Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:56

Мадрид Каталония полициясын өз көзөмөлүнө алды


Ушул тапта Испания курамындагы Каталония аймагы төбөлсүздүк боюнча референдумга даярдык көрүүдө. Автономду аймактык мындай аракетин расмий Мадрид каршылыгын билдирип келет. Борбордук бийлик төбөлсүздүк идеясын көтөргөн айрым аткаминерлерди камакка алды.

Референдумга каршы чыккан Испаниянын борбордук бийлиги Каталониянын аймактык полициясын өз көзөмөлүнө алды. Мындан ары жергиликтүү полициячылар Ички иштер министрлигине баш ийет.

Автономиялык аймактын жетекчилери көз карандысыздык боюнча 1-октябрдагы референдумдун улагасындагы Мадриддин мындай чечимине каршы болушууда. Каталониянын Испаниядан бөлүнүшүн жактагандар жергиликтүүлөрдү нааразылык акцияларына чыгууга үндөштү. Бул кадам Испаниядагы саясий кризисти дагы курчутту.

Борбордук бийликтин Каталониядагы өкүлү Энрик Миллонун айтымында, жергиликтүү полиция кызматкерлери коопсуздукту камсыздоону уланта беришет.

- Каталония полициясы өз ишин улантып, калктын коопсуздугун камсыздоону уланта берет. Бирок эми аларга Жарандык гвардия жана Улуттук полиция да көмөктөшөт. Ал эми алардын аракеттерин Ички иштер министрлиги координациялайт.

Ал эми Каталониянын аймактык ички иштер департаментинин катчысы Жоаким Форн жергиликтүү полиция борбордун бул буйругуна баш ийбей турганын билдирди:

- Биз борбордук өкмөттүн бул чечимин кескин сындайбыз. Жергиликтүү бийлик мамлекеттин кийлигишүүсүнө каршы, анткени Мадрид аймактагы коопсуздукту сактоодогу укуктук негиздерди эске алган жок. Бийлик министрлик аркылуу Каталония полициясын башкарууну көздөп жатат, бул кабыл алынгыс деп эсептейм.

Мыйзам боюнча, өкмөт биргелешкен операцияларды жүргүзүү үчүн автономия полициясын өз карамагына алууга укугу бар.

1-октбярга белгиленген референдумдун алдында киргизилип жаткан жаңычылдыктарга жергиликтүү тургундар да нааразы болушууда. Бөлүнүүнү жактаган бир нече кыймылдын активисттери жекшембиде Барселонанын борборунда нааразылык акциясына чыгышты.

Барселонанын тургуну Жоан Мартинес:

- Мен Испания өкмөтү кабыл алган чараларды такыр колдобойм, анткени биздин өзүбүздүн регламент бар жана ал сакталышы зарыл. Мен бул чечимге каршы чыгып жаткан Каталония полициясын колдойм. Адилеттик менен саясий суроолорду аралыштырбоо керек.

Чөлкөмдүн төбөлсүздүгүн жактаган партиялар басымдуулук кылган Каталония парламенти, аймактын Испаниядан бөлүнүүсүнө жол ачкан мыйзамды сентябрдын башында кабыл алышкан. Борбордук бийлик бул мыйзамды дароо четке кагып, Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой кескин билдирүү жасаган.

- Ал жакта референдум болбойт. Силер канчалык өжөрлөнгөн сайын, ошончолук каталониялыктарга да, испандыктарга да зыян алып келип жатасыңар. Испан демократиясынын күчүн баалабай жатасыңар. Испан демократиясы абдан күчтүү, ал эми испандар улуу эл.

Мындан соң өлкөнүн Конституциялык соту Каталониянын парламенти кабыл алган мыйзамды жокко чыгарды.

Ошондой эле Испания полициясы облус өкмөтүнүн 13 мүчөсүн камакка алынганы маалым болду. Ушул жылдын июль айында өткөрүлгөн соңку сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, автономия калкынын дээрлик жарымы өз алдынчалыкты колдошсо, калганы каршы экенин билдирген.

Каталония облусунда 2014-жылы да аймактын көз карандысыздыгы боюнча символикалык добуш берүү өткөн. Ага калк анчалык жигердүү катышпаганына карабай Каталониянын лидерлери референдумдун жыйынтыгын жеңиш катары баалады.

Каталондор Испаниядагы жалпы калктын 16% түзөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG