Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:51

Сирия чатагы Венада талкууга алынды


АКШ менен Орусиянын тышкы иштер министрлери Жон Керри жана Сергей Лавров. 30-октябрь, 2015-ж. Вена шаары.
АКШ менен Орусиянын тышкы иштер министрлери Жон Керри жана Сергей Лавров. 30-октябрь, 2015-ж. Вена шаары.

Бир катар кызыкдар өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Венада чогулуп, Сириядагы куралдуу эрегишти токтотуу жолдорун талкуулап жатышат. АКШ, Орусия, Германия, Франция баш болгон ондон ашуун өлкөнүн башкы чабармандарына алгачкы ирет Ирандын тышкы иштер министри да кошулду.

Сирия президенти Башар Асаддын башкы колдоочулары саналган Иран менен Орусиянын тышкы иштер министрлери Венадагы эл аралык сүйлөшүүгө кошулганы бул жолугушуунун температурасын кызытты.

Бейшембиде кечке маал Австриянын башкалаасына келип түшкөн АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри ушул эле күнү Иран менен Орусиянын тышкы иштер министрлери Жавад Зариф жана Сергей Лавров менен өз-өзүнчө жолугушуулар өткөрдү. Дипломаттар Венадагы сүйлөшүүдөн күтүүсүз жаңылык чыгаарынан күмөн санашат, кантсе да ар кандай көз караштагы өлкө өкүлдөрү чогулуп отурбайбы.

Алсак, Москва менен Тегеран Башар Асад Сириядагы кандай болбосун өткөөл өкмөттүн курамына сөзсүз кириши керек деген көз карашта. АКШ, европалык лидерлер жана Венага чогулуп аткан алардын Перс булуңундагы өнөктөштөрү Асад бийликтен кетмейинче тынчтык орнобойт деп ишенишет.

Бейшембиде Венага келип түшкөн Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Адал Ал-Жубейр өз өлкөсүнүн бул маселедеги пикирин дагы бир ирет кайталады.

- Биз Сирия оппозициясын эч кандай тынчтык сүйлөшүүсү болбогондой эле колдой беришибиз керек. Мындай колдоону Сирияда урушуп жаткан күчтөр балансы өзгөргөндөй кылып күчөтүшүбүз керек. Ошондо гана Башар Асаддын бийликтен кетишине жол ачылат.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик департамент өкүлү Том Шэннон Вашингтон бу жолку сүйлөшүүдө Иран менен Орусия Башар Асадды кызматынан чегинүүгө көндүрүү аракетинде эл аралык коомчулук менен иштешүүгө канчалык кызыкдар экенин байкагысы келерин айткан эле. Жума күнү Венада журналисттердин ушуга байланышкан суроосуна Жон Керри кыскача гана жооп берди

- Мен үмүттөнүп турам. Оптимисттик маанайдамын деп айталбайм. Алдыга жылууга жол таап калабызбы деген үмүт бар. Кандай болорун көрө жатарбыз.

Эксперттер белгилегендей, АКШ Венадагы жолугушууда Иран менен Орусиянын "Ислам мамлекети" радикал кыймылына, Сирия менен Ирактагы башка террорчул топторго каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүү ниети бар-жогун билгиси келет.

30-октябрда Венада өтүп жаткан Сириядагы жагдай боюнча жолугушууга ошентип, Орусия, АКШ, Германия, Франция, Британия, Италия, Иран, Ирак, Египет, Ливан, Катар, Араб Эмираттары, Кытайдын жогорку даражалуу чабармандары катышууда. Евробиримдик менен Улуттар уюму да өз өкүлдөрүн жиберишти. Бирок сүйлөшүүгө Сириядан бийлик, оппозиция, же башка куралдуу күчтөрдүн тарапкерлери чакырылган жок. Сириядагы алдыңкы оппозициячыл кыймыл жетекчилери Венадагы жолугушууга Ирандын катышуусу андан кандайдыр жыйынтык чыгаарууга башкы тоскоолдук болот деп билдиришти.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG