Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Подполковник Уларовдун табышмактуу өлүмү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Былтыр жазында Ош шаарында киши колдуу болгон милиция кызматкери Таирбек Уларовдун жакындары Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, сотторго нааразылык билдирди.

Алар кылмыш кылгандар "тиешелүү жазасын албай жатат" деп эсептейт. Ош облустук соту бул айтылгандар менен макул эмес. Кылмышка шектүү тарап күнөөнү четке кагып, милициянын маңзатка каршы күрөш бөлүмүндө иштеген Уларовдун өлүмүндө көмүскө жагдайлар аныкталбай калганын белгилеп жатат.

Бир жыл мурун киши колдуу болгон ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгѳ каршы күрөшүү башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн кызматкери, милициянын подполковниги Таирбек Уларовдун жубайы Нургүл Меңдиева бул кылмыш иши боюнча башында кармалган төрт киши тең жазаланышы керек деген пикирде:

- Жолдошумдун өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесине ылайык ("Киши өлтүрүү") айып тагылган. Бирок ошол беренеге ылайык жаза берилген жок. Жолдошумду мыкаачылык менен өлтүрүп койгондордун экөө боштондукта жүрөт. Ал 2017-жылдын 21-мартында, Нооруз күнү "торт алып келем, чай ичип тургула" деп чыгып кеткен бойдон кайрылып келген жок.

Эки күн бою кабары билинбеген Таирбек Уларовдун сөөгү 23-мартта Ош шаарына караштуу Учар айылында көчө боюнда токтоп турган машинесинин ичинен табылган. Көп өтпөй Ош шаардык ички иштер башкармалыгы ал башына тийген катуу соккудан өлгөнүн, кылмышка шектүү катары бир үй-бүлө мүчөлөрү - жубайлар Дамир Шабыралиев менен Наргиза Ражапова, аялдын иниси Мурат Ражапов менен өспүрүм уулу кармалганын жарыялаган.

Милициянын версиясы боюнча, кылмышка кызганыч түрткү болгон. Кийинчерээк эне-бала абактан бошотулуп, калган экөө "киши өлтүргөн" деген кине менен камакка алынган. Азыр алар Ош шаардык милициясынын тергөө абагында отурушат. Ишти алгач Ош шаардык соту карап, Шабыралиевди 18 жылга, Мурат Ражаповду 7 жылга эркинен ажыраткан. Жабырлануучу тарап соттун чечимин "жеңил" деп эсептеп, жогорку инстанцияга кайрылган. Нургүл Меңдиева облустук сот да мурдагы чечимди күчүндө калтырып коюшу мүмкүн деп кооптонуп турат.

Бул жерде адамдар топтошуп алып кылмыш кылганы менен судья тиешелүү беренени бир эле кишиге колдонуп атат. Бул туура эмес өкүм.

- Тергөө алты ай жүрүп, 2017-жылы сентябрда иш шаардык сотко өткөрүлдү. Шаардык сот алты ай созду. Биз чет мамлекеттен экспертизанын корутундусун, күбөлөрдү күткөн жокпуз да. Ага карабай алты айга негизсиз создукту. Ишти караган судья Жаналы Батырбеков териштирүү башталганда эле соттолуучулардын адвокаты Рамазан Кожомкулов менен бир машинеде келип атты. Соттук териштирүүдө Батырбеков соттолуучулар тарапка өткөнү көрүнүп турду. Ошону көргөндө акыйкат чечим болорунан күмөн санаганбыз. Кийин ал шектенүүбүз далилденди. Милиция кызматкери мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүнө карабастан сот негизги айыпталуучуга 18 жыл берди. Экинчисине 97-беренени 339-беренеге алмаштырып, жети жылга эркинен ажыратты. Алгач экөөнө тең 97-берененин 2-бөлүгүнүн 6-10-14-пункттары менен айып угузулган. Бирок ал бир эле соттолуучуга каралып калды. 14-пункт маркум уюшкан топтун колунан курман болгон учурларга таандык. Бул жерде адамдар топтошуп алып кылмыш кылганы менен судья тиешелүү беренени бир эле кишиге колдонуп атат. Бул туура эмес өкүм. Биз "шаардык сот Ражаповдордон 10 миң доллар, облустук сот 20 миң доллар алды" деп угуп жатабыз. Сотторго акча маанилүүбү? Ош облустук сотундагы ишти караган судьялардын экөө Батырбековдун жердештери экен. Эми ал мурдагы чечимди күчүндө калтыруу үчүн жердештерине чуркап жүргөн кези.

