Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:42

Сирия оппозициясы элге чыкты


Сирия Улуттук кеңешинин төрагасы Моаз ал-Хатиб
Сирия Улуттук кеңешинин төрагасы Моаз ал-Хатиб

Сирияда бириккен оппозициянын лидери козголоңчулар көзөмөлдөгөн аймакка алгачкы ирет барды. Моаз ал-Хатибдин сапары козголоңчулар өлкөнүн экинчи ири шаары - Алепподо айрым бир жылыштарды жасаганы кабарланган учурга туш келди.

Сирия Улуттук кеңеши уюшулгандан бери анын президенти өлкөнүн түндүк чек арасынан биринчи ирет кесип, Алеппонун козголоңчулар колундагы Жараблус жана Минбиж райондорун кыдырып, алардын эли менен кездешти. Оппозициянын билдирүүсүндө иш сапардын максаты калктын жашоо шарты менен таанышуу экени айтылат.

Сириянын аймагына Түркия аркылуу киргенге чейин ал –Хатиб алты миллион эл жашаган Алеппо провинциясынын бийлигин шайлоого багытталган жыйынга катышты.

Түркиянын Газиантеп шаарында өткөн кеңешмеге козголоңчулардын кол башчылары менен оппозиция өкүлдөрүнөн 220дай киши келген.

Оппозиция жолбашчысынын козголоңчулар көзөмөлдөгөн аймакка иш сапары Алепподо жана өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Хомс шаарында айгышкан уруштар жүргөнү кабарланган мезгилде болду.

Алеппонун чет жакасы. 2-мартта тартылган сүрөт.
Алеппонун чет жакасы. 2-мартта тартылган сүрөт.
Өзү Алеппо үчүн козголоңчулар менен өкмөттүк күчтөр, президент Асадга жантарткан согушкерлер былтыр июль айынан бери салгылашып келишет.

Соңку маалыматтарда козголоңчулар бир нече күнкү уруштан кийин полиция академиясынын имаратын басып алышканы айтылат. Уруш учурунда өкмөттүк күчтөрдүн бери дегенде 120 аскери өлсө, козголоңчулар да сексендей кишисин жоготкон.

Оппозиция лидери Моаз ал-Хатибдин Алеппонун чет жакасына барганга чейин өткөн аптада мекениндеги уруштарды комментарийлеп, мындай деген эле:

- Көптөр, өзгөчө массалык маалымат каражаттары жаш балдардын каны төгүлгөнүнө эмес, согушкерлердин сакалынын узундугуна көңүл бурушууда. Бир ай мурда режим нан жабуучу жайлардын 86сын бомбалап, балдардын денеси нан менен аралашып калды. Согушкерлердин сакалына эмес, мына ушуга көңүл бургула!!!! Өлкө ичинде күрөшүп жаткандардын көбү курал алууга аргасыз болгондор. Биз арасында Сирия коомунан бөлөкчө ойлонгон адамдардын бардыгын да жокко чыгара албайбыз, бирок аларды четке кагабыз.

Президент Асад баштаган Сирия бийлиги болсо аскерлер өлкөнү талкалоону көздөгөн “террорчулар”, “эстремисттер” менен күрөшүп жатат деп ырастоодо.

Маселен британдык “Санди Таймс” гезитине берген жана теледен көргөзүлгөн соңку интервьюсунда Асад Британияны мындайча айыптады:

- Биз Британияны, эгер ал проблеманы милитаризациялоону максат кылган болсо, Сирия жаңжалында роль ойноого кантип чакыра алабыз. Эгер ал террорчуларга аскерий жабдуу жөнөтүүнү кааласа, сириялыктар ортосундагы диалогду жеңилдетүүгө аракеттенбесе, кырдаалды оңдоого, стабилдүү кылууга кантип салым кош дей алабыз. Бул логикалуу эмес да.

Башар Асад британ журналисттери менен маегинде анын өкмөтү азыр согушкерлер менен сүйлөшүүгө даярдыгын, бирок адегенде алар куралын таштоосу зарылдыгын кошумчалаган. Өзү өлкөдөн кетпешин жана тыш кысымдын астында бийликтен чегинбешин ишара кылган.

Оппозиция тарап болсо мунун тескерисин, сүйлөшүүлөргө чейин Асад бийликтен баш тартуусу керектигин айтып келишүүдө.

Баяндамачылардын пикиринде, оппозициянын башын кошкон Сирия Улуттук кеңешинин алдында азыр Дамасктын көзөмөлүнөн чыгып кеткен аймактарда эл ишенимине кирип, башкарууну жана өкмөттүк кызматтарды уюштуруу милдети турат. Бул үчүн тыштан колдоо бардай.

“Сириянын достору” тобуна кирген мамлекеттердин өткөн аптадагы жыйынында АКШ саясий оппозицияга алтымыш миллион доллар ажыратарын, козголоңчуларга да адам өмүрүн кыйбай турган материалдык жардамды алгачкы ирет түз берерин жарыялаган.

Кошмо Штаттардын бул чечимин Иран жана Сирия бийлиги сынга алган.

Сирия маселеси АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри дүйшөмбүдө Сауд Аравияда өткөрүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде да турат. Керри Эр –Риядда Перси булуңундагы өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен кездешүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG