун көрсөтөт. Кыргызстанда мындай нанды калама дешет.
![Ниндзянын бет кабын кийген жигит. Тамашадан сырткары көпчүлүк учурда мындай бет капты ачуу тийген күндүн нурунан сактануу үчүн кийишет. ](https://gdb.rferl.org/706fa796-2112-4322-a4f7-231b058074a7_w1024_q10_s.jpg)
14
Ниндзянын бет кабын кийген жигит. Тамашадан сырткары көпчүлүк учурда мындай бет капты ачуу тийген күндүн нурунан сактануу үчүн кийишет.
![Жайлоодон терскен жүктөп кыштакка келаткан машине. Бир машинени толтуруу үчүн терскен терүүгө эки күн кетет. ](https://gdb.rferl.org/64a80115-53d6-4911-b858-6c4b97ab49dc_w1024_q10_s.jpg)
15
Жайлоодон терскен жүктөп кыштакка келаткан машине. Бир машинени толтуруу үчүн терскен терүүгө эки күн кетет.