Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:06

1937: Муса Керимкулов: “Мен келем, ыйлаба!”


Д. Жилинскийдин "1937-жыл" аттуу сүрөтү. 1995-жыл.
Д. Жилинскийдин "1937-жыл" аттуу сүрөтү. 1995-жыл.

Ысык-Көлдүн чыгышындагы Ак-Суу районуна караштуу Кайырма-Арык колхоз башкармасы Муса Керимкулов 1937-жылы “эл душманы” катары камакка алынып, жазыксыз жерден өлүм жазасына кириптер болгон. "Куугунтук курмандыктары" берүүсүнүн бул жолку чыгарылышы М.Керимкуловдун бейнесине арналат.

Көл кылаасынын Ак-Суу жергесиндеги Кайырма-Арык айылынын колхоз башкармасы Муса Керимкулов 1937-жылы “эл душманы” катары камакка алынган. Жакындарынын айтуусунда, “эл душмандарын” Каракол түрмөсүнөн анча алыс эмес жерде атып жок кылышып, бийлик кылмышын жаап-жашырып келген.

Колхозчу менен жумушчу жыргап кеттиби?

Муса Керимкулов 1950-жылдардын аягында акталганга чейин анын үй-бүлөсү кандай азап-тозокторду башынан кечиргенин айтып отурса өзүнчө узун сөз. Совет бийлигине жан-дили менен кызмат кылып, сталиндик кандуу жазалоонун курмандыгына айланган Муса Керимкуловду эскеребиз.

Вера Мухинанын айтылуу "Жумушчу жана колхозчу аял" монументи сталиндик жазалоолор күчөгөн 1937-жылы жаралган..
Вера Мухинанын айтылуу "Жумушчу жана колхозчу аял" монументи сталиндик жазалоолор күчөгөн 1937-жылы жаралган..

Муса Керимкулов колхоз курулушу үчүн убакты-саатын аябай, совет бийлигинин кызматын кылып жүргөн кезинде жалган жалаанын курмандыгы болуп, ак жеринен атылып кетерин ойлобосо деле керек. Антип, жаңы бийликке чын дилден кызмат кылган канча азаматтар ак жеринен айыпталып, атылып, асылып, жок кылынды? Алардын так саны эмгиче белгисиз.

Кайсы бир оюндагысын ачык айткан чаласабат дыйкандын кайсы бир жыйында: "“Колхоз менен совхоздор жыл санап өсүп эле баратат, колхозчу менен жумушчулардын жашоосу жакшырып жатат" деп атышат. Кана жакшырганы, кана колхозчу менен жумушчунун жыргап кеткени? Улуттардын тең укугу деп Башмыйзамга жазып койгону менен тең укуктуу болбой атпайбы” деген сөзү үчүн алты жылга абакка кесилгени, массалык кыргындын бери четте турган гана мисалы. Минтип ачык айтпай, тапшырылган ишти так аткарып, оозун басып жүргөн азаматтардын миллиондору сталиндик кандуу жазалоого туш келди.

Тергөөчүлөр менен соттоочулар мыйзамдык эреже-тартипти эсине албай, жазалоонун конвейердик системасын таап алышкан. Белгилүү берене, тааныш бөлүк, айыпталуучунун аты менен фамилиясы гана өзгөрбөсө, айып менен жаза бипбирдей, опокшош.

Муса Керимкулов ошондой опсуз машинеге туш келген. Түндөсү келип кармап кетип, түндөсү атып жок кылып, мамлекеттик кылмыштын изин жашырып, ак жеринен жазага кириптер болгондорду кара жер алдына капыс жашырышкан. Андай массалык мүрзөлөр белгисиз бойдон калып кетти. Совет бийлигинин эң оор кылмышы ушу азыр да толук ачыла элек. Репрессия курмандыктарынын так тизмеси, аларга коюлган айыптар, качан, кайда жашырылганын так чагылдырган эстелик китептер да чыга элек. Ортодо убакыт, мезгил өкүмүн чыгарып, кандуу кылмыштын изи сууп баратат.

Жылдыз тагынган эки милиционер

Ошондой аты унутта калып келаткан бир азаматтын дарек-дайынын бизге эл агартуунун отличниги Сартбай Дубанбаев абабыз айтып берди.