Таирбек Уларовдун эжеси Зулфия Уларова кандуу "окуяга маркум менен Наргиза Ражапованын жакын мамилеси же кызганыч себеп болду" деген версияга кошулбайт. Ал кылмышты акчага байланыштырып, Ражаповдорду "мурда алдамчылык менен алектенип келген" деп айыптады:

- Кылмышка акча себеп болгон. Бирок азыр бизде буга далил жок. Келинимдин айтымында, иним көзү тирүүсүндө үйүнөн "карызга бирөө сурап жатат" деп чоң суммадагы акча алып кеткен экен. Анан жаз келгенде "үйдү ремонттойм" деп Ражаповдордон карызын доолай баштаган. Менимче, ошону бербештин амалын кылып өлтүрүп коюшкан. Наргиза Ражапова, күйөөсү Дамир Шабыралиев мурда алдамчылык боюнча айыпталган. Кылмыш болгондон кийин алардын бир нече кишини алдаган фактылары ачыкка чыкты.

Маркумдун жубайы Нургүл Меңдиеванын айтымында, жолдошу карызга берген акчанын суммасы 200 миң сом. Ага Дамир Шабыралиев бутуна операция жасаткан деген маалымат бар.

Бирок бул айтылгандарды экинчи тарап четке кагууда. Наргиза Ражапова күйөөсү менен инисине "айыпты кыйнап туруп коюшту" деген пикирин кайталап жатат. Ал да шаардык соттун чечимине макул болбой, камактагыларды актоону өтүнүп, облустук сотко даттанган. Ошондой эле милиция кызматкеринин өлүмүнүн чыныгы себеби көмүскөдө калганын айтууда:

Сот мурда жансакчы болуп, спецназда иштеп жүргөн, бою 1.95, салмагы 120 килограмм болгон кишини буту аксап баскан майып жолдошум "колундагы таягы менен өлтүрүп койгон" деген чечим чыгарды.

- Шаардык сот туура эмес чечим чыгарды. Бул жерде күнөөсүздүк презумпциясы деген болушу керек эле. Бизде күйөөм менен инимдин бейкүнөө экенин далилдеген өтө көп документтер бар. Мисалы, тергөөдө Таировдун өлгөн сааты, аны өлтүргөн жабдык аныкталган эмес. Милиция бир тарапка тартып эле чечим чыгарып койгон. Сот мурда жансакчы болуп, спецназда иштеп жүргөн, бою 1.95, салмагы 120 килограмм болгон кишини буту аксап баскан майып жолдошум "колундагы таягы менен өлтүрүп койгон" деген чечим чыгарды. "Өзү өлтүрө албайт болчу, кылмышты жаап-жашырды" деп инимди кошо камашты. Иним ал кишини тааныбайт. Чындыгында жаап-жашыруу биз тараптан эмес, тергөө тараптан болуп жатат. Уларовдун машинесинен далил буюмдар, таңгакталган ун сыяктуу зат табылган. Акча, номер, телефондор чыккан. Бирок аны эч ким аныктаган да, изилдеген да жок. Милиция милициянын бетин жаап, сот алардан коркуп чечим чыгарып койду. Киши өлтүрбөгөн адамга 18 жыл, маркумду тааныбаган кишиге 7 жыл жаза берип койду.

Уларовдун жакындарынын шаардык соттун үстүнөн жазган арызын жогорку инстанция апрелден тартып карай баштаган. Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов соттордун дарегине айтылган жабырлануучулардын дооматын четке какты:

- Жазык иши боюнча соттолуучунун аялына жана баласына карата козголгон кылмыш иштери сот тарабынан эмес, 2017-жылдын 14-сентябрында тергөө органдары тарабынан кыскартылган. Жабырлануучулардын "Ош шаардык соту мыйзамсыз чечим чыгарды, пара алган" деп айткандары негизсиз. Эгерде алардын кандайдыр далилдери же күбөлөрү болсо - ушул убакка чейин тиешелүү органдарга кайрылышмак. Бүгүнкү күндө жазык иши Ош облустук сотунун кароосунда. Кийинки отурум 23-май, саат 10го дайындалган. Иш боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген өкүм жок. Ошол себептен азырынча ак же кара деп айтууга эрте.

Милиционердин сөөгү табылгандан кийин шектүү катары кармалып кайра коё берилген Наргиза Ражапова бул иш боюнча күбө катары сурак берген. Ал сурак учурунда катуу кыйноого кабылганын, анын айынан бир жарым айлык эгиз балдары бойдон түшкөнүн айтып, укук коргоо органдарына, Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борборго кайрылган.

Башкы прокуратура анын арызынын негизинде соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Көзөмөл органы психологиялык кысымдан улам келиндин боюнан түшүп калганы аныкталганын жарыялап, кылмыш ишин козгогон. Ош шаардык милициясы болсо өз дарегине айтылгандарды "куру доомат жана соттолуучулардын жазадан кутулуу аракети" катары баалаган. Таирбек Уларовдун өлүмү боюнча сот жараяндары да ызы-чуу менен коштолуп жүрөт. Өткөн аптада иш Ош облустук сотунда каралып жатканда маркумдун жакындары айыпталуучулардын адвокаты Рамазан Кожомкуловду сабашканы кабарланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG