Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:00

Үндөн озгон скайдрайвер


Феликс Баумгартнер жерге ийгиликтүү конду.
Феликс Баумгартнер жерге ийгиликтүү конду.

Австриялык парашютчу Феликс Баумгартнер көктөн жерди көздөй шумкардай шумкуп, кадимки үндүн ылдамдыгынан дагы тез учту. Адистер 39 миң метр эгизден же стратосферанын жогорку катмарынан учууну “жакынкы космостон секирүү” деп аташат.

Скайдрайвер же абада сүзүүчү 39 450 метр бийиктиктен жерди көздөй саатына 1342 чакырым ылдамдыкта шумкуп учту. Рекорддук учууну дүйнөдө 10 миллиондон ашуун адамы мониторинг алдында мамырап көрүп турду. Феликс Баумгартнердин стратосферанын жогорку катмарынан секирүүсү - кишинин организминин экстремалдык шартта иштөөсү жана космостук кемелер асманга көтөрүлүп баратканда кабылчу кырсыктардан астронавтарды сактоонун жолдорун жакшыртат.

Феликс Баумгартнердин сөзүнө караганда, ал 39 чакырым бийиктиктен жерди карай куштай шумкуп түшүп келатканда, рекорд жаратам деп ойломок түгүл, эч нерсени сезген эмес.

-Мен дүйнөнүн төбөсүндө турганымда ушунчалык мусапыр болуп калдым десеңиз, жаңы рекорд койгонду, илимий ачылышка маалымат чогултканды ойлободум. Бир эле нерсени - тирүү кайтсам деп тиледим. Себеби ата-энеңдин жана дос кызыңдын көз алдында, бардык эл сени карап турганда өлгүң келбейт да. Мына ушул нерселер мен үчүн асманда турганымда маанилүү болду."

Анткен менен 43 жаштагы австриялык скайвайдер же абада сүзүүчү үч дүйнөлүк рекорд койду.

Феликс Баумгартнер шар менен 39 000 метр бийиктиктен учуп түштү. Буга чейинки рекордду 52 жыл мурда америкалык Жозеф Кинттенжер койгон. Ал 31 300 метрден секирип, ылдамдыгы саатына 988 километрге чейин жеткен. Эл аралык аэронавтика федерациясынын өкүлүнүн билдиришинче, ал саатына 1342,8 км ылдамдыкта учуп, үндүн ылдамдыгынан озгон биринчи адам болду. Үндүн орточо ылдамдыгы 1100 км/саатка барабар.

Феликс мырза хайтек заманына таандык дагы бир рекордго огожо болду. Скайдрайвердин 39 чакырым эгиздеги аэростаттан секиргенин YouTube порталынан 8 миллион чамалуу адам түз эфирде көрүп жатты. Ал жерге аман-эсен түшөр замат Фэйсбукка жайгаштырылган скайвайдер учуп бараткан сүрөттү алгачкы 40 мүнөттө 216 миң киши көчүрүп алды. 10 миңден ашуун комментарий жазылды.

Адистер 39 миң метр эгизден же стратосферанын жогорку катмарынан учууну “жакынкы космостон секирүү” деп аташат. Абасы суюк бул мейкиндиктен учуу адамдын өмүрү үчүн коркунучтуу. Эмне үчүн? Физика илимдеринин доктору, профессор Миталип Таировдун түшүндүрүшүнчө:

- Физика илиминде "сүрүлүү" деген кубулуш бар. Ал аба катмарындагы нерселердин кыймылы учурунда нерсе менен аба ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн негизинде пайда болот. Ошондуктан, аба катмарынын төмөн болушу, б.а., тыгыздыгынын төмөн болуусу - кыймылдагы нерсенин, мисалы космостук кемеби же адам кийген скафандра менен сүрүлүүсү, ал нерсенин температурасынын кескин жогорулашына алып келет. Ошон үчүн ар кандай планета же космостук асман телосу жердин атмосферасына кирип жатканда, ушундай сүрүлүү температураны жогорулатып, ал өзү күйүп кетиши мүмкүн. Табиятта мындай кубулуштар өтө көп кездешет. Мисалы жердин атмосферасына кирип бараткан космостон келген асман телосу күйүп, көп бөлүгү жерге жетпей жок болуп кетет. Жогорку ылдамдыкта келаткан телонун мына ушул абалы илимде абдан коркунучтуу деп саналат.

Эгерде скайдрайвер түшүп келаткандагы алгачкы отуз секундда шумкуган абалын жоготсо, тегирмен ташындай өз огунда айланып калмак. Кокус атайын тигилген 200 миң долларлык скафандрасында кемтиги болсо, “кайнаган суудай каны кайнап” эсин жоготмок.

Аба ырайына байланыштуу бул саякат көп жолу артка жылдырылды. Шамалдан улам бийиктиги 55 кабат үйдөй болгон аэростаттын кумпасын жайып, аны гель менен үйлөп толтуруу мүмкүн болбой жатты. Дүйнөдөгү эң чоң аэростат жерден 39 км бийиктикке 2 саат 16 мүнөттө көтөрүлдү.

39 миң метр бийиктеги аба шарынан секирген кайбар жигит Кошмо Штаттардын Нью Мексика штатындагы чөлгө түштү. Ал абанын кысымынан майып болуп калбас үчүн атайын тигилген костюм кийип алган эле.

Түпсүз көктөн секирүүнү уюштуруучулардын айтышынча, Баумгартнер жерге 9 мүнөттөн бир аз өтүп түшсө, ал парашютун ачканга чейинки төрт мүнөт 20 секундда аткан октой эркин учту жана жерге 1,5 км калганда гана парашютту ачты.
Феликс Баумгартнердин сыйкырдуу саякаты (видео англис тилинде)

Үндөн озгон Феликс
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:55 0:00

Коркуу дегенди билбеген жолборс жүрөк Баумгартнер бул кызыктуу сапарга 7 жыл даярданган. 2500 жолу түрдүү бийиктиктерден, анын ичинде мурда Куала Лумпурдагы Петронас мунарасынан жана Бразилиянын Рио-де-Женейро шаарындагы Иса куткаруучунун эстелигинин төбөсүнөн парашютта секирген.

-"Бул жол буга чейин мен секирген жолдордун эң татаалы болду деп ойлойм",- дейт абада сүзүүчү скайдрайвер.

Феликс Баумгартнердин рекорддук саякаты маалында 1960-жылы көктөн секирип, рекорд койгон 84 жаштагы Жозеф Кинттенжер аны менен такай байланышта болду.

Бул укмуштуудай саякатты жанга кубат кошчу суусундуктарды жасачу Red Bull компаниясы каржылады.
XS
SM
MD
LG