1937 Kyrgyz USSR - Stalinism - Sartbai Dubanbaev - - Sartbay Dubanbaev - 13.11.2017 - Bishkek - Kyrgyzstan – Azattyk
1937 Kyrgyz USSR - Stalinism - Sartbai Dubanbaev - - Sartbay Dubanbaev - 13.11.2017 - Bishkek - Kyrgyzstan – Azattyk

​Жолдун алыстыгына, колдон-буттан алган карылыкка карабай Сартбай аба Муса Керимкулов тууралуу айтып бергени “Азаттыкка” келиптир. Былтыр 1916-жылкы Үркүн тууралуу кызыктуу эскерүүсүн бизге келип жаздырып кеткен.

- Эми ушерде айтып кете турган бир нерсе бар. Биздин кошунабыз Керимкулов Муса деген киши башкарма болгон. Айылдын колхоз башкармасы эле. Болгондо да жанагы ачарчылык күчөгөн 1930 – 33-жылдары башкарма болгон. Бу киши мыкты башкарма, өзү коммунист болгон. Айылга саман кыштан чоң эки кампа салдырган. Ал кампалардын тыягынан быягына эки араба ат өтүп кете алчу, ушундай чоң кампа салдырды. Ачарчылык жылдары.

Ал эми биздин айылдын Кайырма-Арык деп аталып калышы - Жергез деген суудан сугатка деп үч чакырым аралыкка канал каздырган. Ал канал азыр да бар, ондоп алып сугарып жүрүшөт. Кайырма-Арык ошонун атында калган. Биздин колхоз ал учурда “Эркиндик” деп аталчу. Анан ошол киши кийинчерээк Жергез суусуна тактай тилгич – пилорама курдурган. Анда электр, машине дегенден эч нерсе жок. Ошол тактай тилгичти көпкө чейин пайдаланып жүрүштү. Кийин совет учурунда жок кылып коюшту. Суунун күчү менен өйдө карай эки араа жогору көтөрүлүп, кайра түшүп, көтөрүлүп-түшүп иштеп атчу. Ушинтип тактай тилчү. Жанагы кампаларды салдырып аткан, элге үй курулуш ушул жерден даярдалчу.

Ал киши дагы бир комплекс салдырган. Анын ичинде уйкана, аткана, койкана жана башкалар, устаканасы бар болчу. Баары бар эле. Ушинтип эмгек кылган киши. Кийин ал киши көтөрүлүп облЗО болуп кетти. Кошуна турчу эле.

...тигилер айдап баратканда атын токтото калып, Бакир деген баласын эңип ала коюп: “Мен келем, ыйлаба!” деп кетти.
С. Дубанбаев

ОблЗО болуп кеткенден кийин 1938-жылы, анда мен алты жашта элем. Эки атчан киши келди, күздүн күнү дың сууп калган кез эле. Жанында кылычы бар, орустар да. Жонунда мылтык асынып жүрүшөт. Төбөсүндө таарга окшогон шоңшойгон немеси бар, тумак. Көзүмө көрүнүп турат, ошол баш кийимине кызыл жылдыз тагып алыптыр. Анан ары жакта эки жер там кеңсе бар эле.

Аялы Чөнтөк деген киши, мени менен теңтуш Бакир деген баласы бар эле. Үчөөбүз бардык, тиги кишини алып барды. Анан бирдеме-бирдеме дешти да кагаз жаздырды. Анан алдыга салып айдап кетти. Көрсө бул жанагы “Туран” партиясынын мүчөсү деп камалган экен. Тигилер кат жазган экен, караланган экен, көралбастык да.

Баласы ыйлап турат, тигилер айдап баратканда атын токтото калып, Бакир деген баласын эңип ала коюп: “Мен келем, ыйлаба!” деп кетти. Ошондой болду, “бат эле келем" деген, "мен эч кандай күнөө кылган эмесмин, ыйлабай тургула” деген. Нур деген 17ге чыгып калган баласы бар эле. Атам менен Нур артынан кетишти. Атчан Караколго алып кетишти.

Атам Караколго барып эртеси келди. “Эмне болду?” “Караколдогу түрмөгө камап ташташты”. Ошо бойдон жок болду. Ана келет жок, мына келет жок болду. Ушундай репрессия болгон.

“Азаттык”: Бала-чакасына кийин куугунтук болбодубу?

Сартбай Дубанбаев: Репрессия болгондон кийин атасы репрессия болсо үй-бүлөсү андан жаман кордуктарды көрүшөт да.

Муса Керимкуловдун артында калган балдарынан жалгыз Закелек эне ушу тапта 92нин чайын ичип, бала-чакасынын маңдайында. Атасы тууралуу билгендерин айтып отурган эненин кебин угалы.

Баарын алып барып аттырып...

Ак-Суунун Сары-Камыш айылынан Түптөгү кызынын үйүндө отурганын айтып, Закелек эне бала кезинде калган элес-булас окуялардын жибин чубады.

- Атам беш балалуу болгондон кийин айдалган, бешөө тең майда. Мен төрт жашка чыкканда бу Каракол совхозуна башкаруучу болуп көчүп барганыбыз эсимде. Ошол жерден шаарга көчүрүп барды. Караколдо эки кабат жерде иштечү, райЗО дейби. Андан Мыкан деген бай кишинин үйүндө турду, бай киши болчу. Андан атамы Ырдыкка жиберишти, Караколдон, "дунгандардын тилин билесиң" деп.

Караколдон Ырдыкка келип эки жыл отурдубу, селсебет болуп. Андан эле Кереге-Ташка селсебет кылып көчүрүп келди дагы. Мен эс тарткан убакта Кереге-Таштын мектебинде окудум. Атам селсебет.

Анан Караколдун түрмөсүндө эки ай кармап туруп эле, Караколдун башына, Жолголоттун башына алып барып, аң казып эле, ошол түрмөдөгү кишилердин баарын алып барып аттырып, тирүүсүн тирүүлөй көмдүбү, билбейм, көөмп салышыптыр.
Закелек Муса кызы

Кереге-Ташта эки жыл иштегенден кийин Кайырма-Арыкка башкарма кылып көчүрүп, айылыбызга келдик. Төркүнүм - Кайырма-Арык. Башкарма болуп турган. Бир күнү түн ичинде милициялар келип алып кетти. "Камайт экен" дешти. Ал иш козголгондо туугандарыбыз “качып тур, качып тур” дешсе “жок, мен качпаймын, партиямын” деп качпай, анан милициялар түн ичинде келип эле алып кетишкен.

Анан Караколдун түрмөсүндө эки ай кармап туруп эле, Караколдун башына, Жолголоттун башына алып барып, аң казып эле, ошол түрмөдөгү кишилердин баарын алып барып аттырып, тирүүсүн тирүүлөй көмдүбү, билбейм, көөмп салышыптыр. Кийин менин бир тууганым атамдын артынан издеп түрмөсүнө барган.

Ошол кийин изилдетип, жанагы Сталин (жазалагандар) акталгандан кийин изилдетип, Москвага жазып, антип-минтип, бул анан архивден чыкты. Биздин Ак-Суудан эле архивден чыкты. Ошол алып барып атып салыптыр. Ошол бир тууганым аспирантурада окуп атканда изилдетти. Далайды көрдү, “контурдун баласы” деп аны дагы... Мени деле, кийин иштеп, Сары-Камышка күйөөгө келип, бул жерде иштеп атсам, депутат кылышса, “бул депутат болбойт, контурдун кызы” деп мага да далайды көрсөтүштү.

Анан антип-минтип акталгандан кийин жакшы болуп калды. Жакшынакай бир тууганым илимдин кандидаты болуп турганда, кырк экисинде өлүп калды. Андан кийин эмне болгонун билбейм. Изилдеткен киши жок. Ал бир тууганым энеме пенсияны көбөйтүп берем дечү. Ал өлгөндөн кийин энем үй алды. Өлгөнүнө, атылганына карап үй берди, канча акча берди.

Пенсиясын бербесе койсун. Токсон экидемин, айланайын, билгеним ошол.

Ташкенден окуп, Алматыдан окуп келген. Атам өзү жетим калган экен. Тирикарак болуп жүрүп ошентип атылып кетти. Анын коюлган жайын да көргөнүбүз жок.

Энебиз жакында өлдү. Мени тарбиялап, окутуп, күйөөгө берип, келин алып дегендей. Тирүү киши алтын аяктан суу ичет экен. Кулагым да укпай калды. Ким болсоң да аман бол, менин жашыма жетип.

Апам беш бала төрөгөндөн кийин эле үч жаштан кичине, атам ошентип атылып кетпедиби. Энебиз ошол балдардын баарын тарбиялады. Азыр бир туугандардан эки эркек эле, экөө тең кайтыш болуп кетти. Үчөө кыз эле, экөө кайтыш болуп кетти. Бала-чакасын эсептесек жүзгө жетет го, аларды эсептеген киши жок.

Менин эки кызым бар, ошолордон тараган чөбөрөлөр жыйырмага жетти. Азыр неберем багып турат, чөбөрөлөрүм жанымда. Бир туугандарымдын балдар-кыздары көбөйүп, жакшы жашап жатышат. Жаш убагым болсо, баарын айтып берет элем. Кайырма-Арыктагы Сартбайга баарын айтып бердим эле. Сүрөтүн бергем Кайырма-Арыкка.

Мен да убагында Түпкө чейин депутат болуп катуу иштеп, азыр пениядамын, пенсиям бар. Балдарым да жакшы багып атат. Андан башка эмне дейм? Көп сөз бар эле. Кулагым өзү эле таш болуп калды.

Мен эле калдым Мусадан. Төртөө кайтыш болуп кетишти. Балдары келип турушат, "сексенге чыктың, токсонго чыктың" деп. Жаман эмес, жакшы эле. Өлгөн өз шору, атылып кеткен өз шору. Аркы дүйнөдө бейиште жүрсө керек, атам байкуш. Андан башка эмне дейм?

Коопсуздук кызматынын архивинде сакталып калган кылмыш иштерине баам таштаган адам 1930-жылдардагы репрессия курмандыктарына РСФСР Кылмыш-жаза кодексинин 58-беренесинин 10-бөлүгүн гана колдонушканын байкабай койбойт.

Бир нече бөлүкчөлөрдөн турган ичи кенен бул берене боюнча совет бийлигине каршы иш-аракет жүргүзгөн, бийликти жаманатты кылган, кайсы бир фашисттик мамлекеттин пайдасына тыңчылык кылган, совет бийлигин кулатууга аракет кылган сындуу айыптуулардын тагдыры чечилген. Камакка алуу, атуу өкүмү жалгыз беренеге байланып чыгарылган.

Айып канчалык айран-таң калтыргыдай, ойдон табылган опсуз болсо да сурактагылар кыйноо, ур-токмокторго чыдабай макул болуп, колун коюп беришкен. Мына ушул ажал конвейерине айланган РСФСР Кылмыш-жаза кодексинин 58-беренесинин 10-бөлүгү совет бийлиги менен кошо жок болду окшойт.

А бирок анын айынан Кыргызстанда 40 миңге жакын адам атылып, камалып, сүргүнгө айдалып, жакындары кысмакка алынып, кодуланып келди.

Муса Керимкуловдун тагдыры да мына ушул кандуу жазалоонун капканына туш келип, ак жеринен атылып, үй-бүлөсү, жакындары куугунтукталып, арадан жыйырма жыл өткөндөн кийин акталды.

Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Кайырма-Арык айылында өткөндү эскерүү максатында, кыргыз элинин бир кылым илгерки тарыхындагы эң оор учурду чагылдырган Үркүн музейи түзүлгөн.

Айылдын жигердүү тургундары сталиндик репрессия курмандыктары тууралуу маалыматтарды да чогултушууда. Муса Керимкулов сындуу ак жеринен катаал жазага туш келген кайрандарды эстеп, алардын жасаган иштерин кийинки муунга айта жүрүү аракети кийинки жылдары аз-аздан жанданууда.

Редакциядан: Муса Керимкуловдун сүрөтүн жакын арада кошумча жарыялайбыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG